Меню навигации+

Конституциялык палата Ачык эшиктер күнүн өткөрүп, студенттер арасындагы сынактын жыйынтыктарын чыгарды

04.05.2017

Бүгүн Конституциялык палата Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрүп, «Конституциялык адилет соту адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо каражаты катары» темасындагы студенттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө белектерин тапшырды.

Бул иш-чарага 40тан ашуун студент катышты. Студенттер менен жолугушуу учурунда судьялар жана аппарат кызматкерлери Конституциянын үстөмдүгүн, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо боюнча Конституциялык палатанын ишмерлиги жөнүндө айтып беришти.

Иш-чаранын негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктоо болду.

Сынакты Конституциялык палата Кыргыз Республикасында соттук тутумду бекемдөө боюнча USAID жана IDLO программасынын колдоосу менен өткөрдү.Сынактын максаты – адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишинде конституциялык сот адилеттигинин ролун жана маанисин ачкан мыкты эссе менен видеороликтерди аныктоо болуп саналган.

Сынакка республиканын ар кандай адистиктеги 12 жогорку окуу жайдын 65 стеденти катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти Канатбек Сапаров биринчи орунга ээ болду. Экинчи орунду К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин студенти Фаиза Кыдырбаева ээледи. Үчүнчү орунга болсо, Б.Ельцин атындагы КРСУнун студенти Аксана Аскарбекова татыктуу болду.

Андан тышкары, сынак комиссиясы КМЮА студенти Жибек Аскарованын жана КР ИИМ академиясынын студенти Бегаим Айдакееванын жумуштарын белгилеп, Конституциялык палатанын грамоталары менен сыйлаган.

Жеңүүчүлөрдүн сынак жумуштары Конституциялык палатанын сайтында жарыяланат.

Конституциялык палата Конституция күнүнө карата жылыга Ачык эшиктер күнүн жана студенттер үчүн мейман лекцияларын өткөрүүдө, алардын жалпы максаты жаштардын Конституция жана Конституциялык палата жөнүндө укуктук билимдеринин деңгээлин көтөрүү, мындай органдын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо тутумунда ролу жана мааниси орчундуу экенин түшүнүү болуп саналат.