Меню навигации+

Конституциялык палатанын өнүгүүсүнүн потенциалын баалоонун натыйжалары

23.10.2014

22-октябрда Конституциялык палатанын имаратында «Интерактив» консалтинг борбору тарабынан даярдалган «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өнүгүүсүнүн потенциалын баалоонун натыйжалары тууралуу» презентация болуп өттү.
 

Конституциялык палатанын кызматкерлеринин алдында Борбордун жетекчиси, башкаруу боюнча консультант, бизнес-тренер, психолог жана коуч Михаил Мунькин чыгып сөз сүйлөдү, ал катышуучуларга документтердин анализин, терең интервью жана судьялар менен кызматкерлердин арасындагы анкетаны камтыган изилдөөнүн натыйжалары жѳнүндѳ айтып берди.

 

Презентацияда Конституциялык палатанын жалпы ишмердүүлүгүнө, курамдык бөлүктөрүнѳ, окуудагы керектөөлөргѳ жана бизнес-жүрүмдөргө баа берилди.

 

Бул учурда баалоого басым Конституциялык палатанын кызматкерлеринин керектөөлөрүнө жасалды, себеби Конституциялык палатанын ишинин майнаптуулугун жогорулатууда алардын ролу маанилүү.

 

Иш чарада, ошондой эле жетекчиликтин кызматкерлер менен өз ара мамилесинин өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маселе каралды, анда катышуучулар жетекчилер кызматкерлерден эмнени каалаганын билүүгө аракет кылышты, буга кантип жетишүүгө болот, кызматкердин майнаптуулугун жогорку деңгээлге жеткирип, жакшы иштөөсүнѳ эмне жолтоо болушу мүмкүн, жана башка маселелер каралды.

 

Белгилей кетүү керек, бул иш чара «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө көмөк көргөзүү» долбоорунун алкагында Конституциялык палатанын суроосу боюнча өткөрүлдү, ал Европа Биримдиги тарабынан каржыланат жана ПРООН тарабынан ишке ашырылат. Ѳз ишмердүүлүгүнүн майнаптуулугун жогорулатуу үчүн адам ресурстарынын потенциалына карата мындай изилдөө Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигинин тарыхында биринчи жолу конституциялык көзөмөл органынын демилгеси менен өткөрүлдү.