Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьяларына квалификациялык класстар ыйгарылды

22.07.2016

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-июлундагы № 163 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык Конституциялык палатанын судьялары К.Абдиевге жана К.Киргизбаевге жогорку квалификациялык класс ыйгарылды.

 

Судьялар Ч. Айдарбековага, М.Бобукеевага, Э.Осконбаевге жана Ж.Саалаевге биринчи квалификациялык класс ыйгарылды.

 

«Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык судьяларга ээлеген кызматтарына, судьянын кызматындагы иштеген стажына, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатына, тартибинин кынтыксыздыгына жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.

 

Квалификациялык класстар төмөндөгүчө бөлүнөт:

– бешинчи квалификациялык класс;

– төртүнчү квалификациялык класс;

– үчүнчү квалификациялык класс;

– экинчи квалификациялык класс;

– биринчи квалификациялык класс;

– жогорку квалификациялык класс.

 

Судьяларга квалификациялык класстар Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.