Меню навигации+

Жаңылыктар

30.06.2022

2022-жылдын 29-июнунда Конституциялык сот Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары А. Калмамат уулу жана А.А. Апысованын суроо-талабына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

 

Конституциялык контролдоо органы өзүнүн чечиминде мамлекеттик бюджет – коомдук иштин бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун ажырагыс атрибуту жана негизги куралы болуп санала тургандыгын белгиледи.

(more…)

17.06.2022

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-июнунда USAID "Укук булагы" долбоорунун колдоосу менен Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, USAID "Укук булагы" долбоорунун өкүлдөрүнүн жана тартылган эксперттердин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын сот тутумунун абалын диагностикалоо жана талдоо боюнча стратегиялык сессия болуп өттү.

 

Сессиянын ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан аппарат жетекчи Марат Джаманкулов катышты.

(more…)

16.06.2022


2022-жылдын 15-16-июнунда «Жашоо укугу» темасында Азиянын конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттардын ассоциациясынын (AКСА) 3-изилдөө конференциясы болуп өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын аналитика бөлүмүнүн улук консультанты С.Самсалиева жана эксперттик-аналитикалык башкармалыктын укуктук жана уюштурууну камсыздоочу бөлүмүнүн консультанты Н.Кененсариева катышты.

(more…)

15.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 15-июнунда Конституциялык сот Өмүркул уулу У., М.Ж. Турганбаевдин КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу боюнча ишти карады.

 

Талашылып жаткан ченемге ылайык мүлккө камак салуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш анын өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында мүлккө камак салуу жокко чыгарылат.

(more…)

08.06.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда Конституциялык сот А.К. Алагушевдин жана Н.К. Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот, талашылып жаткан ченемдер укуктук аныктык принцибине ылайык келбеген жана эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн таламдарына карама-каршы келбесе жана жазык процессинин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса, ачык жарыяланышы мүмкүн болгон маалыматтардын тизмесин камтыбаган даражада Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын жоболоруна карама-каршы келет деген тыянакка келди.

(more…)

18.05.2022

Конституциялык сот 2022-жылдын 27-апрелинде А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

 

Конституциялык сот талашып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамынын жоболоруна карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

(more…)

10.05.2022

Бүгүн 2022-жылдын 10-майында Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында “Конституциялык сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү” деген темада эл аралык тегерек стол өтүүдө. Иш-чараны Венеция комиссиясы Тажикстан Республикасынын Конституциялык соту менен биргеликте уюштурган.

(more…)

10.05.2022

Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев 9-майда Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Митинг-реквиемге ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын тургундары катышты.

(more…)

05.05.2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө Конституциялык сотко келди.

 

Имарат менен таанышуу учурунда Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев Мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берди.

(more…)

05.05.2022

Бүгүн, 5-майда, Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган студенттер арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан USAID «Укук булагы» долбоорунун техникалык колдоосу менен уюштурулган.

 

Бул сынак жаштарды укуктук жактан агартуу жана алардын аң-сезиминде Конституциянын мамлекеттин негизги мыйзамы катары маанисин бекитүү максатында өткөрүлдү.

(more…)

30.04.2022
29.04.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана жогорку окуу жайдын 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу: өнүгүүсү, көйгөйлөрү жана келечеги» темасында жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция өттү.

(more…)

27.04.2022

2022-жылдын 27-апрелинде Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Негизги укуктарды жана эркиндиктерди коргоо жаатында Конституцияны чечмелөө» темасында эл аралык конференция ишин аяктады.

(more…)

25.04.2022

Бүгүн Түркиянын борбору Анкарада Түркиянын Конституциялык сотунун 60 жылдыгына арналган «Адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы Конституцияны чечмелөө» аттуу эл аралык конференция өз ишин баштады.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев катышууда.

(more…)

20.04.2022

Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык сот жаран Ж. Калкожоевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешинин 2021-жылдын 13-августундагы Чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешиндеги судьялардын жоопкерчилиги тууралуу маселелерди кароонун тартиби жөнүндө Убактылуу Жобонун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот өз чечиминде бул Жобо ченемдик укуктук актынын бардык белгилерине ээ экенин жана конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында текшерилүүгө тийиш экендигин белгилеген.

(more…)

15.04.2022

Бүгүн 15-апрелде Бишкекте "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана мааниси жана анын конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролу"темасындагы улуттук конференция болуп өттү.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан Европа Бирлигини "Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү – 2-фаза" долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

 

(more…)

04.04.2022

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ролу» деген темада тегерек стол болуп өттү.

 

Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун судьялары, «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» коомдук уюмунун башкаруучу органынын төрагасы жана мүчөлөрү, «Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү - 2-фаза» программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе катышты.

(more…)

01.04.2022

Ушул жылдын 30-мартында Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан жогорку курстун студенттери үчүн уюштурулган «Карьера күнү» иш-чарасына катышты.

 

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарага 20дан ашык мамлекеттик органдардын жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

(more…)

31.03.2022

Бүгүн, 31-мартта Азиялык конституциялык соттордун жана эквиваленттүү институттардын ассоциациясынын (AКCА) Башкы катчыларынын видеоконференц байланыш аркылуу жолугушуусу болуп өттү.

 

Жыйынга Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Жаманкулов жана эл аралык мамилелер жана мыйзамдарды салыштырма анализи секторунун башчысы Каныбек Масалбеков катышты.

(more…)

29.03.2022

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы жана судьялары Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышышты.

 

Судьялар сурамжылоонун формасы боюнча каттоочунун суроолоруна жооп беришти. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен соттор жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу бардык маалыматты жеринде жазып алды.

(more…)