Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында компьютердик жана кеӊсе жабдууларын салтанаттуу тапшыруу ѳттү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасында 2013-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында 29 компьютердин жана принтерлердин комплектисин, 2 сервер жана башка кеӊсе жабдууларын салтанаттуу тапшыруу ѳттү.
Тапшырууда Конституциялык палатанын тѳрагасы Мукамбет Касымалиев, Коституциялык палатанын судьялары, жана ошондой эле Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Кыргызстандагы USAID/IDLO Программасынын аймактык башчысы Фред Хьюстон катышышты. Конституциялык палатанын тѳрагасы USAID/IDLO Программасына Кыргыз Республикасынын сот системасынын ѳнүгүшүн бекемдѳѳдѳ кѳрсѳтүлгѳн кызматташтык жана кѳрсѳтүлгѳн техникалык колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ѳз учурунда USAID/IDLO Программасынын аймактык башчысы Фред Хьюстон USAID/IDLO Программасы мындан ары да Конституциялык палата менен кызматташуусун жана Конституциялык палатанын иш аракеттерин информатизациялоого багытталган колдоосун улантат деп белгиледи.
Белгилей кетчү нерсе, кол коюлган Меморандумдун алкагында USAID/IDLO Программасынан электрондук сот ѳндүрүшүн түзүү жана жайылтуу, Конституциялык палатанын сот отурумдарын аудио жана видео протоколдоштурууну камсыз кылууда техникалык жардам күтүлүүдѳ.