Меню навигации+

Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн конституциялуулуктун жайкы мектеби ѳткѳрүлдү

22.07.2014

15-июлдан 18-июлга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде КР ЖС Конституциялык палатасы Европа Союзу жана ПРООНдун «КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам көргөзүү» долбоору менен биргеликте Конституциялык палатанын кызматкерлери үчүн алардын кесиптик потенциалын жогорулатуу үчүн конституциялуулуктун Жайкы мектебин өткөрүштү.

 

Иш чаранын катышуучуларынын алдына Конституциялык палатанын судьялары, Конституциялык палатанын Аппаратынын жетекчиси, конституциялуулук чөйрөсүндөгү эксперттер сөз сүйлөштү. Эксперттер Зайнидин Курманов жана Чынара Мусабекова катышуучуларга сот бийлигинин эволюциясы, мамлекеттин түзүлүшү жана өнүгүүсүндөгү Конституциянын негизги мыйзам катары мааниси жѳнүндѳ, эл аралык келишимдер менен Конституциянын шайкештигин, ошондой эле конституциялык экспертиза жүргүзүүнүн жана аналитикалык жазманы түзүүнүн эрежелерин айтып беришти.

 

Мектептин практикалык бөлүгүндө кызматкерлер Конституциялык палата тарабынан кабыл алынган жарандардын кайрылууларына аналитикалык жазмаларды даярдоо мүмкүндүгүнө ээ болушту.

 

Андан сырткары, иш чаранын жүрүшүндө Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлерине MS Office  боюнча бир жумалык курсту окуп бүткөндүгүн тастыктаган Маалыматтык технологиялардын Улуттук борборунун сертификаттары тапшырылды.

 

Эстетип кетсек, июнда Конституциялык  палата жана ЕС-ПРООН Долбоору Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ коомчулуктун билимин жогорулатуу жана ММКларда Конституциялык палатанын ишин чагылдырууну жакшыртуу максатында журналисттер, юристтер, эксперттер, ӨЭУнун өкүлдөрү, илимий чөйрө жана ЖОЖдор үчүн конституциялуулуктун Жайкы мектебин өткөрүшкөн.

 

IMG_4792

IMG_4869