2024-жылынын 31-майында, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө утурлай Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты Бишкектеги Ымыркайлар үйүнө барды. Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Иса Айдаров жетектеген кызматкерлер судьялардын жана Конституциялык соттун аппаратынын атынан балдарды жана Ымыркайлар үйүнүн жамаатын куттуктап, белектерди тапшырышты.
Конституциялык соттун судьялары жана аппараты тарабынан чогултулган каражаттар Ымыркайлар үйүндөгү балдар үчүн керектүү товарларды жана оюнчуктарды сатып алууга жумшалды. Белек катары, балдардын бакубат жашоосуна өбөлгө болгон кийим кече, зарыл буюмдар, оюнчуктар тапшырылды.
Өз сөзүндө И. Айдаров өзгөчө турмуштук оор кырдаалда калган балдарды колдоонун жана аларга кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кайрымдуулукту адамдардын турмуштук оор кырдаалда калган балдарга көңүл буруусу, аларга жакшы маанай тартуулоосу катары түшүнсө болот. Баруунун жүрүшүндө Ымыркайлар үйүнө мындан ары да колдоо көрсөтүү максатында тарбиячылар менен наристелерди багуу жана тарбиялоо шарттарына тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Иса Айдаров мындай иш-чаралар балдарга жакшы шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев өзүнүн өкүлү аркылуу ар бир бала турмуштук кыйынчылыктарга карабастан камкордукка алынып, мээрим менен курчалууга тийиш деген колдоо сөздөрүн билдирди. Мындай баруулар жакшы салтка айланып, муктаждарга кайрымдуулук көрсөтүүгө жана өлкөбүздүн кичинекей жарандарынын тагдырына кош көңүл болбоого багыт берет деп ишенебиз.
30.05.2024
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында Конституция күнүнө арналган сынактын катышуучуларын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чара Конституциянын маанисин баса белгилөөгө, анын принциптеринин контекстинде жаштардын чыгармачыл ой-пикирлерин кубаттоого багытталган. Сынактын алкагында мыйзамдардын негиздерин терең түшүнүүнү мыкты чагылдырган жана идеяларды эсселер жана видеороликтер аркылуу чагылдырган эмгектер белгиленди.
Сынактын жыйынтыгында:
- Биринчи орунду Каракол шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти Назик Батырбековна Аламанова алды.
- Экинчи орун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты Бектур Эркинович Эркиновго ыйгарылат.
- Үчүнчү орунга Ала-Тоо эл аралык университетинин студенти Айпери Муханбетовна Асекова татыктуу болду.
Конституциялык сот сынактын бардык катышуучуларына жаштардын жарандык активдүүлүгүнө дем берүүгө жана укуктук мамлекеттин негиздерин коргоого кошкон салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирет. Бул демилге өлкөбүздүн келечегин калыптандырууга мындан ары да катышуу үчүн күчтүү түрткү болот деп ишенебиз.
28.05.2024
2024-жылдын 27-майында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппараты жана Корея Республикасынын Конституциялык сотунун катчылыгы маалыматтык технологиялар жаатында кызматташтыкты орнотууга жана өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүштү. Меморандумга кол коюу ушул күндөрү Сеулда өтүп жаткан АКСТИ (Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясы) 4-изилдөөчүлүк конференциясынын алкагында болуп өттү.
Конференция укук жана экологиянын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулоо үчүн алдыңкы эксперттер менен юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, “Конституциялык укуктар жана курчап турган чөйрөгө жеткиликтүүлүк” аттуу актуалдуу темага арналды.
Меморандумдун максаты – эки конституциялык соттун ортосунда алардын ички мыйзамдарына жана жоболоруна ылайык кызматташуу жана
өз ара аракеттенүүсү үчүн негиз түзүү. Эки тарап тажрыйба алмашуу жана сот ишине маалыматтык технологияларды киргизүү иштерди кароонун кыйла натыйжалуу жана ачык-айкын жол-жоболоруна өбөлгө болот деген ишенимин билдиришет.
Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Маалыматтык технологиялар жаатындагы саясат боюнча консультациялык колдоо;
- Сот өндүрүшүндө жана күндөлүк иште маалыматтык технологияларды колдонуунун алдыңкы практикасы жана тажрыйбалары менен алмашуу;
- Маалыматтык технологиялар жаатында билимдер менен алмашуу үчүн делегацияларды жана кызматкерлерди жиберүү;
- Окутуу программаларын иштеп чыгууга жана маалыматташтыруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү;
- Тараптар жазуу жүзүндө макулдашкан кызматташуунун башка формалары.
Меморандумга Корея Республикасынын Конституциялык сотунун Башкы катчысы Ким Жанг Вон жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков кол коюшту. Каныбек Масалбеков өз сөзүндө: “Бул Меморандум заманбап технологиял...
14.05.2024
Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институту тарабынан уюштурулган эл аралык студенттик конференцияга катышты.
Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана азыркы демократиялык коомдо сот бийлигинин ролун талдоого жана талкуулоого арналды. Конституциялык соттун башчысы өз сөзүндө укуктук системаны үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн, акыйкаттыкты жана жарандардын укуктарын коргоону камсыздоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле Конституциялык соттун конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуудагы ролун баса белгиледи.
Конференцияга ар кандай ЖОЖдордун юридикалык факультеттеринин студенттери да активдүү катышып, азыркы демократиялык коомдо сот бийлигинин ролу боюнча өз изилдөөлөрүн сунуштап, көз караштарын билдиришти.
10.05.2024
Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында Алма-Ата шаарында (Казакстан) “Сот адилеттигин ишке ашыруунун конституциялык принциптерин” талкуулоо боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чара Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин колдоосу астында уюштурулду.
Конференциянын ачылышында башкармалыктын төрагасы – Аль-Фараби атындагы КазУУнун ректору Жансеит Туймебаев куттуктоо сөзүн айтты. Бул форумда укуктук практиканын жана конституциялык сот адилеттигинин маанилүү аспектилери белгилүү юристтер, сот жана өкмөттүк органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн академиялык чөйрөлөрү тарабынан талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Конституциялык соттун позициясын билдирүү менен сот адилеттигин жүзөгө ашырууда Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүшүп, конференциянын ишине онлайн режиминде катышты. Ал өз сөзүндө “Конституционализм, коомду конституциялаштыруу маселелери укуктук мамлекетти жана адилеттүү коомду курууда бир гана өлкөнүн ичинде эмес, эл аралык аренада таза жана алдын ала болжолдонуучу мамилелерди калыптандыруунун негизин түзөт”деп белгиледи.
Конференциянын катышуучуларынын арасында:
Валентин Олегович Сукало, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы (онлайн),
Эльвира Абилхасимовна Азимова, Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы,
Асламбек Амангельдинович Мергалиев, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы,
Берик Ногаевич Асылов, Казакстан Республикасынын Башкы прокурору,
Азамат Несипбаевич Ескараев, Казакстан Республикасынын Юстиция министри,
Игорь Иванович Рогов, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор,
Камран Шафиев, Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы,
Виктор Александрович Малиновский, Казакстан Республикасынын конституциялык Кеңешинин экс-мүчөсү,
Жанагул Исмаиловна ...
09.05.2024
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн, 9-май – Жеңиш күнү, фашизмди талкалаган Советтер Союзунун элинин өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган күн. Эркиндик, тынчтык жана келечекке үмүт тартуулаган бул улуу күндү биз ар дайым чогуу белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бардык ардагерлерге жана Мекенибиздин бейпилдиги үчүн күрөшкөндөргө терең ыраазычылык билдирет. Сиздердин каарман эрдигиңиздер Мекен үчүн жан аябастыктын жана атуулдуктун түбөлүк символу катары ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат.
Улуу Жеңиш майрамы биздин бейпил келечек үчүн өмүрүн бергендерге таазим этүү менен тынчтыктын жана тилектештиктин маанилүүлүгүн ар дайым эскертип турсун. Ар бирибиз тынчтыкты жана биримдикти сактоо үчүн болгон аракетибизди жумшайлы!
Майрамыңыздар менен, Жеңиш күнүңүздөр менен! Ар бир үйдө бейпилдик, молчулук болсун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
06.05.2024
Конституция күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту салтанаттуу иш-чара өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө салым кошкон жана Конституциялык сотко жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө активдүү көмөк көрсөткөн жарандар сыйланышты.
Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмаз Калбаев Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Кызматташтыгы үчүн” медалы менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасына төмөнкүлөр татыктуу болушту:
-Жаманкулов Мелис,Чүй облустук административдик сотунун судьясы;
-Садыков Эрмек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу;
-Калиев Талгатбек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
-Закиров Жоомарт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти.
Иш-чарага ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Жаныбек Жоробаев катышып, Акыйкатчы Джамиля Джаманбаеванын атынан куттуктоо сөзүн айтып, Конституциялык соттун судьяларына жана аппаратынын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыкты тапшырды.
“Акыйкат” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:
Карыбек Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары;
Мукамбет Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
Каныбек Масалбеков, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси;
Иса Айдаров, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кеңешчиси;
Бермет Мырзаканова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын консультанты.
Ар бир жаран, анын ичинде мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары, судьялар корпусу, укук таануу окутуучулары, укук маселелери боюнча эксперттер, адвокаттар, чиновниктер жана коомдук ишмерлер Конституцияд...
05.05.2024
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди, бүгүнкү, 5-май – Конституция күнү менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан чын дилимден куттуктайм!
Конституция – бул кагаз бетиндеги жөн эле документ эмес, ал биздин укуктарды, эркиндиктерди жана милдеттерди аныктоочу мамлекетибиздин негизи. Эркин жана демократиялык өлкөдөгү биздин жашоо-турмушубуздун пайдубалы болуп саналат. Баш Мыйзамдын ченемдерин кыйшаюусуз аткаруу – мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий жана башка тармактарынын андан аркы ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепилдиги.
Ушул маанилүү күнү бардыгыбызга Ата Мекенибиздин жалындуу атуулдары болуу менен конституциялык баалуулуктарды сактап жана урматтап, мыйзамдын принциптерин ар дайым бек карманууну каалайм.
Азыркы учурда, биз дүйнө жүзү өзгөрүп жаткандыгын, кандай глобалдык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын көрүп жатабыз, бирок биздин Конституция коомубуздун өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда ишенимдүү багыт бойдон кала берет.
Келечек муун мындан да эркин жана адилет коомдо жашоосу үчүн ар бирибиз өлкөбүздүн укуктук маданиятын жогорулатууга жана өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошолу.
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер! Өлкөбүз ар дайым бекем болуп гүлдөп өссүн!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы
Эмиль Осконбаев
30.04.2024
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерин укуктук илим дүйнөсүнө аралашууга жана Баш мыйзамдын мамлекеттин турмушундагы маанилүү ролу менен таанышууга чакырып, өз эшигин ачты.
Студенттерге тарыхый имарат боюнча экскурсия өткөрүлүп, Конституциялык соттун китепканасы көрсөтүлдү, алар конституциялык укук, укуктук системанын өнүгүү тарыхы жана маанилүү соттук чечимдер боюнча көлөмдүү адабияттар коллекциясы менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Ар кандай бөлүмдөргө барып, алардын иши менен таанышуу студенттерге конституциялуулукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылууда Конституциялык соттун милдеттеринин масштабын жана татаалдыгын кыйла терең түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Ошондой эле Конституциялык соттун судьялары кесиптик тажрыйбасы, кызыктуу кейстери менен ой бөлүшүп, болочок юристтердин суроолоруна жооп беришти.
Конституциялык соттун судьясы Чинара Аскарбековна Айдарбекованын лекциясына өзгөчө көңүл бурулду, ал Конституциялык соттун ишмердүүлүгү жана укуктук мамлекеттин туруктуулугу үчүн кабыл алынган чечимдердин маанилүүлүгү жөнүндө кенен-кесири айтып берди.