Меню навигации+

Д.Т. Сайимованын Х.Ш. Кадырованын кызыкчылыгындагы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы аныктамасына даттануусун кароо жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

04.12.2017

Д.Т. Сайимованын Х.Ш. Кадырованын кызыкчылыгында 2017-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 184-беренесинин укук колдонуусу жана түшүндүрмөсү конституциялуу эмес жана Конституциянын 20-беренесине карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы 2017-жылдын 16-октябрында өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарышкан.

 

Д.Т. Сайимова судьялар коллегиясынын аныктамасы менен макул болбостон, Конституциялык палатага даттануу менен келип, кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алууну суранган. Д.Т. Сайимованын Х.Ш. Кадырованын кызыкчылыгында Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 16-октябрындагы № 54 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун карап чыгып, 2017-жылдын 4-декабрында аны канааттандыруусуз калтырган.

 

Мында Конституциялык палата арыздануучунун кайрылуусундагы талаптардын караштуулугу жок экендиги жөнүндө судьялар коллегиясынын тыянактарынын негиздүүлүгүн белгилеген, анткени соттордун укук колдонуучулук тажрыйбасы жана мыйзам ченемдеринин түшүндүрмөсү конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болушу мүмкүн эмес.

 

Ошондой эле, Конституциялык палата ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясынын күчүнө карай алардын конституциялуу эместиги тууралуу күмөндүүлүктү туудурган аргументтер болгондо гана алардын конституциялуулугу жөнүндө маселе коюлушу мүмкүн экендигин белгилеген. Бирок, арыздануучу тарабынан талашылып жаткан ченемдер тинтүү же алуу жүргүзүү жөнүндө сот тарабынан кабыл алынып жаткан чечимди кабыл алууда адамдардын катышуу маселесин жөнгө салбайт. Ушуга байланыштуу, арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдери Конституцияга карама-каршы келет деп келтирген жүйөлөрү Жазык-процесстик кодекстин 184-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугунда күмөндүүлүктү ырастаган укуктук аргументтер катары карылышы мүмкүн эмес.