Меню навигации+

ПРООН өнөктөштөрү менен 2014-жыл боюнча “Демократиялык башкаруу” багытындагы долбоорлордун натыйжаларын талкуулады

13.11.2014

Кыргызстандагы БУУнун Ѳнүктүрүү программасы (ПРООН) улуттук жана эл аралык өнөктөштөрү менен координациялык жолугушуулардын биринчисин өткөрдү. Жолугушууда 2014-жылдагы долбоорлордун негизги натыйжалары, ошондой эле “Демократиялык башкаруу” багыты боюнча мындан аркы аракеттердин планы талкууланды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын потенциалын бекемдөө, социалдык акыйкаттыкка жетишүү үчүн ыктыярдуу башкарууну алга жылдыруу, Конституциялык палатаны колдоо, мамлекеттик  казынанын тунуктугун камсыз кылуу, укуктун үстѳмдүгүн алга жылдыруу жана башка сегиз долбоор боюнча натыйжалар сунушталды. ПРООНдун өнөктөштөрү жандуу талкуулоонун жүрүшүндө жылдын натыйжасын жана кийинки жылга пландарды, өз пикирлерин жана каалоолорун билдиришти.

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы ПРООНдун колдоосу менен өтө көп нерсеге жетишти. Негизинен, биздин жаңы вебсайт айкындуулук принцибин ишке ашырууга чындап жардам берет, анда жарандар Палатанын ишинин жүрүшүн көрө алышат. Жарандык коом жана ММКлар менен иштөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүүдѳбүз” – деп белгиледи Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Төрагасы Мукамбет Касымалиев.

 

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучулары ПРООНдун 2014-2017-жылга карата глобалдуу Стратегиялык пландары менен таанышышты, анда динамикалуу өзгөрүп жаткан жашоодо дагы майнаптуу иштөө үчүн ПРООН кандай жаңы мамилелерди колдоно тургандыгын баяндады.

 

“Корпоративдик деңгээлде БУУнун Ѳнүктүрүү программасы өз программалары менен долбоорлорун оптималдаштыруу үчүн реформа жүргүзүп жатат. Мындай кайра куруулар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп туруусу керек. Бул чыныгы натыйжаларды баалоого мүмкүндүк берет. Бул реформанын жүрүшүндө чыгымдарды азайтуу жана кайра дислоцикациялоо чечимдери кабыл алынды. Бул бизге программанын натыйжаларына дагы басым коюуга мүмкүндүк берет, ” – деп,  Кыргызстандагы ПРООНдун ишинин жалпы багытына байланыштуу Александр Аванесов айтып берди.

 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Президенттин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, башка мамлекеттик курамдары, жарандык жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.