Бүгүн, 2024-жылдын 1-ноябрында Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Парламенти менен Конституциялык сотунун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу” темасындагы эки күндүк диалог аянтчасы өз ишин баштады. Иш-чара укуктук мамлекетти чыңдоодо жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоодо чечүүчү ролду ойногон эки негизги институттун өкүлдөрүн чогултту.
Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза, ошондой эле “Адилет” Укуктук клиникасы” коомдук фондунун жетекчиси Чолпон Джакупова сөз сүйлөштү. Өз сөздөрүндө катышуучулар укук тартибин бекемдөө жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн Парламент менен Конституциялык соттун ортосунда тыгыз кызматташуунун зарылдыгын баса белгилешти.
Диалог аянтчасынын негизги максаты Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун ортосундагы көз карандысыздык, өз ара урматтоо жана Конституцияны сактоо принциптерине негизделген өз ара аракеттенүүсүнүн механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат. Мыйзамдардын конституциялуулугун контролдоо, Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу, ошондой эле укуктук демилгелердин сапатын жогорулатуунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрү – талкуунун негизги багыттары болду.
Аянтчанын ишинин жүрүшүндө катышуучулар укук тартиби жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат, идеялар жана тажрыйбалар менен алмашат.
Иш-чаранын жыйынтыгы болуп Кыргызстандын укуктук системасын бекемдөөгө жана өлкөнүн бардык жарандарынын кызыкчылыгында анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен аракеттердин концепциясын иштеп чыгуу эсептелет. Бул укуктук мамлекетти өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам болмокчу.
24.10.2024
2024-жылдын 17-19-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева Аял-судьялардын улуттук ассоциациясы (АСУА) тарабынан уюштурулган, АКШнын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында өткөн “Сот адилеттигинин өткөндөгүсүн, учурду жана келечегин байланыштыруу” темасында Ар жылдык эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чара судьялардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле кыйла адилеттүү жана инклюзивдүү сот системасын түзүүгө өбөлгө болгон стратегияларды иштеп чыгууга багытталган билим берүү программаларын талкуулоо үчүн уникалдуу аянтчаны түзүп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык судьяларды жана укук коргоочуларды бириктирди.
Аталган конференциянын алкагында катышуучулар сот адилеттигине жетүү, жасалма интеллект, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, иммиграция, адамдарды сатуу жана калктын аярлуу топторун коргоону күчөтүү зарылдыгы, ошондой эле адилеттүү сот чечимдерин кабыл алуу жана тең укуктуу сот системасын түзүү сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү талкуулашты. Күн тартиби боюнча конференциянын темасынын актуалдуулугуна байланыштуу, өткөндөгүнүн топтолгон тажрыйбасын жана заманбап инновацияларды эске алуу менен азыркы чакырыктарга жана сот системасын өнүктүрүүнүн жолдоруна талдоо жүргүзүлдү.
Лунара Чаткалбековна эл аралык кызматташтыкка жана тажрыйба алмашууга тиешелүү талкууларга активдүү катышты, бул башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө мүмкүндүк берди. Бул иш-чара ошондой эле эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана актуалдуу укуктук маселелерди чечүүдө жаңы ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Конференция башталганга чейин эл аралык катышуучулар үчүн INL Билимдерди башкаруу агенттигинин колдоосунда окуу сапары уюштурулду.
Сапардын алкагында Лунара Жолдошева жана башка чет өлкөлүк соттордун өкүлдөрү сот отурумдарына катышып, АКШнын федералдык жана мамлекеттик сотторунун өкүлдөрү менен жолугушуп, калктын аярлуу топторун колдогон уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин та...
21.10.2024
Бүгүн, 2024-жылынын 21-октябрында, Бишкекте Борбордук Азия үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ АУЖКБ) башкармалыгынын аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулган “Негизги эркиндиктерге тиешелүү иштерде соттук экспертизалоо институтунун ролу” темасында тегерек стол өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергул Бобукеева бул иш-чарага катышып, куттуктоо сөзү менен тегерек столду ачты. Ал өз сөзүндө сапаттуу жана көз карандысыз экспертизадан соттук чечимдердин адилеттүүлүгү гана эмес, жалпы эле жарандардын укуктук системага болгон ишеними көз каранды экенин баса белгиледи.
Меергүл Бобукеева Конституциялык сот Конституциянын сакталышына көзөмөл жүргүзүүчү жогорку орган катары, инсандын укуктары жана эркиндиктери контекстинде мыйзамдарды талдоо жана чечмелөө процессине активдүү катышып жатканын жана негизги эркиндиктерди, анын ичинде сөз эркиндигин, тынч чогулуштар эркиндигин коргоо жана басмырлоонун ар кандай формаларынан коргоо укуктук системанын ажырагыс элементи болууга тийиш экенин белгиледи.
Мындан тышкары, судья М. Бобукеева мындай талкуу тегерек столдун катышуучуларына тажрыйба алмашууга, сунуштарды иштеп чыгууга жана жарандардын укуктук жактан корголушун күчөтүүгө, ошондой эле мындай иштерде соттук экспертизалардын практикасын өркүндөтүүгө жардам бере турган идеяларды биргелешип илгерилетүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Ал тегерек столдо өлкөбүздө укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылууда мындан аркы кадамдар үчүн негиз боло турган көптөгөн конструктивдүү сунуштар иштелип чыгаарына ишенимин билдирди.
Тегерек стол мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, адвокаттардын, академиялык чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди, бул сот адилеттиги маселелери боюнча конструктивдүү диалог үчүн платформа түзүүгө мүмкүндүк берди. Катышуучулар ошондой эле экстремисттик аракеттерге каршы туруу боюнча Ички иштер министрлигинин жакында сунушталган мыйзамдык демилгелеринин алкагында соттук экспертизаларды колд...
11.10.2024
2024-жылдын 11-октябрында “Жарандардын конституциялык контролдоо органдарына кайрылуулары: жол берүү критерийлери” темасында эл аралык онлайн-семинар болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергуль Рыскулбековна Бобукеева катышты.
Иш-чарага конституциялык соттордун – Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле НАРХОЗ университетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Семинардын жүрүшүндө конституциялык даттануу механизми аркылуу жарандардын укуктарын коргоонун негизги маселелери талкууланды.
Семинарды Казакстандын Конституциялык соту НАРХОЗ университети менен биргеликте уюштурган. Биринчи сессиянын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Тадеуш Валентинович Воронович жана Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Карим Мазиёевич Каримов өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, адам укуктарын коргоонун куралы катары конституциялык даттануу жөнүндө докладдарын сунуш кылышты.
Экинчи сессияда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы М.Р. Бобукеева “Абстракттуу конституциялык контроль. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун практикасы” темасында доклад жасады.
Үчүнчү жана төртүнчү сессиялардын алкагында конституциялык сотторго кайрылууларга жол берүү шарттары жана конституциялык контролдоо органдарынын чечимдерин ишке ашыруу механизмдери талкууланды. Россия Федерациясынын, Азербайжандын жана Казакстандын эксперттери өз өлкөлөрүнүн бул жааттагы тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.
Семинар жигердүү пикир алмашуу жана жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктады, бул катышуучуларга конституциялык укуктарды коргоого карата ар кандай мамилелерди түшүнүүнү тереңдетүүгө жана бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берди.
10.10.2024
2024-жылдын 10-октябрында Конституциялык соттун төрагасы Э. Ж. Осконбаев менен Башкы прокурор М. К. Асаналиевдин жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара конституциялык мыйзамдуулукту колдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартында №47 жарлыгы менен бекитилген "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү" Мамлекеттик максаттуу программасында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулоого багытталган.
Жолугушууда Конституциялык соттун чечимдерин натыйжалуу аткаруу үчүн эки институттун өз ара аракеттенүүсүнө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрылууга укугу бар маанилүү субъект катары Башкы прокурордун ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Башкы прокурордун бул ыйгарым укугу мамлекеттеги конституциялык мыйзамдуулукту жана укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык сотто Башкы прокурордун туруктуу өкүлүн киргизүү, Конституциялык сот тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү конституционализм мектептеринин алкагында прокуратура кызматкерлери үчүн лекцияларды жана семинарларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.