Меню навигации+

Конституциялык палатанын жана Жогорку сотунун судьялары Кыргыз Республикасындагы заманбап баскычтагы конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн ролун талкуулашты

11.11.2015

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ушул жылдын 6-ноябрында «Кыргыз Республикасындагы заманбап баскычтагы конституциялык сот адилеттүүлүгү» темасында тегерек стол уюштурду, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьялары жана Кыргыз Республикасындагы БУУѲПтун өкүлдөрү катышты.

 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Конституциялык палатанын Төрагасы М. Касымалиев бул иш-чара Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда сот бийлигинин эки институтун жакындаштыруу максатын көздөй тургандыгын белгиледи.

 

Өз кезегинде, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Ф. Джамашева балким бул тегерек стол кечигип өткөрүлүп жатышы да мүмкүн деп айтты.

 

«Бизде талкуулай турган маселелер абдан көп, анткени биз Конституциялык палатага кайрылуучу субъектилер болуп саналабыз жана бизге өз ара аракеттенишүү зарыл. Бүгүн мен Кыргыз Республикасында конституциялык сот өндүрүшүн мындан ары өнүктүрүү үчүн шарт түзө турган көйгөйлүү маселелерди карайбыз деген үмүтүмдү билдиремин»,-деп белгиледи ал.

 

Тегерек столдун жүрүшүндө Конституциялык палатанын судьялары өзүнүн кесиптештерине конституциялык сот өндүрүшүндө Конституциялык палата иштерди карап жаткан учурда колдоно турган тең ченемдүүлүгүн, соттук активдүүлүктүн принциптерин пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн жана аң-сезимдүү конституциялуулукту аныктоо тууралуу, саясий маселелердин доктринасын айтып беришти.

 

Ошондой эле тегерек столдо Конституциялык палатага Кыргыз Республикасынын судьяларынын кайрылуу тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маселе каралды. Судья Ч. Осмонова Жогорку соттун судьяларынын алдында чыгып сүйлөп жатып, судьялардын суроо-талаптары боюнча иштерди кароо – бул Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кирген башка соттор менен конституциялык сот өндүрүшү тармагындагы өз ара аракеттенишүүсүн камсыздаган маанилүү багыт экендигин белгиледи.

 

«Эгерде Конституциялык палатанын судьялардын суроо-талаптары боюнча тажрыйбасына көз жүгүртө турган болсок, анда Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү башталган учурдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 23 суроо-талап келип түшкөн. Алардын ичинен өндүрүшкө 13ү кабыл алынып, өндүрүшкө кабыл алуудан 8 суроо-талапка баш тартылган, 2 суроо-талап кайта кайтарылган. Конституциялык палатанын судьялардын суроо-талаптарын кабыл алуудан алар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө конституциялык Мыйзамынын талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу баш тарткандыгын белгилеп кетким келет»,-деп кошумчалады судья Осмонова.

 

Конституциялык палатанын судьялары ошондой эле Конституциялык палатанын чечимдеринин юридикалык күчү жана алардын аткарылышы тууралуу дагы сүйлөштү.

 

Төраганын орун басары Э. Мамыров, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалыматты жана келип түшкөн кайрылуулардын жана каралган иштердин статистикасын келтирүү менен, бүгүнкү күндө конституциялык көзөмөлдөө органы мурда болуп көрбөгөндөй абдан активдүү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи.

 

«Андан тышкары биз өзүбүздүн институционалдык өнүгүүбүз үчүн бардык аракеттерибизди жумшап жатабыз. Биз Конституциялык палатанын 2020-жылга чейинки Өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыктык, Конституциялык палатанын жылдык баяндамасы чыгарылды, веб-сайт иштелип чыкты жана толук баалуу иштеп жатат, ченем чыгаруучу органдардын, ММКлар, БӨУлардын өкүлдөрү, адвокаттар үчүн конституционализмдин жайкы мектептери өткөрүлдү, бир катар эл аралык конференциялар өткөрүлүп, электрондук иш өндүрүшү киргизилди»,-дейт Э. Мамыров.

 

Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьялары пикир алмашты жана мындан ары мындай иш-чараларды сот адилеттигин жөнөтүүнүн маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн өткөрүүнү сунушташты.

 

Тегерек стол БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоордун алкагында уюштурулгандыгын белгилей кетмекчибиз.