Меню навигации+

Бишкекте эл аралык келишимдерге конституциялык контрол жүргүзүүнү талкуулашты (видео версиясы менен)

08.10.2015

Бишкекте Конституциялык палатанын калкасында эл аралык келишимдерин конституциялык көзөмөлдөө маселелери боюнча эл аралык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул Кыргызстандын дүйнөлүк коомдоштугуна, ар кандай келишимдик механизмдерине, биримдиктерге киргендигине байланыштуу мамлекеттеги жетишсиз иштелип чыга элек тема.

 

Эл аралык укукка болгон муктаждык адамзаттын интеграцияга жана кызматташууну өнүктүрүүгө болгон зарылдыгынан пайда болот. Эл аралык укуктун ченемдери дүйнөлүк коомдоштук үчүн ѳтѳ маанилүү, анткени алар жаңжалдарды алдын алуу үчүн кандайдыр бир калкан болуп турат, кубаттуу державалардын диктатурасын чектеп, мамлекеттердин эгемендик теңдигин таанытат, ички иштерге кийлигишүүсүнө тыюу салат.

 

Кыргыз Республикасы, эл аралык коомдоштуктун бир бөлүгү жана бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү болуу менен, чет мамлекеттер менен кызматташуусун бекемдеп, ар кандай келишимдер менен макулдашууларга кол коюп берет. Ошол эле учурда мындай ишмердүүлүк кандайдыр бир карама каршылыктарды да түзөт, алар эл аралык жана улуттук мыйзамдардын өз ара шайкештигин талап кылат.

 

Конференциянын катышуучулары ар кандай ѳлкѳлѳрдүн ушул тематика боюнча тажрыйбаларды карашты.

 

Конференцияда, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттеринен тышкары жергиликтүү укук коргоочу-эксперттер, Конституциялык палатанын судьялары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин аппаратынын, илимий чөйрөлөрдүн, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

 

Эл аралык конференцияны ачып жатып, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыров, Кыргызстанда эл аралык келишимдерге конституциялык көзөмөл жүргүзүү Конституциялык палатага жүктөлгөндүгүн баса белгиледи. Бирок, КП иштеп баштаган учурдан бери бул ыйгарым кайрылууларды жоболоштуруу боюнча кайрылып жаткан талаптарды аткарбоо түрүндө ишке ашырылган жок.

 

Аны менен бирге, алдын ала конституциялык көзөмөл эл аралык келишимдердин күчүнө киргизүүдө маанилүү этап болуп саналат, ал Конституция менен мүмкүн болуучу ар кандай карама каршылыктарды жок кылууга жана ар кандай жаңылыштыктарды кетирбөөгө мүмкүндүк берет. КП бул ыйгарымы жаңы болгондугун эске алып, буга окшогон тажрыйбасы бар мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу талапка ылайык болуп эсептелет.

 

«Ошондуктан, Конституциялык палата тарабынан эл аралык келишимдердин Конституцияга ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен, биз Венеция комиссиясынан өз тажрыйбасы менен бөлүшүүнү сурандык, анткени комиссиянын мүчө-мамлекеттеринде бул маселе боюнча чоң брэкграунд бар, жана биз бул тажрыйбаны мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардагы жергиликтүү адистер менен бирге талкуулайлы дегенбиз», — деп белгиледи Эркинбек Мамыров, жана көргөзгөн жардамы үчүн Венеция комиссиясына ыраазычылык билдирди.

 

Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору жана БУУѲПтун туруктуу өкүлү Александр Аванесов, келишим иштери боюнча мыйзамдарга көзөмөл жүргүзүүчү бардык жумуштар – абдан маанилүү иш экенин белгилеп өттү.

 

Мамлекетте кабыл алынган милдеттенмелерди түшүнүүсү, жана аларды аткаруусу абдан маанилүү. Бул эл аралык стандарттарга да кирет. Мындай экспертиза алардан алып коюу канчалык укуктуу экендигин түшүнүүгө жардам берет. Албетте, ар бир мамлекетте өзгөртүү киргизүүгө эгемендүү укугу бар, бирок алар жакшылап негизделген болушу керек жана башкысы – алар конституцияга да, эл аралык милдеттенмелерге да карама-каршы келбеши керек.

 

«Биз өз долбоорлорубуздун алкагында мындай талкуулар үчүн көп аянтча түзүп беребиз, — деп белгилеп өттү Александр Аванесов. – Менин оюмча, БУУѲП менен Европа Кеңешинин долбоору, күчүнө кире элек жана мамлекет жаңыдан түзүп жаткан эл аралык макулдашуулар менен келишимдерге конституциялык көзөмөл кылууга байланышкан маселелерди дагы тереңирээк жана кесипкѳй кароого мүмкүндүк берет. Алар күчүнө кирген кезде, баарын кайра артка кайтаруу кыйын болуп калат».

 

«Биздин ишибиз укуктун үстѳмдүгү, тигил же бул келишимдик укуктук макулдашуулардын конституциялуулугу, эл аралык болобу, улуттук болобу эксперттерди тартуу менен ар кандай документтерди экспертизалоо менен байланышкан»,- деп белгиледи Аванесов.

 

Светлана Анисимова, Венеция Комиссиясынын Катчылыгынан келген Борбордук Азия боюнча долбоорлордун менеджери, дүйнөлүк практикада эл аралык келишимдер менен улуттук мыйзамдарды шайкештөөнүн эки жолу бар экендигин айтты: бир мамлекеттерде келишимдер менен макулдашуулар аларды кабыл алгандан кийин автоматтык түрдө күчүнө кирет, башкаларда – алгач эл аралык келишимдин ченемдерин мыйзамдын улуттук тутумуна кошуучу өзүнчө мыйзам кабыл алынат.

«Буга байланыштуу конституциялык соттордун ролун ашыра баалоо кыйын. Көп учурда конституциялык соттор, келишимди ратификациялаганга чейин, кол коюлган келишим конституцияга ылайык келээрин текшерип чыгышы керек. Бул – эл аралык келишимдердин конституциялуулугун алдын ала көзөмөлдөө болуп саналат, — деп түшүндүрдү Светлана Анисимова.

 

Иш чаранын убагында катышуучулар тарабынан улуттук жана эл аралык практика кеңири каралып чыкты. Конституциялык палатанын катчы-судьясы Чинара Айдарбекова Кыргызстандагы конституциялык көзөмөлдүн абалы жѳнүндѳ маалымат берди, ал эми укук маселелери боюнча эксперт Чинара Мусабекова — эл аралык келишимдерди конституциялык көзөмөлдүн объектиси катары билдирип өттү.

 

«КП практикасында күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугун текшерүү боюнча бир дагы иш боло элек, анткени мамлекеттик органдардан Конституциялык палатага түшкөн мындай кайрылуулардын бардыгы КП Аппаратынын алдын ала текшерүүсүнөн нары жылбайт», — деди Айдарбекова. Анын маалыматтары боюнча, палатага, 2013-жылдан тартып ар кандай келишим долбоорлорунун он сегизи келип түшкөн.

 

Конференциядагы эл аралык тажрыйба жѳнүндѳ айтып жатып, бет ачар менен Венеция Комиссиясынын мүчөлөрү чыгышты. Босния менен Герцоговинанын Конституциялык сотунун вице-президенти Златко Кнежевич өз мамлекетинин тажрыйбасынын негизинде адам укугун коргоодо конституциялык мыйзамдардын ролу жѳнүндѳ айтып берди.

 

Башка эксперт — Молдова Республикасынын юстициянын экс-министри Владимир Гросу, «Эл аралык келишимдерге конституциялык көзөмөл: глобалдашкан дүйнөдө көз карандысыздык менен pacta sunt servanda (келишимдерди кармоо) принцибинин ортосундагы туура балансты издөө» темасына бет ачар өткөрдү.

 

«Молдовада эл аралык келишимдер улуттук мыйзамдардын үстүндө артыкчылыкка ээ, бирок эгер карама каршылыктар болуп калса, анда бул маселелер конституциялык сотто каралышы керек. Мындай учурларда конституциялык соттун корутундусу чечүүчү болуп саналат», — деп сөзүн жыйынтыктады Молдованын мурдагы юстиция министри Владимир Гросу.

 

Конференция Европа Кеңеши каржылап жаткан конституциялык сот адилеттигин коргоо боюнча долбоордун алкагында, Конституциялык палата, БУУѲП жана Венеция Комиссиясы тарабынан уюштурулду.

 

Конференциянын видео версиясын  тѳмѳнкү шилтеме менен кѳраласыздар.

 

003