Меню навигации+

Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин конституциялык юрисдикцияларынын конференциясы түзүлдү

27.04.2022

2022-жылдын 27-апрелинде Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Негизги укуктарды жана эркиндиктерди коргоо жаатында Конституцияны чечмелөө» темасында эл аралык конференция ишин аяктады.

Конференция катышуунун аралаш режиминде 26 өлкөнүн конституциялык жана Жогорку сотторунун төрагаларынын жана судьяларынын катышуусунда өттү.

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза катышты.

Конференциянын алкагында Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун негизделгенинин 60 жылдыгына карата Конституциялык соттун имаратында конституциялык тарых галереясынын расмий ачылышы болду.

Конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы конференциянын катышуучуларына катышканы үчүн, баяндамачылардын сүйлөгөн сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди жана бардык катышуучулар өз кезегинде конференциянын жогорку деңгээлин, уюштуруу жана конференциянын темасынын актуалдуулугун бир добуштан белгилешти.

Ошондой эле, конференциянын алкагында иш-чаранын акыркы күнүндө Түрк мамлекеттеринин Уюмуна мүчө мамлекеттердин Конституциялык сотторунун/кеңештеринин жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу болуп өттү, анын жыйынтыгында Стамбул декларациясы кабыл алынды. Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин конституциялык юрисдикцияларынын конференциясын түзүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Бул көз карандысыз форумду түзүүнүн негизги максаты - түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүндө конституциялык сот өндүрүшү жана мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча кыйла натыйжалуу пикир жана тажрыйба алмашуу.