Меню навигации+

БУУѲП өнөктөштөрүнө 2015-жыл үчүн жыйынтыкты берди

08.12.2015

Бишкекте 8-декабрда БУУѲПтун 2015-жыл үчүн «Демократиялык башкаруу» программасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын жана 2016-жылга боло турган иш-чаралардын планын талкуулоо боюнча жыл сайын өтүүчү жолугушуу болду.

 

Иш-чарада 2015-жылдан кийинки туруктуу өнүгүү тармагындагы максаттардын, Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУѲП) ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын кыскача баяны жана анын түзүмү  сунушталды.

 

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары катышышты. Конституциялык палатанын Төрагасы М. Касымалиев өзүнүн саламдашуу сөзүндө Европа бирлигинин, Венеция комиссиясынын жана Кыргыз Республикасында БУУѲПтун Кыргыз Республикасынын конституциялык көзөмөл институтун бекемдөөдө жана жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы кошкон зор салымын баса белгилеп өттү.

 

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык палатанын судья-катчысы Чинара Айдарбекова Кыргыз Республикасынын БУУѲП командасына Конституциялык палатага көргөзгөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жетишкен ийгиликтерди белгилеп өттү.

 

Эске сала кетсек, эки жылга эсептелген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоор 2013-жылы ноябрь айында башталып,   2015-жылы ноябрь айында аяктады. Долбоор Европа бирлигинин тарабынан каржыланып, БУУѲП тарабынан ишке ашырылган. Долбоордун башкы максаты: Кыргызстандын элине Кыргыз Республикасында туруктуулукту бекемдөө жана укуктун үстѳмдүгүн бекемдөөгө, конституциялык баланстын тутумун түзүү жана Конституция аркылуу кепилденген укуктар менен эркиндиктерди институционалдык, укуктук, техникалык жана финансылык жардам берүү аркылуу коргоого жардам берүү.