Меню навигации+

Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конституциялык сот өндүрүшүндөгү ролун талкуулашты

23.12.2015

Бүгүн, 23-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнѳ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эксперттердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

 

Иш чаранын  максаты конституциялык сот өндүрүшүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуу маселесин талкуулоо болду.

 

Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда бекитилген башка субъекттер менен катар Конституциялык палатага кайрыла алышат. Ошол эле убакта, эгер өкүлчүлүктүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтому каралса, бул органдар жоопкер-тарап боло алышат. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башка жактар катары иш боюнча сотко Конституциялык палата тарабынан каралып жаткан конкреттүү иште айрым укук маселелери боюнча өз түшүндүрмөлөрүн, далилдерин жана ойлорун айтып бере алышат.

 

Андан сырткары, Конституциялык палатанын судьялары конституциялык сот өндүрүшүндө ѳлчѳмдѳш, соттук активдүүлүк, акылга салынган конституционалдуулукту аныктоо, ошондой эле саясий маселелердин доктринасын колдонуунун өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ айтып беришти, Конституциялык палата иштерди кароодо мына ушуларга таянып чечим чыгарат.

 

Иш чаранын жыйынтыктары боюнча тегерек столдун катышуучулары пикир алмашып, конституциялык сот өндүрүшүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуу маселесин биргелешип талкуулоо үчүн буга окшогон иш чараларды мындан кийин да өткөрүп турууну сунушташты.