Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары келечектеги дипломаттар жана окутуучулар үчүн мейман лекцияларын өткөрүштү

27.04.2017










Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Чолпон Осмонова жана Чинара Айдарбекова К.Дикамбаев атындагы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студентери үчүн мейман лекцияларын өткөрүштү.

 

Мейман лекциялары 5-майда белгиленип турган Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өткөрүлдү.

 

Лекцияда судьялар Конституциянын мамлекеттин, коомдун жана инсандын турмушундагы мааниси, Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча орган катары Конституциялык палатанын ролу жана орду тууралуу айтып беришти. Судьялар Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарына жана кабыл алынган айрым чечимдерине кеңири токтолушту. Лекцияны аягында студенттер Конституциялык палата жөнүндө чакан тасма көрүштү.

 

Студенттер лекторлорго суроолорду активдүү беришип, Конституциялык палатанын жана сот бийлигинин бүтүндөй ишмерлигинин айрым аспектилерине кызыгуусун арттырып турушту.

 

Ушул иш-чараны улантып, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын, Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери үчүн да мейман лекциялары пландаштырууда.

 

Эскерте кетүүчү нерсе, Конституциялык палатанын судьялары ушул сыяктуу окутуучу иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата жылыга өткөрүшүүдө.