Меню навигации+

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушуу

19.01.2015

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыровдун Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы конституциялык сот адилеттигинин өнүгүү маселелерин талкуулашты, өзгөчө алар Конституциялык палатаны колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга токтолушту.

 

Эркинбек Мамыров өз сөзүндө, Конституциялык палатанын алдында коомду конституциялаштыруу, адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин коргоо жана камсыз кылуу боюнча маанилүү милдеттер турганын белгилеп өттү. Жана ушул оңой эмес милдеттерди аткарууда, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоорлордун жардамы маанилүү экендигин белгиледи. Бул долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Конституциялык палатанын расмий сайты түзүлүп, ишке киргизилди, «Конституциялык соттордун чечимдерин аткаруу конституциялык сот адилеттигинин кепилдиги катары» темасында эл аралык конференция, конституциялык сот өндүрүшүнүн маселелери боюнча бир катар эксперттик жолугушуулар өткөрүлдү, Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулуктун билимин жогорулатуу үчүн ММК, ӨЭУ өкүлдөрү, юристтер, илимий чөйрөлөр, ошондой эле Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн конституциялуулуктун жайкы мектептери уюштурулду, судьялар менен аппарат кызматкерлеринен турган делегация Германия менен Австриянын, Молдованын, Латвиянын, Испаниянын Конституциялык сотторуна жана Адам укуктары боюнча европа сотуна барып келишти, биринчи «Конституциялык палатанын Жарчысы» жарыяланды.

 

Учурдан пайдаланып, Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Европа Биримдигин жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн колдоосу жана кызматташуусу үчүн, Конституциялык палатанын бекемделишине жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтты жана бул долбоорлордун ишке ашырылуучу мөөнөттөрү узартылат деген үмүтүн билдирип өттү.

 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн Башчысы Чезаре Де Монтис, Европа Биримдиги Конституциялык палатага колдоо көргөзүүнү сактап калууга жана аны күчөтүүгө кызыкдар экенин, Европа Биримдигинин Венеция Комиссиясы жана ПРООН менен бирдикте бул маселени сөзсүз карап чыгаарын айтып өттү.

 

Эске алсак, 18 айга эсептелген КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоорлор 2013-жылдын ноябрь айында иштеп башташкан. Долбоорлор Европа Биримдиги тарабынан каржыланат, ПРООН жана Европа Биримдигинин Венеция комиссиясы тарабынан ишке ашырылат: Кыргызстандын элине Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгүн жана туруктуулугун бекемдетүүдө, конституциялык тең салмак тутумун түзүүдө жана Конституция тарабынан кепилденген укуктар менен эркиндиктерди коргоодо институционалдык, техникалык жана каржылай колдоо көргөзүү аркылуу жардам берет.

 

IMG_7392

IMG_7370