Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары Нарын жана Ыссык-Көл областынын судьяларына конституциялык контролдоо органдарынын чечимдеринин укуктук табияты жөнүндө айтып беришти

01.06.2019

Учурдагы жылдын 1-июнунда Ыссык-Көл областынын Бостери айылында «Конституциялык палатанын чечимдери укук булагы катары» темасында семинар болуп өттү.

 

Семинар «Адилет» укуктук клиникасы» КФ тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан конституциялык сот адилеттиги боюнча долбоордун колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулган.

 

Бул семинар Конституциялык палатанын чечимдеринин укуктук табиятын түшүндүрүү максатында өлкөнүн белгиленген  региондорунун жергиликтүү соттору үчүн өткөрүлгөн. Конституциялык палатанын судьялары семинардын катышуучуларына Конституциялык палатанын мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда орду жана ролу, анын чечимдеринин юридикалык күчү, Конституциялык палатанын чечимдеринин аткарылуу тартиби, ошондой эле эгер конкреттүү ишти чечүүдө  конституциялуулугу күмөндүүлүктү туудурган мыйзамдарды же башка ЧУАларды колдонууга тийиш болгондо алардын конституциялуулугун текшерүү тууралуу Конституциялык палатага судьялардын суроо-талап менен кайрылуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти.

 

Жалпысынан көрсөтүлгөн иш-чарага Нарын жана Ыссык-Көл областтарынын 19 судьясы катышты.