Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Мамыровдун Европа Кенешинин (Венециялык комиссия) укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын региондук кызматташуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси С.Кузнецов баш болгон делегациясы менен жолугушуусу

26.07.2017

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Э.Мамыровдун Европа Кенешинин (Венециялык комиссия) укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын региондук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси С.Кузнецов баш болгон делегациясы менен жолугушуусу өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда конституциялык адилеттүүлүктү өнүктүрүү боюнча суроолорду талкуулашты, айрыкча алар Конституциялык палатаны колдоого багытталган орток долбоорлорду ишке ашыруудагы суроолорго токтолушту.
Конституциялык палатанын төрагасы Венециялык комиссиянын өкүлдөрүнө алардын колдоосу үчүн жана жемиштүү кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстанда конституциялык контролдоо институтун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө ушундай кызматташууну улантуу зарылчылыгын белгиледи.
Өз кезегинде, С.Кузнецов Европа Союзу тарабынан каржыланган, БУУОП жана Европа Кенешинин Венеция Кеңеши тарабынан ишке ашырылган 2015-жылы ийгиликтүү аяктаган долбоордун негизинде Конституциялык палатанын институционалдык колдоосунун оң тажрыйбасын белгилеп кетти.
Кыргызстанда конституциялык контролдун жаралуусуна жана өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болгон чогуу кызматташуунун жемиштүү тажрыйбасын бийик баалоо менен Венеция комиссиясынын региондук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Конституциялык палатаны колдоо менен укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызыкчылыгын билдирди. Ошол себептен, Конституциялык палатанын эффективдүү ишин камсыздоо үчүн туруктуу колдоо көрсөтүүгө Венеция комиссиясынын умтулуусу билдирилди, атайын долбоорлор же программалар жок болсо дагы. Ошондой эле, тараптар мындай колдоо боюнча чогуу кызматташуунун болжолдуу багыттарын, Кыргызстанда конституционализмдин ар жылдык Жайкы мектептерин, конституциялык адилеттүүлүк боюнча улуттук жана эл аралык конференцияларды уюштурууда кызматташууну белгилешти.
Андан тышкары, 2017-жылдын 11-сентябрынан 14-сентябрына чейин Вильнюс шаарында (Литва Республикасы) өтө турган конституциялык адилеттүүлүк боюнча Дүйнөлүк 4-Конгрессинде Конституциялык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу, ошондой эле ушул эле жылдын октябрь айында Венецияда өткөрүлүүчү Венеция комиссиянын 112-Пленардык сессиясында Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров Венеция комиссиясынын мүчөсүнүн орун басары катары катышуусу талкууланды.