Меню навигации+

Конституциялык палата журналисттер үчүн конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү

07.07.2015

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ЕБ жана БУУѲПтун долбоору менен бирдикте 3—6-июлда өлкөнүн алдыңкы ЖМКларынын 30 дан ашык журналисттери үчүн конституционализмдин жайкы мектебин өткөрдү.

 

Үч күндүн аралыгында кабарчылар Конституциянын бардык аспектилери боюнча мазмундуу курсту өтүштү: демократиялык коомдо Негизги мыйзамдын ролу жана мааниси, жарандардын конституциялык укугун коргоодо КР ЖС Конституциялык палатасынын орду, КП иштөө курамы, анын чечимдери жана анын ишмердүүлүгүндөгү башка өзгөчөлүктөр.

 

Мындан сырткары, Конституциялык палатанын судьялары БУУѲПтун эксперттери жана медиа-адистер менен бирге Конституция, Конституциялык палата, анын отурумдарына байланышкан маселелердин өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ, ошондой эле жарандардын көп сандаган кайрылууларын кароонун натыйжалары боюнча судьялар менен чыгарылган чечимдерди жеткиликтүү жана туура түшүндүрүп берүү жѳнүндѳ кенен айтып беришти.

 

КР ЖС Конституциялык палатанын катчы-судьясы Чинара Айдарбекова, журналисттер үчүн конституционализмдин жайкы мектебинин максаты КПнын, алар аркылуу коом сот органынын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ кеңири маалымат алып жаткан ЖМК журналисттери менен тыгыз кызматташууну жөнгө салуу, жарандарга дагы жакыныраак болуу экенин айтып өттү.

 

«Биздин өлкөдө мүмкүн болушунча элдин көбү Конституциялык палатанын иши жѳнүндѳ билиши, биз жѳнүндѳ кызыктуу маалыматты алышы жана өздөрүнүн конституциялык укуктарын мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдаланышы абдан маанилүү, — деп белгиледи Жайкы мектептин катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөгөн Чинара Айдарбекова. — Биз ЖМК менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдарбыз, алар аркылуу конституциялык сот адилеттигинин идеяларын жеткиргибиз келет».

 

Журналисттер үчүн конституционализмдин жайкы мектеби ЕБ тарабынан каржыланып, БУУѲПтун тарабынан ишке ашырылып жаткан «КР ЖС Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүн колдоо» долбоору менен бирдикте уюштурулган.

 

Бул долбоордун алкагында Конституциялык палата ЕБ жана БУУѲП менен бирдикте өлкөнүн жашоосунда КП ролун күчөтүү, аны менен коомдун ортосунда үзүлгүс көпүрө куруу максатында тыгыз кызматташтыкты жүргүзүп, бир катар иш чараларды жана окутуучу семинарларды өткөрүүдө, деп белгиледи жогоруда аталган долбоордун менеджери Гульмира Маматкеримова.

 

«Долбоордун максаты – Кыргызстандагы укуктук үстѳмдүгүн бекемдөө, эл аралык стандарттарга ылайык өлкөдөгү конституционализмге жардам берүү. Конституциялык палата мамлекеттеги Конституциянын үзүлбѳгүндүксүз иштөөсүн камсыз кылып турган башкы институт болуп саналат, ал конституциялык түзүлүштү коргоп жана кайтарып турат, статусуна жана абалына карабастан, жарандар бирдиктүү эреже боюнча багынып, жашоосу керек, ал эми алардын маанилүүсү Конституция болуп саналат», — деп белгиледи Долбоордун менеджери Гульмира Маматкеримова.

 

Конституционализмдин жайкы мектебинин машыктыруучулары болуп КП судьялары Чинара Айдарбекова, Мээргүл Бобукеева, Жедигер Саалаев, медиа-машыктыруучу Гульнура Торалиева жана Конституциялык палатанын пресс-катчысы Назгуль Нурбекова чыгышты.

 

Талкуунун жүрүшүндө журналисттер, Конституциялык палатанын чечимдерин туура түшүнүп, жеткиликтүү түшүндүрүү баарынан кыйын экенин белгилеп өтүштү, анткени өзүнүн спецификасына ылайык, корутундулардын тексти жана стили Конституциянын ар кандай ченемдери жана беренелери, мыйзамдардын жана ЧУАнын шилтемдери, ошондой эле терминдер менен берилген.

 

Жайкы мектептин катышуучуларынын суроолорун жана каалоолорун эске алып, Конституциялык палатанын судьялары теориялык базадан сырткары журналисттерге өтүлгөн материалды практикалык тапшырмаларда бекемдөөгө жана мурда Конституциялык палатанын судьялары менен кабыл алынган ар кандай чечимдердин негизинде кеңири аудиторияга окула турган материалдарды даярдоосуна мүмкүндүк беришти.

 

Кабарчылар беш топко бөлүнүшүп, КП чечимдеринин тексттеринен маалыматтарды даярдоо тапшырмасын алышты. Тексттерди даярдагандан кийин, топтор өз иштерин беришип, Конституциялык палатанын судьялары, эксперттер, өз кесиптештери менен маалыматтарынын тигил же бул жерин жакшыртуу, күчөтүү, оңдоп коюу боюнча комментарийлерди, сунуштарды угушту. Журналисттер тренингдин мазмундуу, кызыктуу жана пайдалуу мазмунун белгилеп кетишти, анын убагында алар өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты жана Конституция, Конституциялык палатанын ролу, мамлекеттин жашоосундагы укуктун үстѳмдүгү жѳнүндѳ маанилүү нюанстарды биле алышты.

 

«Иш боюнча КП пресс-релиздерин көп карап чыгууга туура келет, ошондуктан аларды туура түшүнүп, бере алгым келет. Ошондой эле өзүмдүн кийнки жумушум үчүн пайдалуу маалыматтарды ала алдым, – деди өзүнүн таасирлери менен бөлүшкөн 24.kg маалымат агенттигинин кабарчысы Айзада Кутуева. — Конституциялык палатанын судьяларынын образы жакты. Алар өз иштеринин профессионалдары, ачык инсандар экен».

 

«Журналисттер үчүн тренинг пайдалуу болду, анткени бизге конституциялык сот өндүрүшүнүн негизги нюанстары жѳнүндѳ айтып беришти, — деди Азаттык радиосунун кабарчысы Жылдыс Ороспакова. —Акыркы убакта биз КП ишмердүүлүгү – келип түшкөн кайрылуулар жана чыгарылган чечимдер жѳнүндѳ маалымат менен көп иштешип жатабыз, алар коомдо кызуу талкууланып жатат, ошондуктан бул сот органынын иши тууралуу туура түшүнүк алуу абдан маанилүү».

 

Журналисттер үчүн Жайкы мектепте орус жана кыргыз тилдеринде Конституциялык палатанын видеобетачары болуп өттү.

 

Окутуунун акыркы күнү Конституциялык палатанын пресс-катчысы Назгуль Нурбекова ЖС Конституциялык палатасынын веб-сайтын көргөздү, анда ЖМК өкүлдөрү отурумдардын анонсторун, чечимдердин тексттерин жана Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ жана жалпы эле Конституция жѳнүндѳ кызыктыруучу маалыматтарды кантип таба алаары жѳнүндѳ көргөзүп, түшүндүрүп берди.

 

Конституциялык палатанын судьялары, буга окшогон журналисттер үчүн конституционализмдин Жайкы мектептери жыл сайын өтүүчү салт болуп калаарын, анда эки тарап бардык суроолорду талкуулашып, жооп таба алаарына, ошондой эле Кыргызстандагы конституциялык укуктун бекемдешине салым кошооруна ишеничин билдирип өттү.