Меню навигации+

Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлор боюнча Долбоордук Жетектөөчү Комитеттин жыйналышы өткөрүлдү

12.03.2014

Бүгүн 12-мартта, Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлор боюнча Долбоордук Жетектөөчү Комитеттин жыйналышы өткөрүлдү. Жолугушууга төрага Мукамбет Касымалиев башында турган Конституциялык палатанын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Европа Союзунун өкүлү Клаудия Хок, Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясынын өкүлү Светлана Анисимова, БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын өкүлү Эркин Касыбеков жана долбоордун башка катышуучулары катышты.

 

Жыйналыштын жүрүшүндө Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясынын, БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын өкүлдөрү 2013-жылдын ноябрь айынан баштап 2014-жылдын февраль айына чейин аткарылган иштерге отчет беришип, 2014-жылга болгон иш планын беришти.

 

Өз кезегинде Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев Европа Кеңешинин Венециандык комиссиясынын, БУУнун Ѳнүктүрүү программасынын өкүлдөрүн Конституциялык палатанын түзүлүшү жана бекемделишинин жүрүшүндө кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын белгилеп кетти жана бул долбоор Кыргыз Республикасынын конституциялык көзөмөлүнүн андан аркы өнүгүшүнө күч берип жаткандыгын белгиледи.

 

Эскертебиз, 18 айга эсептелген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоого багытталган долбоор 2013-жылдын ноябрь айында башталган. Долбоор Европа Союзу тарабынан каржыланат жана БУУнун Ѳнүктүрүү программасы тарабынан ишке ашырылат Долбоордун башкы максаты: Кыргызстандын элине Кыргыз Республикасында стабилдүүлүктү жана укуктун жогору болуусун бекемдөөдѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү, институционалдык, укуктук, техникалык жана каржылай колдоо аркылуу Конституция менен кепилденген укуктарды жана эркиндиктерди коргоо жана конституциялык баланстык системасын түзүүгө жардам берүү.

IMG_0714

IMG_0715

IMG_0718