Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында компьютердик жана кеӊсе жабдууларын салтанаттуу тапшыруу ѳттү

20.11.2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасында 2013-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана USAID/IDLO Программасынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жѳнүндѳ Меморандумдун алкагында  29 компьютердин жана принтерлердин комплектисин, 2 сервер жана башка кеӊсе жабдууларын салтанаттуу  тапшыруу  ѳттү.

Тапшырууда Конституциялык палатанын тѳрагасы Мукамбет Касымалиев, Коституциялык палатанын судьялары, жана ошондой эле Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери, Кыргызстандагы USAID/IDLO Программасынын аймактык башчысы Фред Хьюстон катышышты. Конституциялык палатанын тѳрагасы USAID/IDLO Программасына Кыргыз Республикасынын сот системасынын ѳнүгүшүн бекемдѳѳдѳ кѳрсѳтүлгѳн кызматташтык жана кѳрсѳтүлгѳн техникалык колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ѳз учурунда USAID/IDLO Программасынын аймактык башчысы Фред Хьюстон USAID/IDLO Программасы мындан ары да Конституциялык палата менен кызматташуусун жана Конституциялык палатанын иш аракеттерин информатизациялоого багытталган колдоосун улантат деп белгиледи.

Белгилей кетчү нерсе, кол коюлган Меморандумдун алкагында USAID/IDLO Программасынан электрондук сот ѳндүрүшүн түзүү жана  жайылтуу, Конституциялык палатанын сот отурумдарын аудио жана видео протоколдоштурууну камсыз кылууда техникалык жардам күтүлүүдѳ.

DSC_0085

DSC_0075