Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьялары Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттери менен конституциялык соттун чечимдеринин жүйөөлөшкөн бөлүгүн даярдоо маселелерин талкуулашты

13.05.2015

11-майда Бишкекте КР ЖС Конституциялык палатасынын кызматкерлери жана судьялары үчүн конституциялык соттордун чечимдеринин жүйөөлөшкөн бөлүгүн даярдоо жана колдонуу боюнча семинар болуп өттү.

 

 

Семинардын катышуучуларынын алдында Хорватиянын конституциялык сотунун судьясы Славица Банич, Нидерландиянын Жогорку сотунун мурдагы судьясы, адам укугу боюнча Европа сотунун мурдагы судьясы Вильгельмина Томассен, Франциянын Конституциялык кеңешинин мурдагы мүчөсү Жаклин Дэ Гилленшмит, Бельгиядагы Левен Универститетинин укук факультетинин эмпирикалык юриспруденциясынын башчысы, профессор Артур Дьевр сыяктуу Венеция Комиссиясынын эл аралык эксперттери чыгып сөз сүйлөштү. Чыгып сүйлөгөндөрдүн бардыгы өз өлкөлөрүндө алдыңкы констиционалисттер, мамлекеттик курулуштун белгилүү юрист-теориячылары жана практиктери болуп саналышат.

 

 

Ошентип, семинардын жүрүшүндө эл аралык эксперттер өз кесиптештерине конституциялык соттордун чечимдеринин жүйөөлөшкөн бөлүгүн даярдоодогу өз тажрыйбалары жѳнүндѳ айтып беришти, бардыгы конституциялык соттордун чечимдери мыйзам чыгаруучу органдарга да, карапайым тургундарга да түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу керек деп билдиришти. «Мыйзам чыгаруучулар алардын актысы эмнеге жокко чыгарылгандыгын түүшүнүшү керек, ал эми муну үчүн алар аргументтешкен болушу керек, талашка түшкөн ченемдер конституциялык ченемдерге туура киргизилиши керек, өз кезегинде конституциялык ченемдер туура интерпретацияланып, бул учурда эл аралык укуктарга шилтем келтирилиш керек», – деди Жаклин Дэ Гилленшмит.

 
«Чечим эки учтуу маанилүү болбошу керек. Биз өз практикабызда укук эксперттери менен маселелерди талкуулап жатабыз, сот укуктук жүйөөнү колдонушу керек»,- деп белгиледи Вильгельмина Томассен.

 

 

Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Артур Дьевр, сапаттуу чечимдерди чыгаруу үчүн сот биринчи кезекте аудиторияна түшүнө билиши керек, жана кимге карата чечим чыгарып жатса, ошолорго өз чечимин ишенимдүү жеткире билиши керек экенин белгилеп өттү. Семинардын жүрүшүндө, катышуучулар өз суроолорун активдүү беришип, эксперттер менен чечимдерди даярдоо жана аткарууда аларды кызыктырган учурларды талкуулашты.

 
Семинар КР ЖС Конституциялык палатасынын колдоосу менен, Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, ПРООН менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында уюштурулду.