Меню навигации+

Кабыл алынган кайрылуулар



06.07.2023
Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Кутман Бактыбекович Кубатбековдун кайрылуусу боюнча

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 26-майындагы аныктамасы менен Т.А. Алмазбековдун, К.Б. Кубатбековдун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 146-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун а), б) пунктчаларынын, 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

06.07.2023
Эрбол Курманбекович Курманбековдун кайрылуусу боюнча

 

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 16-июнундагы аныктамасы менен Э.К. Курманбековдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыздануучунун көз карашы

Арыздануучу, КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоонун негиздеринин толук тизмеси караштырылган деп белгилөөдө.

Бирок, кайрылуу субъектинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемге ылайык, сот, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, аны канааттандыруу жөнүндө чечимди КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган жагдайлар боюнча гана чыгара алат. Ошентип, соттун КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3 пункттарында каралган башка жагдайлар боюнча өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө чечимди чыгаруу мүмкүнчүлүгү жок, бул өз кезегинде соттун бардык жагдайларды эске алуу укугун чектөөгө алып келүүдө. Бул жагдай соттолуучунун, анын ишин жогору турган сотто кайра каратууга болгон жана соттук коргонуу конституциялык укугун түздөн-түз чектөө болуп саналат.

Арыздануучу, башка эч кандай тартипте оӊдоого жатпаган мыйзамсыз же негизсиз соттук чечимди кайра кароо максатында кылмыш ишти кайра баштоонун негиздеринин тизмесин кыскартуу, соттук актылардын адилеттүүлүгүн камсыз кылууну жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сот тарабынан калыбына келтирүүнү мүмкүн эмес кылат деп белгилөөдө.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

06.07.2023
Рустам Ырысбаевич Мамановдун, Эльвира Сагыналиевна Джаркееванын, Максатбек Гыязидинович Анарбаевдин, Лилия Викторовна Рафикованын кызыкчылыктарын көздөгөн Сережа Мкртичевич Манукяндын өтүнүчү боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 29-июнундагы аныктамасы менен Р.Ы. Мамановдун, Э.С. Джаркееванын, М.Г. Анарбаевдын, Л.В. Рафикованын кызыкчылыгын көздөгөн С.М. Манукяндын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 439-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

06.07.2023
С.А. Матцаковдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республиксынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 30-июнундагы аныктамасы менен С.А. Матцаковдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынды.

29.06.2023
Г.С. Дуйшенбекованын кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 19-июнундагы аныктамасы менен Г.С. Дуйшенбекованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153- беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

26.05.2023
Тусучева Каныкей Азимджановнанын өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун 2023-жылдын 24-майындагы токтому менен Тусучева Каныкей Азимджановнанын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды.

16.05.2023
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинин кызыкчылыгын көздөгөн Тимур Жеңишбекович Арыковдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги аныктамасы менен Т.Дж.Арыковдун  “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана “ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган учурларды кошпогондо (тышкары)” деген сөздөр менен  туюндурулган 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 33-беренесинин 1-бөлүгүнө, 48-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

16.05.2023
М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоровдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 7-мартындагы аныктамасы менен М.М. Жорокуловдун жана Н.У. Кочкоровдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

 

11.05.2023
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Элдик» депутаттык тобунун сунуштамасы боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 4-майындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобунун «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу сунуштамасы сот өндүрүшүнө кабыл алынды.

 

Кайрылуу субъектисинин позициясы

 

Мыйзам долбоору менен Конституциянын                 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каралууда, ага ылайык өлүм жазасы мыйзам менен он сегиз жашка чыга элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштары үчүн гана белгилениши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VII чакырылышынын 61 депутатынын демилгеси менен мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Аталган мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊешинин расмий сайтында 2022-жылдын 20-октябрында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 116-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине референдум дайындоо тууралуу сунуш киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин    2-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, депутаттык тобу мыйзамдын долбооруна Конституциялык сот тарабынан корутунду берүүнү суранууда.

11.05.2023
Жакшылык Жоомартович Кадыровдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги аныктамасы менен Ж.Ж. Кадыровдун өтүнүчүнүн “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө бөлүгү өндүрүшкө кабыл алынды.

25.04.2023
Александр Викторович Москаленконун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 6-апрелиндеги аныктамасы менен А.В. Москаленконун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

25.04.2023
“Мамыр” АКтын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С. Адыловдун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 24-апрелиндеги аныктамасы менен “Мамыр” АКтын кызыкчылыгын көздөгөн Э.С. Адыловдун Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.

25.04.2023
Зокиржон Турдимахаматович Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Нуршат Хайрулаевич Касымовдун кайрылуусу боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен З.Т. Зайнабидиновдун кызыкчылыгын көздөгөн Н.Х. Касымовдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

27.03.2023
Рыскулова Алина Руслановнанын, Омуркул уулу Уландын өтүнүчү боюнча пресс-анонс

Конституциялык соттун 2023-жылдын 15-мартындагы токтому менен А.Р. Рыскулованын, У. Омуркул уулунун Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

25.03.2023
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Т.К. Самаковтун кайрылуусу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 9-мартындагы аныктамасы менен Т.К. Самаковдун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.