Меню навигации+

Жалпы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн Конституциялык палатада сыйлашты

06.05.2021

Бүгүн Конституциялык палатада «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» аттуу жалпы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чара Баткен областындагы акыркы окуялардан курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүүдөн башталды. Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Баткен областында каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, бул региондон жабыр тарткандарга тез сакайып кетүүлөрүн каалап кетти.Төрага Конституциялык палатанын судьяларын, Аппарат кызматкерлерин жана сынактын жеңүүчүлөрүн КР Конституциясынын күнү менен да куттуктады. Ал Конституциянын жаңы редакциясында Конституциялык палата Конституциялык сот болуп өзгөрүшүнө жогорку баа берип, бул укуктук жана демократиялык мамлекетти сактоодо жана бекемдөөдө абдан маанилүү кепилдик экенин белгиледи.

Андан ары студенттер арасындагы ар жылдык республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сынак ар бир кыргызстандыктын турмушунда Баш Мыйзамдын ролун жана маанисин ачкан мыкты эсселерди жана видеороликтерди аныктоо максатында Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдөө боюнча USAID/IDLO программасынын техникалык колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан өткөрүлдү.

Сынактын жүрүшүндө 65 иш келип түштү, алардын ичинен 61 эссе жана 4 видео, баалоонун жыйынтыгы боюнча I орун Борбордук Азиядагы Америка университетинин 2-курсунун студенти Э.А. Насипкуловага; II орун «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин 4-курсунун студенти Б.У. Курманбековго; III орун «Ала-Тоо» эл аралык университетинин 3-курсунун студенти С.Н. Аркабаевге ыйгарылды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.