Меню навигации+

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) аппаратынын кызматкерлери Конституционализм мектебине катышып келишти

24.04.2017

 20-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында Конституциялык палата “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен бирге КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппарат кызматкерлери үчүн Конституционализм мектебин өткөрүштү.

 

Конституционализм мектеби катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмерлиги жөнүндө, кайрылууну берүү жана конституциялык сот өндүрүшүнө катышуу тартиби жөнүндө билим деңгээлин көтөрүү максатында өткөрүлгөн.

 

Конституциялык палата жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык кайрылуу субъектилеринин бири болуп КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) саналат.

 

Иш-чаранын катышуучулары алдында Конституциялык палатанын судьялары жана анын кызматкерлери чыгып сөз сүйлөштү, алар конституциялык сот өндүрүшүнүн ар кандай стадияларында Акыйкатчынын жана анын өкүлдөрүнүн катышуу формалары, Конституциялык палатанын мамлекеттик органдар тутумунда Конституциялык палатанын ролу жана орду, чечимдерди кабыл алууда Конституциялык палата колдонуучу укуктук принциптер, ошондой эле Конституциялык палатанын актылары жана алардын аткарылуусу жөнүндө айтып беришти.

 

Мектептин практикалык бөлүгү жагында мектептин катышуучулары Конституциялык палатага кайрылууну даярдоо көндүмдөрдүн үйрөнүп алышты, кайрылууда кеңири таралган каталарды эске алууну үйрөнүштү.

 

Учурдагы жылдын 28-29-апрель күндөрү ушул сыяктуу иш-чараны жергиликтүү соттор үчүн да өткөрүүнү пландаштырылууда.