Меню навигации+

Европа Союзунун делегаттары менен жолугушуу

09.04.2014

2014-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында ЕС тышкы алакалар Кызматы Департаментинин директору Элизабет Тисон башында турган Европа Союзунун делегаттары менен Конституциялык палатанын төрагасы М. Касымалиев жана Конституциялык палатанын судьяларынын жолугушуусу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы М. Касымалиев Конституциялык палатанын аппаратынын кызматкерлери жана судьяларынын атынан Европа Союзунун өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына келгендиги үчүн жана соттук конституциялык көзөмөлдүн жогорку институту катары Конституциялык палатанын өнүгүшү жана бекемделиши үчүн кошкон орчундуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди, Европа Союзу менен Конституциялык палатанын тыгыз кызматташуусу мындан ары да улана берээрине терең ишенээрин айтты. Негизинен, М. Касымалиев Европа Союзунун долбоорлорунун жардамы менен Молдава, Румыния, Хорватиядан келген эксперттердин катышуусу менен бир катар семинарлар жана тренингдер өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Өзүнүн жооп катары айтылган сөзүндө, делегациянын башчысы Э. Тисон Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде баалады жана мындан аркы иштерине ийгилик каалады, Европа Союзу Кыргыз Республикасынын тиешелүү институттары менен кызматташуусун уланта берээрин жана алардын эффективдүү ишмердүүлүгүн камсыздоодо колдоо көрсѳтөөрүн белгиледи.

EC-20

EC-11