Меню навигации+

КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүн эн мыкты чагылдыруу боюнча журналисттер арасында республикалык сынак

15.12.2015

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ЖМК жана интернет басылмаларынын журналисттери арасында Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдыруу боюнча сынак жарыялайт.

 

Сынактын максаты

Жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ маалымдуулугун жогорулатууга жардам берүү.

 

Бул сынак Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулукка жеткиликтүү маалымат берүү менен камсыз кылууда ЖМК  мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу үчүн жүргүзүлүүдө.

 

 Сынактын шарттары

Сынакка республикалык жана жергиликтүү газеталардын, телерадиокомпаниялардын, ошондой эле маалымат агенттиктеринин кызматкерлери катыша алышат.

Сынактын жеңүүчүлѳрү телекѳрсѳтүү, радио, басма жана интернет басылмалардын ар бири боюнча аныкталат.

Бир автордон материалдардын саны жана сынактык иштердин көлөмү чектелбейт.

 

Материалдар кандай түрдѳ алынат?

Теле-радио материалдар видеого же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана материал жѳнүндѳ төмөнү кыскача маалыматтар гана жөнөтүлөт: эфирге чыккан күнү, темасы, хронометражы, автор жѳнүндѳ;

Газета жана журналга чыккан публикациялар (макалалар) pdf же jpeg форматына сканерленип, публикациянын жарыяланган күнү, темасы жана автор жѳнүндѳгү маалыматтары менен электрондук почта аркылуу уюштуруучуларга жөнөтүлүшү керек;

Интернет-басылмаларда иштеген журналисттер өздөрүнүн интернеттеги материалдарынын шилтемдерин гана жөнөтүшөт.

 

Публикацияларды (макалаларды) баалоо критерийлери

  • Материалдын сынакка берилген темага шайкеш келиши

• Теманын актуалдуулугу жана тереңдиги

• Баяндоонун аргументтешкендиги жана объективдүүлүгү

• Тилдин көркөмдүгү, тактыгы, жеткиликтүүлүгү

• Ар тараптуу, оригиналдуу мамиле

• Материалдардын социалдык маанилүүлүгү

 

 Сынактын жыйынтыктарын чыгаруу жана жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

Жеңүүчүлѳрдү судьялардан жана авторитеттүү, тажрыйбалуу медиа адистерден турган комиссия аныктайт.

Ар бир номинацияда жеңүүчү болуп бир материал тандалат.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо 2016-жылдын май айынын башында Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнѳ карата өткѳрүлөт.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат.

Конституциялык палата сынактык иштерди андан ары колдонууга, анын ичинде авторду сөзсүз түрдө көргөзүү менен аларды жарыялоого укук алат.

 

Номинациялар:

  • Мыкты ТВ материал

• Мыкты радиоматериал

• Басма сөздөгү мыкты материал

• Интернет-басылмалардагы мыкты материал

 

 Кантип жѳнѳтүү керек?

Анкетаны жана сынактык иштерди жѳнѳтүү үчүн электрондук почтанын дареги: info@constsot.kg

Кошумча маалымат жана суроолор боюнча телефон:0312 66 07 83 Назгуль Нурбекова

 

Дедлайн

Сынактык материалдарды кабыл алуунун акыркы мѳѳнѳтү 2016-жылдын 30-апрели