Меню навигации+

Ташкентте «Демократиялык укуктук мамлекетти курууда Конституциянын ролу жана мааниси» темасындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү

03.12.2017

2017-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Ж.И. Саалаев Өзбекистан Республикасынын Конституциясынын 25-жылдыгына арналган «Демократиялык укуктук мамлекетти курууда Конституциянын ролу жана мааниси» темасындагы илимий-практикалык конференциясына катышып келди. Конференцияда Жедигер Саалаев «Кыргыз Республикасынын Конституциясы – парламентаризмди орнотуунун негизи» темасында баяндама жасады.

 

Конференцияга конституциялык контролдоо органдарынын өкүлдөрү - Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын жана Европа өлкөлөрүнүн мүчөлөрү, ошондой эле Өзбекистанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Иш-чарага парламенттин мүчөлөрү, соттук жана укук коргоо органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун, илимий мекемелердин жана республиканын жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты.