Меню навигации+

Бишкекте «Мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мааниси жана ролу» темасында тегерек стол өттү

16.11.2015

13-14-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КР ЖС Конституциялык палатасынын судьяларынын, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУѲПтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда КР ЖС Конституциялык палатасынын мааниси жана ролу» темасында тегерек стол өттү.

 

Тегерек столдун биринчи күнүнүн жүрүшүндө Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперти, Латвиянын Конституциялык сотунун экс-төрагасы, юридика илимдеринин доктору Айвар Эндзиньш катышуучуларга конституциялык көзөмөл органдарынын тарыхый өнүгүүсү жѳнүндѳ айтып берди. Башка эл аралык эксперт, Молдаванын мурдагы юстиция министри, доцент, укук доктору Владимир Гросу укуктук мамлекетте конституциялык сот менен парламенттин өз ара мамилелери темасындагы доклады менен чыкты.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын Төрагасы Мукамбет Касымалиев мамлекеттик бийлик органдары тутумундагы КР ЖС Конституциялык палатасынын ролу жана мааниси, Конституциялык палатанын укуктук статусу жѳнүндѳ айтып өттү.

 

Тегерек столду улантып, Конституциялык палатанын судьялары катышуучуларга конституциялык сот өндүрүшүнүн негизги принциптери жѳнүндѳ айтып берди, Палата чечимдерди кабыл алуу учурунда, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу да аларга таянып иш алып барат. Эл аралык эксперттер дагы өз мамлекеттериндеги конституциялык соттордун чечимдеринин аткарылуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

 

Тегерек стол Европа бирлиги тарабынан каржыланган, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана БУУѲПтун тарабынан ишке ашырылган КР ЖС Конституциялык палатасынын колдоо боюнча долбоордун алкагында уюштурулду.