2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жергиликтүү соттордун биринчи жолу дайындалган судьялары үчүн үч күндүк билим берүү программасы ийгиликтүү аяктады. Стажировка катышуучуларга конституциялык укук жаатындагы өз билимдерин тереңдетүүгө, Конституциялык соттун ролун жана ишинин өзгөчөлүгүн кененирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
20 сааттык интенсивдүү окуу ишине эсептелинген программанын алкагында судьялар төмөнкүлөрдү окушту:
• мамлекеттик органдар системасында Конституциялык соттун ролу;
• Конституциялык сот өндүрүшүнүн этаптары жана укуктук негиздери;
• ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясы принциби;
• Конституциялык сотто судьялардын кайрылуусун жана суроо-талаптарын кароонун өзгөчөлүктөрү;
• ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоого карата практикалык мамиле;
• мыйзамдардын ар кандай багыттары боюнча Конституциялык соттун негизги чечимдерин талдоо.
Катышуучулар Конституциялык соттун негизги функциялары менен таанышып, анын реалдуу иш тажрыйбасынан алынган мисалдарды окуп-изилдешти. Стажировканын алкагында Конституциялык соттун имаратына экскурсия уюштурулду. Катышуучулар иш процесстерин көрүп, сот залынын түзүлүшү, мекеменин китепке бай китепкана фонду менен таанышты.
Программа Конституциялык соттун судьялары менен жолугушуу менен аяктады. Бул ачык диалог пикир алмашуу жана судьялар өз ишинде туш болгон кесиптик маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Иш-чара судьялардын кесиптик компетенцияларын бекемдөөгө, алардын конституциялык укуктун негиздерин терең түшүнүүсүнө жана сот адилеттигинин стандарттарын жогорулатууга багытталган. Бул демилге Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам.
21.01.2025
2025-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева Глобалдык Түштүк Тармагы (Global South Network, GSN) тарабынан уюштурулган, Улуу Британиянын Жогорку Сотунун төрагасы, лорд Роберт Риддин катышуусунда өткөн “Түндүк жана Түштүк: Бириккен Королевство менен Глобалдык Түштүктүн ортосундагы соттук кызматташтык” деген темадагы онлайн лекцияга катышты.
Өз сөзүндө Л.Жолдошева Түндүк жана Түштүк өлкөлөрүнүн ортосундагы соттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, сот системаларынын ортосундагы билим жана тажрыйба алмашууда Глобалдык Түштүк Тармагынын ролуна басым жасады. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык укуктук демилгелердин алкагындагы жетишкендиктерин баса белгилеп, дүйнөлүк сот органдары менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн багыттарды сунуштады. Лунара Чаткалбековна ошондой эле натыйжалуу эл аралык сот кызматташтыгынын негизги элементтери катары адам укуктарын жана санариптик сот адилеттигин коргоонун маанисин белгиледи.
Глобалдык Түштүк Тармагы (GSN) дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн судьялары катышкан эл аралык конференцияларды жана дискуссияларды уюштуруу менен Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн сот системаларын колдоодо маанилүү ролду ойнойт. Анын иш-аракеттери адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. GSNдин маанилүү жетишкендиги – өз ишмердүүлүгүндө инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат, мында иш-чаранын катышуучуларынын 70% дан ашыгын айымдар түзөт.
13.01.2025
Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 13-январындагы аныктамасы менен Тепляков Виталий Владимировичтин 2021-жылдын 28-октябрдагы №126 Мыйзамга ылайык күчүн жоготту деп таанылган «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 5-пунктунун «в» пунктчасынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуу субъектисинин позициясы
Кайрылуу субъекти өзүнүн кайрылуусунда «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын натыйжасында, жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулмайынча кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиги боюнча аны кыскартууга жол берилбейт деген ченем жоюлганын белгилейт. Бул ченем 2021-жылы жокко чыгарылган, бирок 2024-жылы кайрадан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине киргизилген.
Өз кезегинде, арыз ээси мындай кырдаал жабырлануучу тарапты басмырлоого алып келип, аларды иштери мурда жокко чыгарылган ченем колдонулган мезгилде каралган доогерлерге салыштырмалуу кыйла аз укуктук корголуу абалына коё тургандыгын белгилейт.
Мындан тышкары, кайрылуу субъектиси бул ченемдин жокко чыгарылышы адилеттүүлүк жана теңдик принциптеринин бузулушуна алып келгендигин белгилейт, анткени ал айыпталуучулар менен жабырлануучуларды бирдей эмес абалга коет.
Арыз ээси ошондой эле, жабырлануучу болуу менен доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам кылмыш ишинин токтотулушуна каршы чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын белгилейт, буга айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна албаган учурлар да кирет. Арыз ээси бул жагдай анын адилеттүү соттук териштирүүгө укугун бузуп, айыпталуучуну артыкчылыктуу абалга коёт деп эсептейт.
Жогоруда айтылгандарды эс...
27.12.2024
Урматтуу мекендештер!
Келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул жыл оңой болбосо да, биримдигибиз, кайраттуулугубуз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз менен бардык кыйынчылыктарды биргеликте жеңип, өлкөбүздү бекемдеп келдик.
Жаңы жыл – үмүттүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн убагы, пландарды түзүп, аларды ишке ашырууга умтулган мезгил.
2025-жыл ар бир үйгө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык алып келсин!
Ар бирибиздин жүрөгүбүздө жаратмандыкка шыктануу болсун, ал эми биздин жалпы эмгек – Кыргызстанга туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү алып келсин!
Сиздерге чың ден соолук, бакыт жана үй-бүлөңүздөрдө бейпилдик каалайм. Биздин ыйык каада-салт, даанышмандык жана элибиздин биримдиги жаңы жетишкендиктердин жана өлкөбүздүн жаркын келечегинин негизи болсун!
Терең урматтоо жана эң жылуу каалоолорум менен,
Эмиль Осконбаев,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы
27.12.2024
2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сот системасын өнүктүрүүгө жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Конституциялык соттун судьяларын сыйлоо аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү судьялар ардактуу грамоталар жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды:
• К.А. Дуйшеев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын орун басары, соттук чөйрөдөгү көп жылдык жана үзүрлүү иши, ошондой эле укуктук мамлекетти жана конституциялык тартипти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланды.
• М.Р. Бобукеева, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого кошкон салымы, ошондой эле соттук практиканын өркүндөтүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланды.
• Л.Ч. Жолдошева, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, сот системасын өнүктүрүүгө жана конституциялык түзүлүштүн туруктуулугун камсыз кылууда кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланды.
Жогорку Кеңештеги салтанаттуу сыйлоо аземинде судьялардын эмгегин, кесипкөйлүгүн, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөдө жана конституциялык принциптерди сактоодо алардын ишинин маанилүүлүгү баса белгиленди.
27.12.2024
2024-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошович Осконбаев Embraer 190 учагы кырсыкка учурагандыгына байланыштуу көңүл айтуу үчүн Азербайжан Республикасынын Элчилигине барды.
Эмиль Жолдошович Конституциялык соттун атынан Аза күтүү китебине жакындарын жоготкон адамдарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүнү тилеген билдурүү калтырды.
190.
18.12.2024
2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргызстандын эл аралык университетинин (КЭУ) студенттери катышты. Бул иш-чара Конституциялык соттун жогорку окуу жайлар менен кызматташуусу боюнча иш-чаралар планынын бир бөлүгү болуп саналат жана келечектеги юристтерди даярдоого, алардын теориялык билимдерин практикалык деңгээлде бекемдөөгө багытталган.
Иш-чара жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана келечектеги адистерди өлкөнүн конституциялык контролдоо боюнча жогорку органынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Студенттер Конституциялык соттун китепканасына барышып, анын жооптуу адиси китепканада сакталган уникалдуу басылмалар жана укуктук материалдар менен тааныштырды. Бул ресурстар сот ишин камсыз кылуу үчүн маанилүү негиз болуп эсептелет.
Экскурсиянын кийинки этабы “Белектер бурчун” көрүү менен улантылып, анда Конституциялык соттун эл аралык кызматташтыгынын алкагында чет элдик конституциялык соттордон алынган эскерүү белектери көрсөтүлдү.
Конференц-залда бөлүмдөрдүн жетекчилери бөлүмдөрүнүн негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат беришип, соттун уюштуруучулук иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.
Студенттердин өзгөчө кызыгуусун Соттук отурумдар залы жаратты. Бул жерде Конституциялык соттун судьясы Ч.А. Айдарбекова Конституциялык соттун жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу ролу, мамлекеттик бийлик системасындагы орду жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы мааниси тууралуу айтып берди. Студенттер активдүү түрдө суроолорду берип, толук кандуу жоопторду алышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн билим берүү мекемелери менен байланыштарды бекемдөөгө жана келечектеги юристтердин кесиптик өсүүсү үчүн шарттарды түзүүгө берилгендигин дагы бир жолу ырастайт. Мындай иш-чаралар узак мөөнөттүү кызматташуу планынын алкагында кийинки жылда да улантыл...
06.12.2024
2024-жылдын 6-декабрында Чүй облусундагы "Гранд отель Бурана" конференц-залында
" Аял-Судьяларынын Кыргыз Ассоциациясы" (АСКА) коомдук бирикмесинин X Жылдык Конференциясы ийгиликтүү башталды. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген сот адилеттигинин лидерлери гендердик зомбулук, юридикалык жардам көрсөтүүдөгү кемчиликтер жана институционалдык реформалар боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн чогулушту. "Укук булагы" долбоорунун колдоосу менен АСКА тарабынан уюштурулган иш-чара "Юридикалык адилеттүүлүктү бекемдөө: акысыз юридикалык жардамга жетүү, сот системасындагы аялдарды колдоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу" темасына арналган.
Конституциялык соттун өкүлдөрүнүн катышуусу
Конференцияда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төраганын орун басары Карыбек Арстанбекович Дүйшеев саламдашуу сөзүн сүйлөдү. Ал сот адилеттигине бирдей жетүүнү камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи:
"Конституциялык сот, мыйзамдын үстөмдүгүн жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоочу орган катары, баса белгилейт: сот адилеттигине бирдей жетүү - бул учурдагы талап гана эмес, демократиялык мамлекеттин фундаменталдык принциби. Сот системасындагы аялдарды колдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алардын катышуусу сотторго болгон ишенимди күчөтүү менен адам укуктары, гендердик теңдик жана социалдык адилеттүүлүк маселелерин кароодо ар тараптуу мамилеге өбөлгө түзөт. Гендердик зомбулуктун алдын алуу да өтө маанилүү, анткени бул юридикалык гана эмес, моралдык көйгөй, ал мамлекеттин, жарандык коомдун жана эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттерин талап кылат. Жабырлануучуларды коргоо үчүн натыйжалуу механизмдерди түзүү, юридикалык жана маданий тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу - бул биздин биргелешкен көңүл буруу жана аракеттерди талап кылган милдеттер".
Конституциялык соттун судьясы жана КАЖС мүчөсү Чинара Аскарбековна Айдарбекова өз сөзүндө конференциянын гендердик зомбулуктун алдын алууга арналган 16 күндүк активд...
05.12.2024
2024-жылдын 5-декабрында Бишкекте болочок юристтерди даярдаган ЖОЖдордун окутуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган “Конституционализм мектеби” болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар “Коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн конституционализмдин мааниси”, “Мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы конституциялык соттун орду жана ролу” аттуу темаларды талкуулашты, алар Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев тарабынан кеңири чагылдырылды.
Ошондой эле ааламдашуу шарттарында укуктун өнүгүү тенденциялары, конституциялык юстицияны жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү, конституциялык маданиятты жогорулатуунун маанилүүлүгү жана мында билим берүү мекемелеринин ролу козголду. Бул тууралуу Конституциялык соттун судьясы Ч.А. Айдарбекова сөз сүйлөдү.
Конституциялык контролдоо органдары тарабынан колдонулуучу, ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоого карата мамилелер, Конституциялык соттун чечимдеринин күчү жана аларды аткаруунун тартиби жөнүндө маселелер блогун Конституциялык соттун судьясы М.Р. Бобукеева айтып берди.
Бул Мектеп Конституциялык сот тарабынан 2024-жылдын ноябрында бекитилген Конституциялык сот менен билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүү планын аткаруу максатында өткөрүлдү. Мындай мектептерди өткөрүүнүн максаты укуктук системаны өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларынын жана конституциялык принциптерди заманбап түшүнүүнүн негизинде юристтерди даярдоо үчүн укук боюнча окутуучулардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат.
Конституциялык соттун конституционализм мектептери салттуу түрдө юристтердин, адистердин ар кандай топтору үчүн өткөрүлөт жана конституционализм жөнүндө маалымдарлыкты жогорулатуу жана конституциялык баалуулуктарды жайылтуу үчүн таанылган платформа болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Адилет “Укуктук клиникасы” коомдук фондуна бул иш-чараны өткөрүүгө техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
29.11.2024
2024-жылдын 20-24-ноябрында чейин Индиянын Лакхнау шаарында Монтессори шаардык мектеби (CMS) тарабынан уюштурулган Дүйнөнүн башкы судьяларынын 25-эл аралык конференциясы болуп өттү.
Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Дуйшеев Карыбек Арстанбекович жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жолдошева Лунара Чаткалбековна катышты.
Дүйнө өлкөлөрүнүн жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн чогулткан бул конференциянын темасы “Келечек үчүн башкаруу” болду. Адамзат үчүн, айрыкча балдар үчүн коопсуз жана ишенимдүү келечекти түзүүгө басым жасалды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрү конференциянын ишине активдүү катышты. К.А. Дүйшеев “Илим, технологиялар жана инновациялар, санариптик кызматташтык” сессиясында сөз сүйлөп, анда сот адилеттиги тутумуна заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдө санариптик кызматташтыктын потенциалын баса белгиледи.
Л.Ч. Жолдошева “Жаштар жана келечек муун” аттуу параллель сессиясында сөз сүйлөп, анда жаштардын келечекти калыптандыруудагы ролун жана укуктук мамлекеттин принциптерине негизделген демократиялык коомду мындан ары курууга жардам бере турган негизги баалуулуктарды кийинки муунга сиңирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
63000дөн ашык окуучусу бар дүйнөдөгү эң ири мектеп катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген – Монтессори (CMS) мектеби салттуу түрдө элдердин достугун өнүктүрүүгө жана ар кандай тармактарда тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүүчү эл аралык иш-чараларды уюштурат. Анын сыйлыктарынын арасында – “Тынчтык духунда тарбия үчүн ЮНЕСКОнун премиясы жана “Ядросуз келечек” премиясы бар.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрүнүн Дүйнөнүн башкы судьяларынын 25-эл аралык конференциясына катышуусу эл аралык укуктук байланыштарды чыңдоого жана сот адилеттиги жаатында кызматташууга көмөк көрсөтүүгө олуттуу салым болду.
...
26.11.2024
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери Сеул шаарында (Корея Республикасы) 2024-жылдын 13-ноябрынан 22-ноябрына чейин өткөн “Санариптик башкаруу жана жасалма интеллект” аталыштагы окуу курсунан окушту.
Бул иш-чара Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды илгерилетүү боюнча улуттук агенттиктин (NIPA) колдоосунда Корея Республикасынын Илим жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлиги жана Корея Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте уюштурулган.
Курска 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар электрондук сот адилеттиги чөйрөсүндөгү алдыңкы технологиялар менен таанышты, анын ичинде:
• жасалма интеллектти мамлекеттик башкарууга киргизүү;
• иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик шаймандар;
• маалыматтык коопсуздук.
Программа Корея Республикасынын Конституциялык сотуна барууну камтыды, алар электрондук сот өндүрүшүнүн уникалдуу системасы, сот залдарынын жабдылышы жана башка технологиялык чечимдер менен таанышты.
Курстардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кызматкерлеринин мындай иш-чараларга катышуусу кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга жана өлкөнүн сот системасына заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.