Меню навигации+

Европа Парламентинин депутаттарынын делегациясы менен жолугушуу

10.04.2015

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасында башында анын төрагасы Мукамбет Касымалиев турган судьялары Европа Парламентинин депутаттары Ивета Григуле, Татьяна Жданок, Ричард Чарнецки, Марк Тарабелла жана Эмил Радев кирген делегациясы жана Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Мукамбет Касымалиев жолугушуу учурунда Конституциялык палатанын алдында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоонун маанилүү маселелери тургандыгын белгиледи. Бул маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын колдоосу менен Европа Союзу тарабынан каржыланган жана БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор маанилүү колдоо көрсөтүүдө. Бул долбоорлордун алкактарында Конституциялык палатанын расмий сайты түзүлүп жана ишке киргизилди, «Конституциялык соттордун чечимдерин конституциялык сот адилеттигинин натыйжалуулугунун кепилдиги катары аткаруу» темасында эл аралык конференция өткөрүлүп, коомчулуктун Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү тууралуу билимдерин жогорулатуу үчүн конституциялык сот өндүрүшүнүн маселелери боюнча бир катар жолугушуулар уюштурулду, ММК, БӨУнүн өкүлдөрү, юристтер, илимий чөйрөлөр, ошондой эле Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери үчүн конституционализмдин жайкы каникулдары өткөрүлдү. Судьялардан жана аппараттын кызматкерлеринен турган делегация Германия, Австрия, Молдова, Латвия, Испания жана Адам укуктары боюнча Европалык соттун конституциялык сотторунда болушту.

 

Конституциялык палатанын төрагасы колдоо көрсөткөндүгү жана Конституциялык палата менен кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан ары жемиштүү кызматташабыз деген үмүтүн билдирди.

 

Өз кезегинде Европа парламентинин депутаттарынан турган делегация Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн жогору баалады жана анын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүнү мындан ары дагы камсыздай тургандыгына ишендирип кетти.

 

 

IMG_78171