Меню навигации+

Жаңылыктар

22.07.2016
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 20-июлундагы № 163 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 8-10-беренелерине ылайык Конституциялык палатанын судьялары К.Абдиевге жана К.Киргизбаевге жогорку квалификациялык класс ыйгарылды.   Судьялар Ч. Айдарбековага, М.Бобукеевага, Э.Осконбаевге жана Ж.Саалаевге биринчи квалификациялык класс ыйгарылды. (more…)
18.07.2016

 

Нургазы Аманбаев конституционализм жайкы мектебинин катышуучусу өзүнүн жайкы сөзүндө белгилеп кетти. Конституциялык палата журналисттер үчүн уюштурган жалпы республикалык мелдештен экинчи орун алган үчүн конститционализмдин жайкы метебине катышууга мүмкүнчүлүк алган. Студент катышуучуларга өзү жазган ырын окуп берип, дүркүрөгөн кол чабууларга ээ болду (үзүндүсү төмөн жагында).

(more…)

15.07.2016

Үстүбүздөгү жылы 13-15-июлда Ыссык-Көлдүн жээгинде КР ЖС Конституциялык палата жактоочулар, ченем жаратуучу органдардын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн конституционалдуулуктун жайкы мектебин өткөрдү.

Жайкы мектеп катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү жѳнүндѳ, конституциялык сот өндүрүшүнө кайрылуу берүү жана катышуу тартиби тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу үчүн өткөрүлдү. 

 

(more…)

15.07.2016

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Эркинбек Мамыров ошондой эле талаш-тартыш жараткан ченемдердин конституциялуулугун текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салууда укуктук кенемтелердин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдеринин  мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышынын абалы жөнүндө да айтып берди. Ал укуктук жөнгө салуудагы кенемтелерди өз убагында толтурбоо жарандардын жана юридикалык жактардын Конституцияда кепилденген укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келет деп белгиледи.

 

(more…)

30.06.2016
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары ѳз жыйынында Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын, судья-катчыны кайрадан шайлашты. (more…)
20.06.2016
Конституциялык палатанын 2016-жылдын 15-июнундагы Токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын Регламентине өзгөртүүлөр киргизилди. (more…)
15.06.2016

 

2016-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында төрага М. Касымалиев жана судьялар Ч. Айдарбекова, Э. Осконбаев менен Венеция комиссиясынын делегаттары Арис Цимдарс - Латвиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы, Питер Вордл – шайлоо укугу маселелери боюнча эксперт (Улуу Британия), Владимир Гросу –Венеция комиссиясынын Молдовадан мүчөсүнүн орун басары, Светлана Анисимова – Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын регионалдык кызматташуу программалар бөлүмүнүн Борбордук Азиядагы долбоорлор боюнча менеджеринин курамында жолугушуу болуп өттү.

(more…)

13.06.2016

 

 

Кыргызстанда 10-июнда ««Мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун натыйжалуу иштешиндеги конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси» темасындагы Кыргызстандагы БУУѲП колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы уюштурган эл аралык конференция өз ишин аяктады.

(more…)

09.06.2016

Бүгүн Кыргызстанда ««Мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун натыйжалуу иштешиндеги конституциялык контролдоо органынын орду жана мааниси» темасындагы эл аралык конференция ѳз ишин баштады, Кыргызстандагы БУУѲПтун долборуунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы уюштурган.

(more…)

06.06.2016
2016-жылдын 9-10-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосунда ооздуктоо жана тең салмактуулук системасын натыйжалуу ишке ашырууда конституциялык контролдоо органдарынын орду жана мааниси» темасында эл аралык конференция уюштурууда. (more…)
02.06.2016

 

1-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында (КР ПМБА) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кызматкерлери үчүн «Расмий иш чараларды, конференцияларды, тегерек столдорду даярдоо жана өткөрүү» темасына тренинг өттү.

(more…)

19.05.2016
17-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Төрагасы М. Касымалиев жана Орусия Федерациясынын Конституциялык сотунун Төрагасы В. Зорькин  Конституциялык палата менен Орусия Федерациясынын Конституциялык соту ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту. (more…)
07.05.2016

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналып студенттердин арасында өткөрүлгөн «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды, ошондой эле Бишкек шаарынын Жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

(more…)

28.04.2016

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары Конституция күнүнө карата студенттер үчүн меймандык лекцияларды өткөрүштү. Анда, судья Курмантай Абдиев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттеринин алдында чыгып сүйлѳдү, судья Меергуль Бобукеева И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду.

(more…)

22.04.2016

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында Конституциялык палата менен Бишкек шаарынын жождорунун ортосундагы кызматташтык жѳнүндѳ меморандумга кол коюу боюнча салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Конституциялык палатанын судьялары, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору Ч.А. Адамкулова, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Н.Т. Айтмурзаев, КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын проректору А.Ш. Мамбеткулов, Б.Н. Ельциндин атындагы Кыргызстан-Россия Славян Университетинин проректору Л.Ч. Сыдыкова, ошондой эле аталган жождордун конституциялык укук кафедраларынын декандары, окутуучулары катышышты.

(more…)

01.04.2016

Бүгүн Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин 1-курсунун студенттери Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты. Студенттер менен жолугушуу учурунда Палатанын судьялары жана кызматкерлери Конституцияны жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон орган катары Конституциялык палатанын милдеттери жана функциялары, ошондой эле Конституция, анын коомдогу ролу жѳнүндѳ айтып беришти. Белгилеп кетчү нерсе, студенттердин Конституциялык палатага келүүсү адаттагыдай жана жакшы кѳрүнүш болуп калды, мында ар бир адамга жылуу мамиле кылуу менен бардык кызыктырган суроолоруна жооп беришүүгѳ даяр. (more…)

28.03.2016
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана аппараттын кызматкерлери Бишкек шаарынын эң кооз жерлеринин бири болгон Эркиндик бульварында ишембилик ѳткѳрүштү. (more…)
25.03.2016
БУУѲПнын «Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту алдыга жылдыруу үчүн укуктун үстѳмдүгүн бекитүү» долбоорунун техникалык колдоосу астында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнѳ карата «Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы» темасында студенттер арасында конкурс жарыялайт. Конкурс студенттердин мамлекеттин негизги мыйзамы болгон Конституцияга мамилесин ачкан эң жакшы материалдарды (эссе, дил баян, аңгеме, ыр, видео жана фотоматериалдар, сүрѳт жана башка кѳркѳм жана интеллектуалдык чыгармачылыктын натыйжасы) аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт. (more…)