Меню навигации+

Жаңылыктар

20.11.2025
  2025-жылдын 20-ноябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) «Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу» темасындагы Евразиялык экономикалык союздун Сотунун VIII Эл аралык конференциясы өз ишин баштады.

  Иш-чара офлайн жана онлайн форматтарда өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык жана интеграциялык укук боюнча адистерди бириктирди. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга онлайн форматта судья Чинара Айдарбекова катышууда.

  Форумдун биринчи күнүндө расмий ачылыш иш-чарасы болуп өтүп, андан кийин ЕАЭБ мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда Союз Сотунун ролуна арналган сессия өз ишин баштады. Сессиянын алкагында катышуучулар интеграциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ЕАЭБ укугун улуттук укуктук системаларда бирдей колдонууга жетишүү жолдорун, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн мүчө-мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүнүн мазмундуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулашты.

  Талкуу учурунда судья Чинара Айдарбекова ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сот органдары үчүн туруктуу кесиптик диалогдук аянтча түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай өз ара аракеттенүү сот органдарынын тажрыйба менен билим алмашуусуна өбөлгө түзүп, күн тартибиндеги конкреттүү жана так коюлган маселелер боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

  Конституциялык көзөмөл органдарынын ролуна токтолуп, Чинара Айдарбекова бардык конституциялык соттор Конституциянын үстөмдүгү принципин бекем карманууга тийиш экенин, ал эми алардын чечимдеринде чагылдырылган укуктук позициялар мыйзам чыгаруучулар жана укук колдонуучу органдар үчүн маанилүү концептуалдык багыттарды түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле конституциялык текшерүүнүн предметине кирген айрым укуктук маселелер ЕАЭБ Сотунун кароосуна да алынышы мүмкүн экенин айтып, соттордун практикалары менен...
18.11.2025
  2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Азербайжан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган “Конституция жана азыркы укуктук системаларда мыйзамдын үстөмдүгү” темасындагы эл аралык конференцияга катышты.   Иш-чара Конституция жана Эгемендүүлүк жылынын алкагында Азербайжан Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Баку шаарындагы “Гүлистан” сарайында өттү.   Конференция чет мамлекеттердин конституциялык сотторунун төрагаларын жана судьяларын, омбудсмендерди, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.   Катышуучулардын арасында Таиланд, Индонезия, Түркия, Грузия, Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Беларусь жана башка өлкөлөрдүн делегациялары болду. Пленардык жыйындар башталганга чейин катышуучуларга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусу тааныштырылды.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев да баяндама жасап, ал конституциялык юстиция институттарын чыңдоо үчүн эл аралык эксперттик диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.   Укуктун  үстөмдүгү маселелерин, конституциялык принциптерди жана азыркы укуктук чакырыктарды талкуулоо конференциянын программасынын маанилүү бөлүгү болду, бул өз кезегинде катышуучу өлкөлөрдүн конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнүн бекемделишин шарттайт.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык иш-чараларга катышуусу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, ийгиликтүү тажрыйбалар менен алмашууга жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.  
18.11.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган “Конституциялык реформалардын жана конституциялык көзөмөл институтун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери” темасында өткөн эл аралык конференцияга катышты.   Конференция конституциялык юстиция органдарынын жетекчилерин, парламенттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана окумуштуу-укук таануучуларды бириктирди. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Таиланддын, Индонезиянын, Түркиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Россиянын жана Беларустун конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары, ошондой эле 30дан ашуун эксперттер жана эл аралык структуралардын өкүлдөрү катышты.   Катышуучулар адамдын кызыкчылыктарын камсыз кылуу көз карашынан алганда, конституциялык реформалоо маселелерин, конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруунун жана укуктар менен эркиндиктерди коргоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле азыркы укуктук жана социалдык чакырыктар шартында конституциялык сот адилеттигинин практикасын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Иш-чаранын жүрүшүндө 2025-2027-жылдарга Азия конституциялык сотторунун жана аларга теңештирилген институттардын ассоциациясындагы  (AКСА) төрагалыкты Таиланд Королдугунун Конституциялык сотунан Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотуна өткөрүп берүү салтанаттуу аземи болуп өттү . Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы “Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлдүн калыптанышы: институтташтыруу чакырыктары жана туруктуулук жолдору” деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө: “Конституция абстрактуу документ катары эмес, коомдун жашоосунун негизги аспекттерин жөнгө салуучу жандуу жана таасирлүү курал катары кабылданышы керек. Ал юристтердин гана эмес, ар бир жарандын ой жүгүртүүсүнүн бир бөлүгү болууга тийиш” –деп белгиледи.   Конференциянын алдында, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясынын Тө...
15.11.2025
  2025-жылдын 15-ноябрында Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган "Конституциялык сот өндүрүшү боюнча оюн-зоок сот процесстери" (Moot Court) республикалык студенттик сынак болуп өттү.   Уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Борбордук Азиянын эл аралык университети, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жана «Сивикс» коомдук фонду.   Иш-чара БАЭУнун жаңы корпусунда өтүп, өлкөнүн алдыңкы 6 жогорку окуу жайынын юридикалык факультеттеринин командаларын бириктирди.   Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен • Дүйшеев Карыбек Арстанбекович, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары; • Шакдар Сулейман, БАЭУ департаментинин башчысы; • Эркина Убышева, «Сивикс» коомдук фондунун директору; • Назира Сартбаевна Турсунбаева, КРСУнун юридикалык факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары кайрылышты.   Спикерлер студенттер үчүн moot court форматынын практикалык маанисин белгилеп, анын юридикалык аргументациялоо, эл алдында сүйлөө жана конституциялык-укуктук ченемдерди талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү ролуна токтолушту.   Сынак эки этаптан турду: жазуу жүзүндөгү тапшырма жана оозеки бөлүк үч раунддан туруп, Конституциялык сот процессинин реалдуу атмосферасын чагылдырды. Командалар арыз ээсинин жана мамлекеттик органдын ролдорун аткарып, татаал иш боюнча укуктук позицияларын сунуштап, калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти жана укуктук материал менен иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.   Катышуучулар юридикалык адистерге мүнөздүү ой жүгүртүү — жүйөөлүү талдоо, аргументтүү түшүндүрүү жана ынандыра билүү жөндөмдөрүн толук ачып көрсөтүштү.   Жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды жана алгачкы эки раундду баалоодон кийин финалисттер аныкталды. Акыркы үчүнчү раунд эң динамикалуу болду: командалар терең укуктук талдоону сунушташты, аргументация менен активдүү иштешти жана судьяла...
04.11.2025
2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу өткөрдү.   Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорлоруна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү бул маселеге тынчсыздануусун билдирип, Кыргыз Республикасы өлүм жазасын колдонууга шартсыз тыюу салууну караган бир катар эл аралык келишимдердин катышуучусу экендигин белгилешти. Алар эл аралык милдеттенмелерге берилгендикти сактоонун, гуманитардык баалуулуктарды чыңдоонун жана адам укуктары чөйрөсүндөгү стандарттарды ырааттуу сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.   Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев өз кезегинде, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын принциптеринен жана процесстик калыстыктын талаптарынан улам Конституциялык соттун судьялары соттун кароосунун предмети болушу мүмкүн болгон маселелер боюнча өз позициясын билдире албай тургандыгын белгиледи. Ал, бул суроо-талап келип түшкөн жана  өндүрүшкө кабыл алынган учурда  БУУ системасынын профилдик органдары Конституциялык сотко өз расмий пикирин белгиленген тартипте бере аларын жана ал судьялар тарабынан ар тараптуу изилденээрин баса белгиледи. Жол-жобого ылайык, Конституциялык сот тийиштүү суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып эки айдын ичинде корутунду чыгарат.   Жолугушуунун жүрүшүндө укуктук агартуу жаатында андан аркы кызматташуунун багыттары да талкууланды. Конституциялык жана эл аралык укук боюнча биргелешкен билим берүү иш-чараларын жана семинарларды, анын ичинде болочок парламентарийлер жана юридикалык факультеттердин студенттери үчүн өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мындай демилгелерди өнүктүрүү укуктук маданиятты калыптандырууга, конституциялык баалуулуктарды бекемдөө...
31.10.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Меергүл Бобукеева жана Лунара Жолдошева Испания Королдугунун Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын колдоосунда  2025-жылдын 28-30-октябрында Мадридде (Испания) өткөн Конституциялык сот адилеттиги  боюнча дүйнөлүк конференциянын VI Конгрессине катышты.   “Келечек муундун адам укуктары” темасындагы Конгресстин ишине конституциялык соттордун 88 делегациясы, жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Аталган теманын алкагында экологиялык, маданий жана санарип укуктарды коргоо, ошондой эле сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо маселелери талкууланды.   Катышуучулар Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциянын алкагында өз ара аракеттенүү, башка регионалдык жана лингвистикалык топтор менен кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле 2026-жылга биргелешкен иш-чаралардын планын макулдашты.   Конгресстин аянтчаласында кызматташуунун алкагында,  2025-жылдын 28-октябрында конституциялык көзөмөл органдарынын Евразия ассоциациясынын комитетинин жыйыны гибриддик форматта өттү. Жыйынга тогуз мамлекеттин – Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан (офлайн), ошондой эле Беларусь жана Россия Федерациясынын конституциялык сотторунун өкүлдөрү  (онлайн) катышты.   Форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Мадрид коммюникеси конституциялык соттордун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролунун маанилүүлүгүн, ошондой эле алардын келечек муун алдындагы жоопкерчилигин тастыктады.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш-чараларга катышуусу Кыргызстандын конституциялык сот адилеттиги органдарынын эл аралык коомчулуктагы позициясын бекемдеди жана глобалдык соттук диалогдун өнүгүшүнө салым болду.    
30.10.2025
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана жарандык-укуктук тарбияны бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери Улуттук тарых музейинде болушту.   Экскурсия учурунда катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун – байыркы доордон тартып азыркы мезгилге чейинки – негизги этаптары менен таанышты. Музей кызматкерлери  археологиялык табылгалар, маданий салт-санаа, кыргыз этносунун калыптанышы жана эгемен Кыргызстандын өнүгүүсү жөнүндө айтып беришти.   Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген  “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу адеп-ахлагы жогору  жана жоопкерчиликтүү мекенчил жарандарды тарбиялоого багытталган.   Музейге баруу Уңгужолду ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдардын бири болду, бул Аппараттын кызматкерлеринин өлкөнүн басып өткөн тарыхый жолу тууралуу билимин тереңдетүүгө жана улуттук иденттүүлүк сезимин бекемдөөгө өбөлгө болмокчу.   Маалымат:   Улуттук тарых музейи 1925-жылдын 9-декабрында негизделген, ал эми 1927-жылдын 5-мартында алгачкы келүүчүлөр үчүн эшигин ачкан. Бүгүнкү күндө анын фондунда өлкөнүн археологиялык, этнографиялык жана маданий мурасын чагылдырган жүз миңден ашуун экспонат сакталат.   Экспозициялар байыркы доорду, орто кылымды, советтик мезгилди жана биздин күндөргө чейинки эгемен Кыргызстандын өнүгүү жолун камтыйт.
15.10.2025
  2025-жылдын 5-9-октябрында Анкара шаарында (Түркия) Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Азия конституциялык соттор ассоциациясынын жана ага теңдеш институттардын Адам ресурстарын даярдоо жана өнүктүрүү борборунун (AACC-CTHRD) 13-жайкы мектеби болуп өттү.   Бул жылы программа "Конституциялык-укуктук перспективада үй-бүлөлүк жашоо жана үй-бүлөлүк жашоону урматтоого болгон укук" темасына арналды. Катышуучулар адам укуктарын коргоо, конституциялык баалуулуктарды бекемдөө жана үй-бүлөлүк укуктарды соттук коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүштү.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан Жайкы мектептин ишине Соттун аппаратынын кызматкерлери катышып, үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин обзорун, ошондой эле конституциялык көзөмөл органынын бул тематика боюнча укуктук позицияларын камтыган баяндама жасашты.   Панелдик сессиялардын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуудагы ыкмалары, жубайлардын тең укуктуулугу, ата-энелик жоопкерчилик жана балдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.   Иш-чаранын жумушчу тилдери англис жана орус тилдери болуп, бул пикир алмашуунун ачык жана мазмундуу болушуна өбөлгө түздү. AACC-CTHRD Жайкы мектеби салттуу түрдө Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүн бириктирип, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана конституциялык сот адилеттиги жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт. Программанын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.  
14.10.2025
  2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында, конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери үчүн «Конституциялык соттун адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуудагы жана коргоодогу ролу» деген темада маалыматтык семинар өткөрдү.   Семинардын жүрүшүндө судья конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы катары Конституциялык соттун ролу жана функциялары жөнүндө кеңири айтып берди. Ал ошондой эле Конституциялык сот Конституциянын «сактоочусу» жана «коргоочусу» катары иш алып барарын, анын ишмердүүлүгү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин эң жогорку баалуулугу катары коргоого багытталганын белгиледи.   Семинардын алкагында катышуучуларга Конституциялык соттун иш тажрыйбасынан алынган реалдуу кейстер көрсөтүлдү, алар Соттун чечимдеринин инсандын укуктук кепилдиктерин бекемдөөдөгү жана бузулган конституциялык укуктарын калыбына келтирүүдөгү маанисин ачык көрсөтүп берди.   Иш-чара ачык диалог форматында өттү: катышуучулар активдүү суроолорду беришти, укуктук ыкмаларды талкуулашты жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого чакырылган институттардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алмашышты.   Мындай семинарларды өткөрүү мамлекеттик кызматкерлердин укуктук билимин тереңдетүүгө, адам укуктарын коргоого бирдиктүү конституциялык-укуктук мамилени калыптандырууга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө Конституциянын үстөмдүгү принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
09.10.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жогорку окуу жайлар менен конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана укук сабактарын окутууга бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга багытталган өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында 2005-жылдын 9-октябрында юридикалык факультеттердин окутуучулары үчүн Конституционализм мектеби өткөрүлдү.   Иш-чаранын максаты – болочок юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, конституциялык укуктун теориясы менен практикасынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле жогорку кесипкөй юристтердин муунун калыптандыруу үчүн академиялык коомчулук менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.   Катышуучуларга Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев учурашуу сөзү менен кайрылды.  Ал Конституциялык соттун билим берүү демилгелери Конституциянын үстөмдүгү принцибин иш жүзүндө жүзөгө ашырууда жана коомдо конституционализм маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду аткара тургандыгын баса белгиледи.   Конституционализм мектебинин программасынын алкагында катышуучулар бир катар негизги темалар, анын ичинде мамлекеттик бийлик системасындагы конституциялык көзөмөл органынын орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, укук принциптерин жана укуктук доктриналарды ченемдик актылардын конституциялуулугун баалоодо колдонуу, ошондой эле Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу тартиби менен таанышты.   Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, ошондой эле судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева лекция окушту. Семинардын программасы катышуучуларга заманбап тенденцияларды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук доктриналарын жана практиканы эске алуу менен конституциялык укукту окутуу боюнча билимдерди бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берген интерактивдүү окутуу формаларын жана практикалык тапшырмаларды камтыды.   Катышуучулар алынган билимдер окуу программаларын өркүндөтүүгө жана студенттердин укуктук мада...
07.10.2025
  2025-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери үчүн «Башпаанек алуу укугу жана жарансыздык институту: эл аралык жана конституциялык аспектилер» темасында маалыматтык семинар өткөрүлдү.   Иш-чара Конституциялык сот тарабынан Кыргыз Республикасындагы  БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын (УВКБ ООН) улуттук кеңсеси жана “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.   Семинарды ачып жатып, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев ар бир укуктук ченемдин артында, өзгөчө качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо жаатындагы ченемдердин артында адамдын тагдыры жана көңүл бурууну, калыстыкты талап кылган  конкреттүү  кырдаал бар экендигин белгиледи. Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын улуттук кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Уулкан Айдарова, башпаанекке укук темасы — жөн гана абстрактуу  теория эмес, адамдык кадыр-барк жана аярлуу топтордун алдындагы мамлекеттин жоопкерчилиги маселеси экендигин  баса белгиледи.   Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар качкын жана жарандыгы жок адам статусун берүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары, укуктук коргоо механизмдери, ошондой эле эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасы алган милдеттенмелердин констекстинде  аларды практикалык колдонуудагы татаалдыктар жөнүндө маалымдарлыгын жогорулатышты.   Семинар коргоо издөөгө аргасыз болгон адамдардын укуктарын камсыз кылууга бирдиктүү мамилени  иштеп чыгууга жана улуттук укуктук системада гуманизм принциптерин бекемдөөгө өбөлгө болуучу кесиптик диалог үчүн аянтча болду.   ...
02.10.2025
    2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө юристтердин маалымдарлыгын жогорулатууга жана өздөрүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө конституциялык баалуулуктарды колдонууга багытталган  кезектеги конституционализм мектебин өткөрдү.   Иш-чаранын катышуучуларына Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө Конституциянын үстөмдүгүнүн принцибин  ишке ашырууда жана коомдо конституционализм маданиятын өнүктүрүүдө Конституциялык соттун маалыматтык иш-чараларынын маанисин баса белгиледи.   Конституционализм мектебинин программасынын алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын системасында конституциялык көзөмөл органынын орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, конституциялык көзөмөл органынын ченемдик укуктук актыларды баалоодо укук принциптерин жана укук доктриналарын колдонуу практикасы, Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана алардын аткаруунун тартиби жөнүндө  темалар каралды.   Лекцияларды Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева өткөрүштү.   Мектептин программасында сунушталган темаларга катышуучулардын активдүү катышуусу, маалымат алмашуунун интерактивдүү ыкмалары каралган, бул материалды жакшы өздөштүрүүнү өбөлгөлөйт. Катышуучулар алган маалыматты өздөрүнүн кесиптик ишинде колдонууга багытталган практикалык тапшырмаларга өзгөчө кызыгуу менен катышты.   Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.   Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан «СИВИКС» коомдук фондунун техникалык колдоосунда уюштурулду жана өткөрүлдү.      
29.09.2025
  2025-жылдын 26–27-сентябрында Чолпон-Ата шаарында «Экологиялык сот адилеттиги: чакырыктар жана келечеги» аттуу темада  Судьялардын улуттук форуму өттү. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева катышты.     Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасындагы экологиялык сот адилеттигинин абалы жана келечеги, жарандардын экологиялык укуктарын коргоо жаатындагы негизги чакырыктар, эл аралык стандарттарды колдонуу жана соттук практиканы өркүндөтүү үчүн чечимдерди издөө тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп эсептелет.   Форумга Кыргызстандын судьялары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, адвокаттар, эл аралык жана улуттук эксперттер, ошондой эле экологдор катышты. Мазмундуу докладдар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук эксперттер, ошондой эле чет элдик адистер: Бельгиянын Конституциялык сотунун судьясы, Курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча Европа судьяларынын форумунун президенти Люк Лаврисен, Курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча Европа судьяларынын форумунун мүчөсү, улук судья Фаустино Гудин, Осло университетинин укук профессору Кристина Фойт жана Орхус конвенциясы боюнча экологиялык укук коргоочулар маселеси боюнча БУУнун атайын докладчысы Мишель Форст чыгып сүйлөштү.   Дискуссиялардын көнүл борборунда коомчулуктун экологиялык иштер боюнча адилеттикке жетүүсүн камсыздоо, адам укуктары системасында экологиялык адилеттүүлүктүн жана экологиялык коопсуздуктун концептуалдык негиздери, эл аралык экологиялык конвенциялар жана глобалдык милдеттенмелерди аткаруу деңгээли, жер семирткичтердин Кыргызстандын шартында адам организмине жана генофондго тийгизген таасири, ошондой эле экологиялык укук коргоочуларды коргоо маселелери талкууланды.   Форумдун жыйынтыгы боюнча экологиялык сот адилеттигин мындан ары өнүктүрүүгө, укуктук инфраструктураны жакшыртууга жана ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган тыянактар жана су...
26.09.2025
  2025-жылдын 23-26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев башчылык кылган  соттун делегациясы Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча эки өлкөнүн конституциялык көзөмөл органдарынын ортосунда 2016-жылы кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында жумушчу сапары менен Россия Федерациясында болду.   Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Мукамбет Касымалиев жана Жамил Шаршеналиев кирген.   Делегациянын мүчөлөрүнүн Россия Федерациясынын Конституциялык сотунун Төрагасы Валерий Зорькин жана РФ КС судьялары менен жолугушуулары  өттү. Тараптар конституциялык сот өндүрүшүнүн актуалдуу маселелерин, жарандардын жана уюмдардын даттанууларын кароо, укуктук системаны бекемдөө, ошондой эле эл аралык юридикалык форумдарда мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүү  жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.   Иш сапардын алкагында билим берүү ишине өзгөчө көңүл бөлүндү. 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине барып, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугуп, студенттер үчүн лекция окуду. Өз сөзүндө ал Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдүн калыптанышы, Конституциялык соттун укуктук тартипти камсыздоодогу, жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу жана демократиялык институттарды чыңдоодогу ролу тууралуу айтып берди.   Бул жолугушуулар  ачык диалог, өз ара урматтоо жана конструктивдүү тажрыйба алмашуу духунда өтүп, Кыргызстан менен Россиянын конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды бекемдеп, кызматташуунун жаңы перспективаларын ачты.  
25.09.2025
 Бүгүн, 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”  уңгужолун ишке ашырууга арналган иш-чара болуп өттү.   Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары М.Р.Бобукеева, Ч.А. Айдарбекова жана К.Дж. Кыдырбаев катышты.   Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун Төрагасынын атынан жана анын тапшыруусу боюнча судья М.Р.Бобукеева сөз сүйлөдү.   (more…)
23.09.2025
2025-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.   Иш-чара кыргыз тилин колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттук иденттүүлүктү каада-салтты жана маданий баалуулуктарды сактоо аркылуу бекемдөөгө багытталган. Бул иш-чара Мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” доктринасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.   Расмий бөлүк Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин аткарылышы менен башталып, андан кийин Конституциялык соттун Төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев куттуктоо сөз менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө, мамлекеттик тил –  өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн жана маданий мурасынын негиз түзүүчү элементи  экендигин баса белгиледи.   “Кыргыз тили – улуттун жүрөгү” темасындагы мазмундуу баяндама менен Гүлмира Жунушова чыгып сүйлөп, кыргыз тилинин мамлекеттүүлүктү  бекемдөөдө жана укуктук коомду өнүктүрүүдө аткарган маанилүү ролуна токтолду.   Катышуучуларга “Кыргыз улуттук кийими – биздин сыймыгыбыз” аттуу интерактивдүү видеоролик көрсөтүлдү, анда жарандар жана кызматкерлер улуттук кийимдер, аларды кийүү маданияты,  орду жана маданий мурас катары анын муундан муунга өткөрүүдөгү мааниси тууралуу ой бөлүшүштү.   Программанын уландысы катары, чакырылган кыргыздын нарктуу баалуулуктарын элге жайылтуучу Т.Сыдыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинин мугалими Ч.Б.Сокеева кыргыз боз үйү жана улуттук кийимдери жөнүндө айтып берди, элечек кийүү боюнча мастер класс көрсөттү.   Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү — чыгармачылык программа болуп, анда ар кайсы бөлүмдөрдүн кызматкерлери кыргыз тилине арналган поэтикалык чыгармаларды, видеороликтерди, улуттук бийлерди жана ырларды аткарышты.   Иш-чара жыйынтыктоо жана жетекчиликтин коруту...
20.09.2025
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппараты шаардык ишембиликке катышты Бишкек, 2025-жылдын 20-сентябры Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук тазалык күнүн өткөрүү боюнча Жарлыгына жана 2023–2025-жылдарга карата катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында, 2025-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында өткөн жалпы шаардык ишембиликке Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын кызматкерлери активдүү катышышты. (more…)
12.09.2025
      2025-жылдын 11–12-сентябрында Астана шаарында Казакстандын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана келечекке укук аркылуу» аталыштагы конституциялык сот адилеттигинин эл аралык форуму болуп өттү.   Иш-чарага Европанын, Азиянын жана Африканын 15 өлкөсүнөн 150дөн ашуун катышуучу — конституциялык көзөмөл органдарынын төрагалары жана судьялары, адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуулар, белгилүү укук таануучулар, эл аралык уюмдардын, ошондой эле укук коргоо уюмдарынын жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү  чогулушту.   Форумдун алкагында тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө, адам укуктарын коргоодо жана демократиялык институттарды өнүктүрүүдө укуктун ролунун негизги маселелери талкууланды. Катышуучулар глобалдуу чакырыктар шартында дал конституциялык юстиция  адилеттүүлүктүн, теңчиликтин жана мамлекеттик башкаруунун алдын ала болжолдуулугунун кепилдиги болоорун белгилешти.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова «Мыйзам жана тартип — тынчтыктын негизги: адам укуктарын урматтоо жана мамлекеттин туруктуулугу» деген темадагы пленардык сессияда баяндама жасады. Баяндамада ал укуктун үстөмдүгү мамлекеттин туруктуулугунун жана адам укуктарын урматтоонун негиз түзүүчүсү болуп саналаарын баса белгиледи. Ошондой эле, ал Конституциялык соттор мамлекеттин кызыкчылыктары менен жеке инсандын укуктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу миссиясын аткарат, укуктардын негизсиз чектелишине жол бербейт жана мыйзамга карата урматтоо маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт, - деди.   Судья Ч.Айдарбекова өз баяндамасында жарандардын аярлуу категорияларын  коргоо жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун иш тажрыйбасынан  мисалдарды келтирди. Ал  соттун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын, алардын шайлоо укуктарын коргоого, пикир айтуу эркиндигине байланышкан чечимдерин белгилеп өттү. Мындай чечимдер коомдун мамлекеттик ин...
03.09.2025
  2025-жылдын 25-28-августунда Корея Республикасынын Сеул шаарында Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген  институттарынын ассоциациясынын (AACC SRD) Изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча катчылыгынын 5-эл аралык симпозиуму болуп өттү.   Бул эл аралык форумга Кыргызстандын атынан Конституциялык соттун судьялары Мукамбет Шадыканович Касымалиев жана Кырккелди Джумалиевич Кыдырбаев катышты.   Бул жылы өткөн  симпозиумдун негизги темасы Жеке жашоо-турмушка  болгон укук болду. Жумушчу сессиялардын жүрүшүндө  бул укуктун негизги түзүүчү элементтери, аларды мыйзамдуу чектөө чектери жана катышуучу өлкөлөрдөгү актуалдуу соттук практика  менен байланышкан маселелер талкууланды.   Конституциялык соттун судьясы Кырккелди Кыдырбаев “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук позицияларында чагылдырылган, санариптештирүү шартында жеке турмуштун кол тийбестигинине конституциялык укукту ишке ашыруунун айрым концептуалдык ыкмалары жөнүндө”  деген темадагы доклад жасады. Докладда ал санариптик технологиялар доорунда жеке жашоо-турмуштун кол тийбестигине укукту камсыздоонун өзгөчө актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, глобалдык санариптештирүүгө байланыштуу келип чыккан  чакырыктарга токтолду жана бул укукту коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан иштелип чыккан ыкмалар  жөнүндө айтып берди.   Симпозиумдун программасы изилдөө сессияларын, пленардык жыйынды жана Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган маданий иш-чараны камтыды.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун AACC SRD алкагындагы иш-чараларга катышуусу эл аралык укуктук диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана адам укуктарынын негизги эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо боюнча жалпы мамилелерди калыптандырууга өбөлгө түзөт.    
02.09.2025
  Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган, ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо  аземи болуп өттү.   Конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө, ак ниет кызмат өтөөгө жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен кызматташууга кошкон активдүү салымы үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сот тутумунун жана жарандык сектордун өкүлдөрү жогорку сыйлыктар менен сыйланышты.   Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун «Кызматташтык үчүн» медалы менен  төмөнкүлөр сыйланышты: • Мейил Адилбековна Бегилерова – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы; • Мирбек Сатарбек уулу – Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;   Кыргыз Республикасынын  Конституциялык сотунун “Ак ниет кызматы үчүн” медалына төмөнкүлөр татыктуу болду: • Карыбек Арстанбекович Дуйшеев – Конституциялык соттун Төрагасынын орун басары; • Каныбек Толубаевич Масалбеков – Конституциялык соттун аппаратынын жетекчиси; • Айзада Макеновна Бокоева – Конституциялык соттун аппаратынын каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы.   Бир катар судьялар, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Конституциялык соттун Ардак грамотасына татыктуу болушту. Ошондой эле Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө активдүү көмөк жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчыларына жана жарандык сектордун өкүлдөрүнө  Алкыш баракчалар  тапшырылды.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев салтанаттуу аземде сүйлөгөн сөзүндө, Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн сыйлоо – Конституциянын үстөмдүгүн бекемдөөгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле көз карандысыз сот бийлигинин принциптерин бекемдөөгө салым кошкон адамдардын эмгегин терең баалоонун жана урматтоонун көрүнүшү, – деп белгиледи. Бул баалуулуктар Кыргызстанда демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди...