Меню навигации+

Жаңылыктар

12.12.2025
2025-жылдын 12-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, сот системасынын, билим берүү мекемелеринин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.   Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан куттуктоо сөзү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Конституциялык соттун Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана өлкөдөгү укуктук туруктуулукту сактоодогу ролун баса белгиледи.   Конституциялык соттун Төрагасы Э.Ж. Осконбаев өз кайрылуусунда Конституциялык соттун укуктук практиканын калыптанышына жана конституциялык көзөмөлдүн механизмдерин түзүүгө кошкон салымын белгиледи. «Конституциялык сот отуз жылдан ашык убакыттан бери укуктук кепилдиктерди ырааттуу түрдө бекемдеп, укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет. Мындан ары да Конституциялык сот өлкөбүздүн туруктуулугунун, адилеттүүлүгүнүн жана укуктук өнүгүүсүнүн бек кепилдиги кызмат кыла берсин», - деп белгиледи  Э. Осконбаев.   Куттуктоо сөздөрү менен жогорку сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да чыгышты, анын ичинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Н.А. Мусаев, Омбудсмен Дж.А. Жаманбаева, Конституциялык соттун мурдагы төрагалары Ч.Т. Баекова жана Э.Т. Мамыров, Евразия экономикалык союзунун сотунун судьясы М.Т. Кайыпов, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык көзөмөл институтун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле региондор аралык масштабда укуктун үстөмдүгүн алдыга жылдырууга кошкон зор салымын белгилеген, чет өлкөлөрдүн конституциялык соттордон Конституциялык соттун дарегине видео куттуктоолор келип түштү.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту постсоветтик мейкиндикте түзүлгөн конституциялык көзөмөлдүн алгачкы институттарынын бири болгондугун белгилей кетүү керек, бул өлкөнүн д...
11.12.2025
 Бишкек, 2025-жылдын 11-декабры   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда конституциялык көзөмөл органынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Конституциялык соттун судьялары, аппараттын кызматкерлери, ошондой эле сот системасынын чакырылган өкүлдөрү катышты.   Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев ачты.  Өз сөзүндө ал сот көп жылдар бою Конституциянын сакталышын камсыз кылуу жана мамлекет менен коом үчүн маанилүү болгон конституциялык-укуктук маселелерди кароо боюнча функциясын аткарып келгендигин белгиледи.   Иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылдардагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, конституциялык көзөмөл органынын ишинде туруктуулукту камсыз кылган жана кесипкөйлүктү көрсөткөн судьялардын жана аппараттын кызматкерлеринин иши белгиленди.   Мааракелик датанын урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларын жана аппараттын кызматкерлерин Конституциялык соттун ведомстволук сыйлыктары – медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлады.   Сыйлыктар кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, кесиптик стандарттарды сактагандыгы жана Конституциялык соттун ишине кошкон салымы үчүн тапшырылды. Сыйлоо аземин улантып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Конституциялык соттун судьяларын жана аппараттын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен белгилешти.  Бул сыйлыктар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана Конституциялык соттун кызматкерлеринин кесиптик салымын мамлекеттик органдардын деңгээлинде таанылышын баса белгиледи.   Салтанаттын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев сыйлык алгандарга ыраазычылык билдирип, Конституциянын талаптарын сактоо жана конституциялык көзөмөл органынын милдетт...
10.12.2025
Урматтуу мекендештер!   Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Адам укуктарынын эл аралык күнү менен куттуктайм - бул күн мамлекетибиздин эң жогорку баалуулугун - инсандын кадыр-баркын жана Конституция менен кепилденген ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин баса белгилеген күн.   Конституциялык сот үчүн бул укуктарды коргоо - бул абстрактуу принцип эмес, негизги мыйзамдын нормалары адамдардын кызыкчылыгы үчүн жашашы жана иштеши үчүн күнүмдүк миссия.   Бул күнү биз укуктук кепилдиктерди жана адам укуктарын урматтоо маданиятын бекемдегендердин бардыгын - мамлекеттик кызматкерлерди, укук коргоочу уюмдарды, юридикалык коомчулукту жана адилеттикти жактаган жана алардын бузулушуна кайдыгер карабаган ар бир адамды сыйлайбыз.   Адам укуктарынын эл аралык күнү ар бир адамдын баалуулугу жана кадыр-баркы эркин жана адилеттүү коомдун бекем пайдубалы экенин эсибизге салат.   Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э. Ж. Осконбаев.
10.12.2025
2025-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.   Конституциялык сот Конституция менен жүктөлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн конституциялык түзүлүштүн негиздерине, анын түпкүрүндө турган адамдын укуктары менен эркиндиктерине жана мамлекеттин демократиялык мүнөзүнө тийгизген таасирин Баш мыйзамга бүтүн система катары шайкештигин баалап чыкты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге дал келишине өзгөчө көңүл бурду.   Конституциялык сот Конституция адам укуктарын эң жогорку баалуулук катары бекемдеп, аларды камсыздоонун кепилдиктер системасы конституциялык түзүлүштүн пайдубалын түзөөрүн, Баш Мыйзамга жол берилген өзгөртүүлөрдүн чектерин алдын ала аныктай турганын белгиледи. Андыктан Конституциялык сот фундаменталдык укуктар жагында Баш Мыйзамга кандай болбосун өзгөртүү, алардын системалык мүнөзүн жана инсанды коргоонун конституциялык моделинин иштеши үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алууну талап кылаарын баса белгиледи. Укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбестигине (non-regress) өзгөчө көңүл бурулушу керек, анткени алардын туруктуулугу жана ырааттуулугу конституциялык жактан бекемделген адамдын артыкчылыгынын жана кадыр-баркынын мазмунун түзөт.   Бул контекстте Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат. Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-...
10.12.2025
2025-жылдын 10-декабрында саат 10:00дө Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришти.   Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталууда, ал балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүндүгү каралган.   Конституциялык соттун Регламентине ылайык, бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат, анткени Президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт.   Конституциялык сот тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз берилет.  
05.12.2025
 Бишкек, 2025-жылдын 5-декабры   Бишкек шаарында “Аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү. Гендердик зомбулуктун алдын алуу” аттуу XI ар жылдык конференция болуп өттү. Иш-чара “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” КУ тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулду. Конференцияда аялдардын укуктарын коргоого тоскоолдук жараткан бөгөттөр жана гендердик-сезимтал сот практикасын өнүктүрүү ыкмалары талкууланды.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту АСКАнын демилгелерин салттуу түрдө колдоп келет. Пленардык сессияда Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев жана Конституциялык соттун судьясы, Ассоциациянын ардактуу мүчөсү Чинара Аскарбековна Айдарбекова сөз сүйлөштү.   Эмиль Осконбаев сот системасы сот адилеттигине реалдуу жеткиликтүүлүктү камсыздашы керектигин баса белгиледи: “Ар бир аял жана ар бир кыз сотко коргоо алаарына жана анын укугу урматтааларына ишенип келиши керек”. Ал Конституциянын принциптерине каршы келген мыйзам колдонулбашы керектигин жана конституциялык контролго алынышы керектигин белгиледи.  Зомбулуктун алдын алуу – укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн ажырагыс элементи.   Чынара Айдарбекова сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөнүн жана адистердин компетенциясын жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи: “Биз ар бир аял колдоого жана түшүнүүгө таяна ала турган шарттарды түзүшүбүз керек. Зомбулукка орун жок болгон  коом ырааттуу жана кесипкөй иштин натыйжасында калыптанат”.   Конференциянын алкагында жабырлануучуларды колдоонун жаңы механизмдери, укуктук жөнгө салууну жакшыртуу жана зомбулуктун эртелеп алдын алуу зарылдыгы талкууланды. Конференциянын катышуучулары аялдарды коргоо эпизоддук чараларды эмес, сот адилеттигинин бардык институттарынын системалуу жана макулдашылган ишин талап кыларын белгилешти.   Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы жарандардын укуктук корголушунун сапатын жакшыртуучу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү кесиптик аянтча бойдон...
02.12.2025
  Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы келип түштү.   Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда.   Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган.   Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда.   Кыргыз Республикасынын Президенти Конституциянын 116-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, аталган Мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү  суроо-талабын жөнөткөн.
01.12.2025
2025-жылдын 29–30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Индиянын Харьяна штатынын Сонипат шаарындагы О.П. Джиндала атындагы университетте “муткорт” өткөн “Сот бийлигинин көз карандысыздыгы: укуктардын, институттардын жана жарандардын салыштырмалуу келечеги” аттуу эл аралык конференцияга катышты.   Иш-чарага Индиядан, Кыргызстандан, Непалдан, Түштүк Кореядан, АКШдан, Германиядан, Франциядан, Бразилиядан, Мексикадан, Түштүк Африкадан жана башка өлкөлөрдөн сот бийлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар жана эксперттер катышты. Конференция сот бийлигинин көз карандысыздыгынын, укук үстөмдүгүн камсыз кылуунун жана адамдын конституциялык укуктарын коргоодогу судьялардын ролунун негизги аспектилерин талкуулоо үчүн маанилүү глобалдык аянтча болуп калды.   Катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдө сот бийлиги туш болгон чакырыктарды: социалдык трансформацияларды, технологиялардын өнүгүшүн, отчеттуулук жана этика маселелерин, ошондой эле коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө зарылдыгын талкуулашты. Азыркы конституционализм, соттордун институционалдык туруктуулугу жана сот системаларын өнүктүрүүнүн эл аралык тенденциялары маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.   Судья Чинара Айдарбекова “Инклюзивдүүлүк жана сот бийлиги: ички реформалар жана тышкы коргоо” аттуу тематикалык сессияда негизги баяндамачы катары чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал сот системасында реалдуу теңчиликти камсыз кылуу үчүн комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын белгилеп, сот бийлигинин көз карандысыздыгы гендердик инклюзивдүүлүксүз толук болбой турганын, ал эми укуктарды натыйжалуу коргоо ар кандай топтордун чыныгы социалдык динамикасын жана аярлуулугун эске албаса мүмкүн эместигин баса белгиледи. Аялдардын бирдей өкүлчүлүгү жана соттордо коопсуз, инклюзивдүү чөйрөнү түзүү – бул азыркы дүйнөдөгү сот адилеттигинин сапатынын негизи. Бул сессиянын алкагында теңчилик принцибин бузуу жөнүндөгү иштерди кароодо сот бийлигинин ролу, анын и...
28.11.2025
Бүгүн, 2025-жылдын 28-ноябрында  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Э.Ж.Осконбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланган КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулары менен жолугушту. Миссиянын курамына сенаторлор, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттеринин парламенттеринин депутаттары, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү жана Демократиянын өнүгүшүн мониторингдөө боюнча эл аралык институттун эксперттери кирген. Жалпысынан 70тен ашык байкоочу аккредитацияланган.   Топтун жетекчиси М. Ватаназода миссиянын негизги максаты – шайлоо процессине кийлигишпөө принциптерин так сактоо менен добуш берүүнүн жүрүшүн объективдүү байкоо жүргүзүү  экендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, ар кандай шайлоо – бул мамлекет үчүн, анын институттары жана саясий маданияты үчүн олуттуу сынак, ал эми байкоочулардын милдети  – калыстыкты жана бейтараптуулукту сактап, фактыларды каттоо.   Жолугушуунун жүрүшүндө талапкерлердин жаш курагы, күрөө суммасынын өлчөмү, ошондой эле гендердик квотаны сактоо маселелери козголду. Тараптар тиешелүү ченемдерди колдонуунун өзгөчөлүктөрүн жана алардын шайлоодо атаандаштыкты жана тең катышууну камсыз кылуудагы ролун талкуулашты.   Өз кезегинде Конституциялык соттун Төрагасы эл аралык байкоочулардын катышуусунун маанилүүлүгүн жана алардын шайлоо процедураларынын ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга кошкон салымын белгиледи. Ал 2011-жылдан бери Конституциялык сот шайлоо укугу маселелери боюнча 11 ишти карагандыгын, бирок иштеп жаткан судья катары КСнын  кароосунун предмети болушу мүмкүн болгон маселелер боюнча позициясын билдире албасын баса белгиледи.   Э. Ж. Осконбаев шайлоонун негизги натыйжасы элдин татыктуу өкүлдөрүн шайлоо, ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгы коомчулуктун ишенимине ээ болууга тийиш деген ишеничин билдирди.   “Биз шайлоо таза жана ачык өтөт деп  ишенебиз”, – деп белгиледи ал. &...
24.11.2025
  2025-жылдын 21-ноябрында Индиянын Лакхнау шаарында Дүйнөнүн башкы сотторунун 26-эл аралык конференциясы ачылышы болду.  Бул иш-чара жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген судьяларды жана адистерди глобалдык укуктук чакырыктарды талкуулоо үчүн бириктирет. Конференциянын уюштуруучусу — Монтессори шаардык мектеби.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан бул жылы судьялар Мукамбет Шадыканович Касымалиев жана Кырккелди Джумалиевич Кыдырбаев өкүлчүлүк кылды.   Юридика илимдеринин доктору, судья Кырккелди Кыдырбаев «Соттор аралык кызматташтык жана талаш-тартыштарды эл аралык чечүү» аттуу 5-параллелдик сессияда спикер болду. Өз баяндамасында ал Конституцияга болгон сый-урмат эл аралык укукка жана эл аралык сот органдарынын чечимдерине ишенимди бекемдерин, ал эми көзкарандысыз конституциялык адилеттик туруктуу жана бейпил мамлекеттүүлүктү калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.   Судья Мукамбет Касымалиев «Көп тараптуулук жана таасири орто деңгээлдеги мамлекеттердин ролу» аттуу экинчи панелдик талкууда чыгып сүйлөдү. Ал күчтүү державалардын ортосундагы атаандаштык шартында «көп тараптуу боштук» пайда болуп, анда дал таасири орто деңгээлдеги мамлекеттер коалицияларды түзүүгө, иштөөчү эл аралык тармактарды колдоого жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө байланыштыруучу звено болууга жөндөмдүү экендигин баса белгиледи.   Конференциянын алкагында эксперттер эл аралык сот институттарын бекемдөө, бирдиктүү укуктук стандарттарды иштеп чыгуу, сот адилеттигинин улуттук жана эл аралык органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү зарылдыгын талкуулашты.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын катышуусу талкууларга практикалык мазмуундулук кошуп, Кыргызстандын эл аралык сот адилеттигине туруктуу мамилелерди түзүүгө жана мыйзам үстөмдүгүн алга жылдырууга активдүү катышууга болгон умтулуусун көрсөттү.  
20.11.2025
  2025-жылдын 20-ноябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) «Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу» темасындагы Евразиялык экономикалык союздун Сотунун VIII Эл аралык конференциясы өз ишин баштады.

  Иш-чара офлайн жана онлайн форматтарда өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык жана интеграциялык укук боюнча адистерди бириктирди. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга онлайн форматта судья Чинара Айдарбекова катышууда.

  Форумдун биринчи күнүндө расмий ачылыш иш-чарасы болуп өтүп, андан кийин ЕАЭБ мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда Союз Сотунун ролуна арналган сессия өз ишин баштады. Сессиянын алкагында катышуучулар интеграциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ЕАЭБ укугун улуттук укуктук системаларда бирдей колдонууга жетишүү жолдорун, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн мүчө-мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүнүн мазмундуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулашты.

  Талкуу учурунда судья Чинара Айдарбекова ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сот органдары үчүн туруктуу кесиптик диалогдук аянтча түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай өз ара аракеттенүү сот органдарынын тажрыйба менен билим алмашуусуна өбөлгө түзүп, күн тартибиндеги конкреттүү жана так коюлган маселелер боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

  Конституциялык көзөмөл органдарынын ролуна токтолуп, Чинара Айдарбекова бардык конституциялык соттор Конституциянын үстөмдүгү принципин бекем карманууга тийиш экенин, ал эми алардын чечимдеринде чагылдырылган укуктук позициялар мыйзам чыгаруучулар жана укук колдонуучу органдар үчүн маанилүү концептуалдык багыттарды түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле конституциялык текшерүүнүн предметине кирген айрым укуктук маселелер ЕАЭБ Сотунун кароосуна да алынышы мүмкүн экенин айтып, соттордун практикалары менен...
18.11.2025
  2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Азербайжан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган “Конституция жана азыркы укуктук системаларда мыйзамдын үстөмдүгү” темасындагы эл аралык конференцияга катышты.   Иш-чара Конституция жана Эгемендүүлүк жылынын алкагында Азербайжан Президентинин Администрациясынын колдоосу менен Баку шаарындагы “Гүлистан” сарайында өттү.   Конференция чет мамлекеттердин конституциялык сотторунун төрагаларын жана судьяларын, омбудсмендерди, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди.   Катышуучулардын арасында Таиланд, Индонезия, Түркия, Грузия, Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Беларусь жана башка өлкөлөрдүн делегациялары болду. Пленардык жыйындар башталганга чейин катышуучуларга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусу тааныштырылды.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев да баяндама жасап, ал конституциялык юстиция институттарын чыңдоо үчүн эл аралык эксперттик диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.   Укуктун  үстөмдүгү маселелерин, конституциялык принциптерди жана азыркы укуктук чакырыктарды талкуулоо конференциянын программасынын маанилүү бөлүгү болду, бул өз кезегинде катышуучу өлкөлөрдүн конституциялык көзөмөл органдарынын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнүн бекемделишин шарттайт.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык иш-чараларга катышуусу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, ийгиликтүү тажрыйбалар менен алмашууга жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.  
18.11.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган “Конституциялык реформалардын жана конституциялык көзөмөл институтун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери” темасында өткөн эл аралык конференцияга катышты.   Конференция конституциялык юстиция органдарынын жетекчилерин, парламенттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана окумуштуу-укук таануучуларды бириктирди. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Таиланддын, Индонезиянын, Түркиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Россиянын жана Беларустун конституциялык сотторунун төрагалары жана судьялары, ошондой эле 30дан ашуун эксперттер жана эл аралык структуралардын өкүлдөрү катышты.   Катышуучулар адамдын кызыкчылыктарын камсыз кылуу көз карашынан алганда, конституциялык реформалоо маселелерин, конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруунун жана укуктар менен эркиндиктерди коргоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле азыркы укуктук жана социалдык чакырыктар шартында конституциялык сот адилеттигинин практикасын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Иш-чаранын жүрүшүндө 2025-2027-жылдарга Азия конституциялык сотторунун жана аларга теңештирилген институттардын ассоциациясындагы  (AКСА) төрагалыкты Таиланд Королдугунун Конституциялык сотунан Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотуна өткөрүп берүү салтанаттуу аземи болуп өттү . Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы “Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөлдүн калыптанышы: институтташтыруу чакырыктары жана туруктуулук жолдору” деген темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө: “Конституция абстрактуу документ катары эмес, коомдун жашоосунун негизги аспекттерин жөнгө салуучу жандуу жана таасирлүү курал катары кабылданышы керек. Ал юристтердин гана эмес, ар бир жарандын ой жүгүртүүсүнүн бир бөлүгү болууга тийиш” –деп белгиледи.   Конференциянын алдында, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясынын Тө...
15.11.2025
  2025-жылдын 15-ноябрында Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган "Конституциялык сот өндүрүшү боюнча оюн-зоок сот процесстери" (Moot Court) республикалык студенттик сынак болуп өттү.   Уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Борбордук Азиянын эл аралык университети, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жана «Сивикс» коомдук фонду.   Иш-чара БАЭУнун жаңы корпусунда өтүп, өлкөнүн алдыңкы 6 жогорку окуу жайынын юридикалык факультеттеринин командаларын бириктирди.   Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен • Дүйшеев Карыбек Арстанбекович, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары; • Шакдар Сулейман, БАЭУ департаментинин башчысы; • Эркина Убышева, «Сивикс» коомдук фондунун директору; • Назира Сартбаевна Турсунбаева, КРСУнун юридикалык факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары кайрылышты.   Спикерлер студенттер үчүн moot court форматынын практикалык маанисин белгилеп, анын юридикалык аргументациялоо, эл алдында сүйлөө жана конституциялык-укуктук ченемдерди талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү ролуна токтолушту.   Сынак эки этаптан турду: жазуу жүзүндөгү тапшырма жана оозеки бөлүк үч раунддан туруп, Конституциялык сот процессинин реалдуу атмосферасын чагылдырды. Командалар арыз ээсинин жана мамлекеттик органдын ролдорун аткарып, татаал иш боюнча укуктук позицияларын сунуштап, калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти жана укуктук материал менен иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.   Катышуучулар юридикалык адистерге мүнөздүү ой жүгүртүү — жүйөөлүү талдоо, аргументтүү түшүндүрүү жана ынандыра билүү жөндөмдөрүн толук ачып көрсөтүштү.   Жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды жана алгачкы эки раундду баалоодон кийин финалисттер аныкталды. Акыркы үчүнчү раунд эң динамикалуу болду: командалар терең укуктук талдоону сунушташты, аргументация менен активдүү иштешти жана судьяла...
04.11.2025
2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев Бириккен Улуттар Уюму системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу өткөрдү.   Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасында өлүм жазасын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорлоруна байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү бул маселеге тынчсыздануусун билдирип, Кыргыз Республикасы өлүм жазасын колдонууга шартсыз тыюу салууну караган бир катар эл аралык келишимдердин катышуучусу экендигин белгилешти. Алар эл аралык милдеттенмелерге берилгендикти сактоонун, гуманитардык баалуулуктарды чыңдоонун жана адам укуктары чөйрөсүндөгү стандарттарды ырааттуу сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.   Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев өз кезегинде, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын принциптеринен жана процесстик калыстыктын талаптарынан улам Конституциялык соттун судьялары соттун кароосунун предмети болушу мүмкүн болгон маселелер боюнча өз позициясын билдире албай тургандыгын белгиледи. Ал, бул суроо-талап келип түшкөн жана  өндүрүшкө кабыл алынган учурда  БУУ системасынын профилдик органдары Конституциялык сотко өз расмий пикирин белгиленген тартипте бере аларын жана ал судьялар тарабынан ар тараптуу изилденээрин баса белгиледи. Жол-жобого ылайык, Конституциялык сот тийиштүү суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып эки айдын ичинде корутунду чыгарат.   Жолугушуунун жүрүшүндө укуктук агартуу жаатында андан аркы кызматташуунун багыттары да талкууланды. Конституциялык жана эл аралык укук боюнча биргелешкен билим берүү иш-чараларын жана семинарларды, анын ичинде болочок парламентарийлер жана юридикалык факультеттердин студенттери үчүн өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мындай демилгелерди өнүктүрүү укуктук маданиятты калыптандырууга, конституциялык баалуулуктарды бекемдөө...
31.10.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Меергүл Бобукеева жана Лунара Жолдошева Испания Королдугунун Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын колдоосунда  2025-жылдын 28-30-октябрында Мадридде (Испания) өткөн Конституциялык сот адилеттиги  боюнча дүйнөлүк конференциянын VI Конгрессине катышты.   “Келечек муундун адам укуктары” темасындагы Конгресстин ишине конституциялык соттордун 88 делегациясы, жалпысынан 300гө жакын адам катышкан. Аталган теманын алкагында экологиялык, маданий жана санарип укуктарды коргоо, ошондой эле сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоо маселелери талкууланды.   Катышуучулар Конституциялык сот адилеттиги боюнча дүйнөлүк конференциянын алкагында өз ара аракеттенүү, башка регионалдык жана лингвистикалык топтор менен кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле 2026-жылга биргелешкен иш-чаралардын планын макулдашты.   Конгресстин аянтчаласында кызматташуунун алкагында,  2025-жылдын 28-октябрында конституциялык көзөмөл органдарынын Евразия ассоциациясынын комитетинин жыйыны гибриддик форматта өттү. Жыйынга тогуз мамлекеттин – Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан (офлайн), ошондой эле Беларусь жана Россия Федерациясынын конституциялык сотторунун өкүлдөрү  (онлайн) катышты.   Форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Мадрид коммюникеси конституциялык соттордун адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролунун маанилүүлүгүн, ошондой эле алардын келечек муун алдындагы жоопкерчилигин тастыктады.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш-чараларга катышуусу Кыргызстандын конституциялык сот адилеттиги органдарынын эл аралык коомчулуктагы позициясын бекемдеди жана глобалдык соттук диалогдун өнүгүшүнө салым болду.    
30.10.2025
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу жана жарандык-укуктук тарбияны бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери Улуттук тарых музейинде болушту.   Экскурсия учурунда катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун – байыркы доордон тартып азыркы мезгилге чейинки – негизги этаптары менен таанышты. Музей кызматкерлери  археологиялык табылгалар, маданий салт-санаа, кыргыз этносунун калыптанышы жана эгемен Кыргызстандын өнүгүүсү жөнүндө айтып беришти.   Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген  “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу адеп-ахлагы жогору  жана жоопкерчиликтүү мекенчил жарандарды тарбиялоого багытталган.   Музейге баруу Уңгужолду ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдардын бири болду, бул Аппараттын кызматкерлеринин өлкөнүн басып өткөн тарыхый жолу тууралуу билимин тереңдетүүгө жана улуттук иденттүүлүк сезимин бекемдөөгө өбөлгө болмокчу.   Маалымат:   Улуттук тарых музейи 1925-жылдын 9-декабрында негизделген, ал эми 1927-жылдын 5-мартында алгачкы келүүчүлөр үчүн эшигин ачкан. Бүгүнкү күндө анын фондунда өлкөнүн археологиялык, этнографиялык жана маданий мурасын чагылдырган жүз миңден ашуун экспонат сакталат.   Экспозициялар байыркы доорду, орто кылымды, советтик мезгилди жана биздин күндөргө чейинки эгемен Кыргызстандын өнүгүү жолун камтыйт.
15.10.2025
  2025-жылдын 5-9-октябрында Анкара шаарында (Түркия) Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Азия конституциялык соттор ассоциациясынын жана ага теңдеш институттардын Адам ресурстарын даярдоо жана өнүктүрүү борборунун (AACC-CTHRD) 13-жайкы мектеби болуп өттү.   Бул жылы программа "Конституциялык-укуктук перспективада үй-бүлөлүк жашоо жана үй-бүлөлүк жашоону урматтоого болгон укук" темасына арналды. Катышуучулар адам укуктарын коргоо, конституциялык баалуулуктарды бекемдөө жана үй-бүлөлүк укуктарды соттук коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүштү.   Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан Жайкы мектептин ишине Соттун аппаратынын кызматкерлери катышып, үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин обзорун, ошондой эле конституциялык көзөмөл органынын бул тематика боюнча укуктук позицияларын камтыган баяндама жасашты.   Панелдик сессиялардын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуудагы ыкмалары, жубайлардын тең укуктуулугу, ата-энелик жоопкерчилик жана балдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.   Иш-чаранын жумушчу тилдери англис жана орус тилдери болуп, бул пикир алмашуунун ачык жана мазмундуу болушуна өбөлгө түздү. AACC-CTHRD Жайкы мектеби салттуу түрдө Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүн бириктирип, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана конституциялык сот адилеттиги жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт. Программанын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.  
14.10.2025
  2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында, конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери үчүн «Конституциялык соттун адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуудагы жана коргоодогу ролу» деген темада маалыматтык семинар өткөрдү.   Семинардын жүрүшүндө судья конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы катары Конституциялык соттун ролу жана функциялары жөнүндө кеңири айтып берди. Ал ошондой эле Конституциялык сот Конституциянын «сактоочусу» жана «коргоочусу» катары иш алып барарын, анын ишмердүүлүгү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин эң жогорку баалуулугу катары коргоого багытталганын белгиледи.   Семинардын алкагында катышуучуларга Конституциялык соттун иш тажрыйбасынан алынган реалдуу кейстер көрсөтүлдү, алар Соттун чечимдеринин инсандын укуктук кепилдиктерин бекемдөөдөгү жана бузулган конституциялык укуктарын калыбына келтирүүдөгү маанисин ачык көрсөтүп берди.   Иш-чара ачык диалог форматында өттү: катышуучулар активдүү суроолорду беришти, укуктук ыкмаларды талкуулашты жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого чакырылган институттардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алмашышты.   Мындай семинарларды өткөрүү мамлекеттик кызматкерлердин укуктук билимин тереңдетүүгө, адам укуктарын коргоого бирдиктүү конституциялык-укуктук мамилени калыптандырууга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө Конституциянын үстөмдүгү принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
09.10.2025
  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жогорку окуу жайлар менен конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана укук сабактарын окутууга бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга багытталган өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында 2005-жылдын 9-октябрында юридикалык факультеттердин окутуучулары үчүн Конституционализм мектеби өткөрүлдү.   Иш-чаранын максаты – болочок юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, конституциялык укуктун теориясы менен практикасынын ортосундагы байланышты бекемдөөгө, ошондой эле жогорку кесипкөй юристтердин муунун калыптандыруу үчүн академиялык коомчулук менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.   Катышуучуларга Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев учурашуу сөзү менен кайрылды.  Ал Конституциялык соттун билим берүү демилгелери Конституциянын үстөмдүгү принцибин иш жүзүндө жүзөгө ашырууда жана коомдо конституционализм маданиятын калыптандырууда маанилүү ролду аткара тургандыгын баса белгиледи.   Конституционализм мектебинин программасынын алкагында катышуучулар бир катар негизги темалар, анын ичинде мамлекеттик бийлик системасындагы конституциялык көзөмөл органынын орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, укук принциптерин жана укуктук доктриналарды ченемдик актылардын конституциялуулугун баалоодо колдонуу, ошондой эле Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу тартиби менен таанышты.   Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, ошондой эле судьялар Чинара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева лекция окушту. Семинардын программасы катышуучуларга заманбап тенденцияларды, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук доктриналарын жана практиканы эске алуу менен конституциялык укукту окутуу боюнча билимдерди бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берген интерактивдүү окутуу формаларын жана практикалык тапшырмаларды камтыды.   Катышуучулар алынган билимдер окуу программаларын өркүндөтүүгө жана студенттердин укуктук мада...