Меню навигации+

Бишкекте укуктун үстѳмдүлүгүн камсыз кылуудагы конституциялык көзөмөлдүн ролун талкуулашты

13.05.2015

12 майда ПРООН менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы чет элдик конституциялык соттордун судьялары, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, юристтер менен биргелешип, мамлекеттин жашоосундагы сот өндүрүшүнүн, саясий тутумдун, коомдун, өзүнчө жарандын маанисин, укуктун үстѳмдүлүгүн жана бийликти бөлүштүрүүүдө, конституциялык соттордун күчүн, курамын жана конституциялык сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда конституциялык көзөмөлдүн ролун талкуулашты.

 

Эл аралык эксперттер, демократияны куруу үчүн укуктун үстѳмдүлүгүн кармоо өтө маанилүү экенин белгилеп өтүштү, ага күчтүү жана көз карандысыз конституциялык сотторсуз жетишүүгө мүмкүн эмес.

 

 

«Алар мамлекеттин башкы органы болуп эсептелет жана адам укугунун күзөтүндө, аны коргоп турушу керек,- деди Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын ѳкүлү Светлана Анисимова. – Соттор көзөмөлдөнбөшү керек жана бийликтин аткаруу бутагы тарабынан кысымга алынбашы керек. Судьялар кысым көргөзүүнүн бардык аракеттерине каршы турушу керек».

 

«Бийликти бөлүштүрүүдө жана укуктун үстѳмдүлүгүндѳ конституциялык соттордун ролу» темасы боюнча чыгып сүйлөгөн сөзүндө, Хорватиянын конституциялык сотунун судьясы Славица Банич, укуктун үстѳмдүлүгүнѳ барчу жолдо бийликтин бөлүштүрүүнүн компромисстик эмес принциби жана соттордун көз карандысыздыгы маанилүү фактор болуп саналаарын белгилеп өттү, ал бийликтин жалгыз институттун бийликтин тартып алышынын алдын алат.

 

«Конституциялык соттун чечимдеринин күчү» секциясында эл аралык жана жергиликтүү адистер саясий органдар тарабынан конституциялык соттордун чечимдерин сыйлоо зарылдыгын, ошондой эле саясий эрк менен институттардын ролу, чечимдерди аткарууну жакшыртууну камсыз кылуу максатында жарандарды кабардар кылып туруу зарылдыгы жѳнүндѳ маселелерди козгошту.
«Конституциялык соттор тарабынан чечим чыгарылган мезгилде, позициянын тактыгы жана жеткиликтүүлүгү маанилүү, адамдар түшүнүп, бул чечимди колдонушу керек. Судьялар өз чечимдерине түшүндүрмө бере алышы керек, судьялар өз чечимдери аркылуу жарандарды өзүнүн тууралыгына ишендире алышы керек, анткени ал коомчулук тарабынан колдоо табышы керек», – деп белгиледи өзүнүн бет ачарында Бельгиядан келген, Левен атындагы Университеттин укук факультетинин башчысы, профессор Артур Дьевр.

 

Конституциялык соттордун күчү жѳнүндѳ теманы талкуулагандан кийин, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын катчы-судьясы «Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы» деген темада доклад окуду.
Азыркы учурда аткарылууга тийиш болгон 16 чечимдин ичинен 2013-жылы чыгарылган 3 чечим, 2014-жылы чыгарылган 1 чечим аткарылган. Калган 12 чечим жумушчу топторду түзүү, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, мыйзам долбоорлорун парламент тараптан кароо түрүндө аткарылуу стадиясында турат.
«Предмети КР Өкмөтүнүн чечимдери болгон КП чечимдерин аткаруу аз эле убакытты талап кылат, ага байланыштуу Өкмөттүн чечимдерин кабыл алуу оперативдик тартипте болушу керек. Аталган убакыттын ичинде мындай 1 гана чечим бар, – деп белгиледи Чинара Айдарбекова. – ЖК тарабынан демилгеленген, КП чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору, Ѳкмөт тарабынан даярдалган мыйзам долбоорлоруна караганда тезирээк кабыл алынат. Бул Өкмөттүн ЖК га мыйзам долбоорлорун киргизүү жол-жобосунун татаалдыгы менен байланыштуу. Палатанын ишмердүүлүгү учурунда мындай 2 чечим бар».
Аткаруу убагында актыларды кабыл алууга керек болгон, мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылган чечимдер жайыраак аткарылат. Ошондой эле жазык сот өндүрүшүнө караштуу болгон Конституциялык палатанын чечимдери да жай аткарылат, бул Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын иштелип жаткандыгына байланыштуу.
«Конституциялык соттун сот актыларын аткаруу механизминин жоктугу мыйзамдуулуктун талаптарынын бузулушуна жана буга окшогон аткарбай коюу үчүн жоопкерчиликтин башталышына алып келиши мүмкүн» – деп белгиледи КП катчы-судьясы Чинара Айдарбекова.
Ошол эле убакта, ал, мыйзам чыгаруу органдары, соттор жана башка органдар тарабынан Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу маселесинде айрым бир позитивдүү динамиканын болуп жаткандыгын белгилеп өттү.

 

Конституциялык көзөмөлдүн негизги функцияларынан башка да, эксперттер иштин ички механизмдерин карашкан: жарандардын конституциялык сотторго кайрылуу тартиби, отурумдарга катышуу жана анын ишмердүүлүгүнө көз салуу, кайрылуулар боюнча чечим чыгаруусуна жана аны жүйөөлөштүрүүсүнө байкоо салуу.

 

«Укуктун үстѳмдүлүгүн камсыз кылуудагы конституциялык көзөмөлдүн ролу» тегерек столу Конституциялык палата, ПРООН менен Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы тарабынан Европа Кеңеши тарабынан каржыланып жаткан КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасын колдоо боюнча долбоордун алкагында өткөрүлдү.

 

Конференцияга Венеция комиссиясынын делегаттары – өз өлкөлөрүндө алдыңкы конституционалисттер, мамлекеттик курулуштагы белгилүү юрист-теориячы жана практик болуп саналышкан Хорватия, Нидерландия, Бельгия жана Франциядан келген комиссиялардын мүчөлөрү, Жогорку Кенештин депутаттары, Президенттик Аппараттын, сот тутумунун, КР Өкмөтүнүн, Башкы Прокуратуранын, жарандык коомдун, илимий коомдоштуктун, эл аралык уюмдардын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышышты.