Меню навигации+

Адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн колдоо аркылуу укукту өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар

29.06.2015

2015-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын анын төрагасы Мукамбет Касымалиевдин жетекчилиги башында адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ Регионалдык Өкүлүнүн милдетин аткаруучу – Элизабет да Коста турган адам укугу боюнча БУУнун Жогорку Комиссарынын Борбордук Азиядагы Башкармалыгы үчүн Регионалдык бөлүмдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы конституциялык сот адилеттигинин азыркы өнүгүүсүнүн маселелери талкууланды.

 

Конституциялык палатанын төрагасы М. Касымалиев адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ өкүлдөрүн Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүндөгү процедуралык аспектилер жѳнүндѳ маалымат берди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы М. Касымалиев Конституциялык палата менен адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ өз ара мамилелери мындан ары да бекемдеп, өнүгө бере тургандыгына ишенимин билдирди, жана Конституциялык палата менен адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ бирдиктүү максатты – адам менен жарандын укугун жана эркиндигин камсыз кылуу жана коргоону көздөй тургандыгын белгилеп өттү.

 

Конституциялык палатанын катчы-судьясы Ч. Айдарбекова Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, БУУѲПтун жана Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясынын программалары тарабынан ишке ашырылып жаткан Конституциялык палатанын институционалдык колдоосунун жакшы тажрыйбасы жѳнүндѳ маалымаат берип өттү. Бул долбоордун алкагында Конституциялык палатанын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыккан, ал адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ менен биргелешип кызматташуусунун багыттарынын бири болуп калышы ыктымал, негизинен адам укугу жана эл аралык стандарттар маселелеринде Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн тренингдерди уюштуруу жана консультативдик жардам көргөзүү тармагында.

 

Кызматташуу механизми катары Конституциялык палата менен адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ ортосунда кызматташуу жѳнүндѳгү Меморандум түзүү сунушталды. Кызматташуу механизмдеринин дагы бири, Конституциялык палатанын катчы-судьясы Ч. Айдарбекова адам укугу маселелерин ММК, ӨЭУ өкүлдөрү, юристтер, илимий чөйрөлөр, ошондой эле Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери үчүн конституционалдуулук жайкы мектебинин алкагында чагылдырыла тургандыгын белгиледи.

 

Өз кезегинде, адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ Регионалдык Өкүлүнүн милдетин аткаруучу – Элизабет да Коста Конституциялык палатанын жемиштүү ишмердүүлүгүн жогору баалады жана адам укугу боюнча БУУнун ЖКБ Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн колдоо аркылуу укукту өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилеп кетти, жана, буга байланыштуу Конституциялык палатанын майнаптуу ишмердүүлүгүн камсыз кылууда колдоо көргөзөөрүн белгиледи.