

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Ала Тоо эл аралык университетинде Конституциянын коом турмушундагы маанисине жана аны сактоодо Конституциялык соттун ролуна арналган мейман лекциясын өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Конституциялык соттун төрагасы өлкөнүн Баш Мыйзамы катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, ошондой эле мамлекеттик түзүлүштүн принциптерин аныктаган Конституциянын маанисин баса белгиледи.
Ошондой эле, ал Конституция бардык жарандар, мамлекеттик бийлик органдары жана коомдук институттар тарабынан сакталууга тийиш экендигине көңүл буруп, Конституциянын сакталышын камсыз кылууда жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо Конституциялык соттун ролу жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, конституциялык сот конституциялык юстициянын жогорку органы жана мыйзамдар менен башка укуктук актылардын конституциялуулугун камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
Юридикалык факультеттин студенттери Эмил Осконбаевге суроо берип, Конституция жана анын коомдогу орду тууралуу темаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Бардык катышуучулар мындай маанилүү жана билим берүүчүлүк лекциянын өткөрүлгөнүнө ыраазычылык билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Конституциялык соттун судьялары Кыргызстандын ар кайсы университеттеринин бир нече юридикалык факультеттеринде болушуп, студенттер үчүн мейман лекцияларын өткөрүшкөнүн белгилей кетүү керек. Иш сапар 2023-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин болуп, Б. Ельцин атындагы КРСУ, КР ТИМ Дипломатиялык академиясы, КР ИИМ Академиясы, КМУ, Ош мамлекеттик университети, КР УКМК квалификацияны жогорулатуу институту, И. Арабаев атындагы университеттин укук таануу жана педагогика факультети жана лингвистика жана чет тилдер факультети сыяктуу билим берүү мекемелерин камтыды.
Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун юридикалык фа...