Меню навигации+

Судьялардын эл аралык конференциясы: «Бүткүл дүйнөлүк Мыйзам жана балдарды келечек муунду коргоо үчүн натыйжалуу глобалдык башкаруу»

22.12.2014

2014-жылдын 10-16 декабрында Лакноу шаарында (Индия) “Бүткүл дүйнөлүк мыйзам жана бүт дүйнөдөгү балдарды коргоо үчүн натыйжалуу глобалдык башкаруу” деген аталыштагы Монтессори шаардык мектеби тарабынан уюштурулган 15 – Судьялардын эл аралык конференциясы болуп өттү. Бул мектеп, эң көп мектеп окуучулары окуган мектеп катары Гиннестин рекорддор китебине кирген (азыркы учурда 47000 ден ашык окуучу окуйт) жана 2002-жылы тынчтык билим берүүсү үчүн ЮНЕСКОнун сыйлыгы менен сыйланган жалгыз мектеп.

 

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан судья Осмонова Чолпон Омоковна чакырылып, ага катышып келди.

 

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар тынчтык жана биримдик маданиятын калыптандыруу маселелерин, укуктун үстѳмдүгүн орнотуу, Эл аралык сот тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык ченемдерди аткаруу, балдардын жана аялдардын укугу, гендердик теңчилик, БУУнун реформалары, аймактык жана эл аралык террорчулук, этникалык жана жарандык согуштар, ядролук куралсыздандыруу, эл аралык сот активдүүлүгү, эл аралык укук менен ички мыйзамдын шайкештиги маселелерин талкуулашты.

 

Жыл сайын өтүүчү бул конференциянын башкы максаты эл аралык процессти жакшыртуу, бүт адамзаттын, өзгөчө дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык балдарынын жана келечек муунунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн глобалдуу тынчтык жана биримдик атмосферасын түзүү болуп саналат. Бул максат дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин сот бийлигинин өкүлдөрүнүн бүт дүйнөдө олуттуулук менен кабыл алынууга милдеттүү болгон жамааттык добушун камсыз кылуу менен ишке ашырылмакчы.

 

Андан сырткары, Индияга болгон иш сапардын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары Раджгхатедеги Махатма Гандинин эстелигине гүл коюшту (Нью-Дели), Аграда жайгашкан Тадж-Махал мавзолей-музейине жана башка тарыхый маанидеги эстеликтерге барышты.