Турнир 2023-жылдын 29-апрелинде, ишемби күнү өттү жана Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери үчүн кенен чөйрөдө баарлашууга, өздөрүнүн спорттук жөндөмдөрүн көрсөтүүгө жана кесиптештерин колдоого мыкты мүмкүнчүлүк болду.
Турнирге Конституциялык соттун аппаратынын ар кайсы бөлүмдөрүнөн 12 адам катышты.
Айымдар ичинен кийинкилер жеңүүчү болуп чыкты:
1-орун: Токоева Айсулуу
2-орун: Оморканова Гулназ
3-орун: Айтымбетова Айсулуу
4-орун: Джолгокпаева Салима
Мырзалардан кийинкилер жеңүүчү болуп чыкты:
1-орун: Шергазиев Чыңгыз
2-орун: Джаманкулов Марат
3-орун: Абылабеков Улан
4-орун: Олжобаев Айдар
Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү кубок жана грамоталар менен сыйланышты. Биз бардык жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктайбыз жана турнирге жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Ала Тоо эл аралык университетинде Конституциянын коом турмушундагы маанисине жана аны сактоодо Конституциялык соттун ролуна арналган мейман лекциясын өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Конституциялык соттун төрагасы өлкөнүн Баш Мыйзамы катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн принциптерин аныктаган Конституциянын маанисин баса белгиледи.
Ошондой эле, ал Конституция бардык жарандар, мамлекеттик бийлик органдары жана коомдук институттар тарабынан сакталууга тийиш экендигине көңүл буруп, Конституциянын сакталышын камсыз кылууда жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо Конституциялык соттун ролу жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, конституциялык сот конституциялык юстициянын жогорку органы жана мыйзамдар менен башка укуктук актылардын конституциялуулугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
Юридикалык факультеттин студенттери Эмил Осконбаевге суроо берип, Конституция жана анын коомдогу орду тууралуу темаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Бардык катышуучулар мындай маанилүү жана билим берүүчүлүк лекциянын өткөрүлгөнүнө ыраазычылык билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Конституциялык соттун судьялары Кыргызстандын ар кайсы университеттеринин бир нече юридикалык факультеттеринде болушуп, студенттер үчүн мейман лекцияларын өткөрүшкөнүн белгилей кетүү керек. Иш сапар 2023-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин болуп, Б. Ельцин атындагы КРСУ, КР ТИМ Дипломатиялык академиясы, КР ИИМ Академиясы, КМУ, Ош мамлекеттик университети, КР УКМК квалификацияны жогорулатуу институту, И. Арабаев атындагы университеттин укук таануу жана педагогика факультети жана лингвистика жана чет тилдер факультети сыяктуу билим берүү мекемелерин камтыды.
Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун юридикалык фа...
03.04.2023
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын туруктуу катчылыгынын башкы катчысынын изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча орун басары болуп шайланды.
Бул чечим Кыргызстандын Конституциялык сотунун АКСАны өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча АКСАнын Катчылыгы тарабынан кабыл алынды.
АКС Ассоциациясы жөнүндө
Ассоциация 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын аймактык форуму катары түзүлгөн, анын негизги максаты Азияда демократиянын, укуктун үстөмдүгүнүн жана адамдын негизги укуктарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстан 2015-жылы мүчө болду.
Азыркы учурда Ассоциацияга 21 мамлекет кирет: Афганистан, Азербайжан, Бангладеш, Индия, Индонезия, Иордания, Казакстан, Корея, Кыргызстан, Малайзия, Мальдив аралдары, Монголия, Мьянма, Пакистан, Палестина, Россия, Филиппин, Тажикстан, Таиланд, Түркия жана Өзбекстан.
Ассоциация иштеп турган жылдары Кореянын, Түркиянын, Индонезиянын конституциялык соттору, Малайзиянын федералдык соту, Казакстандын Конституциялык соту төрагалык кылган.
Ассоциациянын туруктуу катчылыктары бар, алар анын уставдык максаттарын илгерилетүүгө олуттуу салым кошот: Индонезия Республикасындагы пландоо жана координациялоо боюнча катчылык; Корея Республикасындагы изилдөө жана иштеп чыгуу боюнча катчылык жана Түркия Республикасындагы адам ресурстарын окутуу жана өнүктүрүү борбору.
АКСАнын жалпысынан үч Катчылыгы бар:
- Изилдөө жана өнүктүрүү боюнча катчылык (AACC SRD) Түштүк Кореянын Сеул шаарында жайгашкан жана Кореянын Конституциялык соту тарабынан башкарылат.
- Пландоо жана координациялоо боюнча туруктуу катчылык (PSPC) Индонезиянын Жакарта шаарында жайгашкан жана Индонезия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан башкарылат.
- Адам ресурстарын окутуу жана өнүктүрүү борбору (CTHRD) Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан жана Түркия ...
31.03.2023