Программа Судьялар кеңеши тарабынан Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, юстиция органдарынын, КР Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштетилүүдө.
Иш-чарага ошондой эле КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары, КР Конституциялык сотунун судьялары, КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүм башчысынын орун басары, КР Жогорку сотунун судьялары, КР Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү соттордун төрагалары, жергиликтүү соттордун судьялары, КР Жогорку...
2022-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматка биринчи жолу кирген кызматкерлер салтанаттуу түрдө ант беришти.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев аларга кызматтык күбөлүктөрдү жана ведомстволук төш белгилерди тапшырды. Ант берүү юридикалык жана моралдык жоопкерчиликти жүктөгөн, тарыхый мааниге ээ болгон салтанаттуу иш-чара экендигин белгилеп кетти.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун өнүктүрүүгө катышкандыгы жана жетишкен ийгиликтери үчүн өнөктөштөргө сыйлыктар тапшырылды, ошондой эле Аппараттын кызматкерлерине "Заманбап эл аралык мамилелердеги трансулуттук конституциялык ишмердүүлүк" онлайн-конференциясына катышуунун жыйынтыктары боюнча сертификаттар берилди.