Пресс-релиздер
13.11.2024
2024-жылдын 13-ноябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап, жыйынтыгында чечимдин резолютивдик бөлүгү менен аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Соттук териштирүүлөр жөнүндө кабардар болуу укугу калыс сот адилеттигинин негизи болуп саналат. Ушуга байланыштуу мамлекет бул укукту ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүн болгон каражаттарды колдонууга жана сот процессинин катышуучуларынын бардык процессуалдык укуктарын сактоону камсыз кылууга тийиш.
Соттук кабарлоолордун мазмунунда дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабардаманы (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтмөнүн болушу мыйзамга баш ийген жарандын үлгүсүнөн келип чыккан катардагы жарандык милдетти аткарууга болгон чакырыктын чегинен чыкпайт, демек ал адамга ченемдеш болбогон жоопкерчиликти жүктөө катары каралышы мүмкүн эмес.
Социалдык чыр-чатактарды жана ар кандай талаш-тартыштарды сотто кароо аларды чечүүнүн жыйынтыктоочу жана акыркы жолу болуп саналат. Чыр-чатактар аларды чечүүнүн сот тартибине чейин эле пайда болот. Бул жалпысынан бул окуяларга тиешеси бар адамдар, эреже катары, мүмкүн болуучу соттук жоопкерчилик жөнүндө кабардар дегенди билдирет. Ушул жагдай, ар бир жарандын өзүнүн инсандыгын тастыктаган документтерге ээ болууга, ошондой эле анын иш жүзүндө жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүүлүгү менен бирге Конституциялык сот талашылып жаткан укуктук жөнгө салууну түзүлгөн кырдаалда объективдүү мүмкүн болуучу жана соттук коргоо укугу менен калыс сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу боюнча конституциялык жоболорду бузбоочу катары баалайт.
Ошону менен бирге Конституциялык сот соттук кабарлоолордун учурдагы системасы заманбап техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен колдонуудагы механизмдерди укуктук жөнгө салууну жакшыртууга муктаж деп эсеп...
15.07.2024
2024-жылдын 21-июнунда Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жогоруда аталган беренелеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Чечим кабыл алган, анда көрсөтүлгөн жоболор ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө баяндалган укуктук позициялардын күчүнөн улам колдонууга жатпай тургандыгын тааныган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш - жаза кодексинин 62-беренеси (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында) жазыктык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотууну, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 73-беренеси (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясында) – айыптоо өкүмүн аткаруунун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотууну карайт. Конкреттүү иштерди кароого байланыштуу Конституциялык сотко кайрылган судьялар конституциялык контролдоо органынын алдына Кылмыш-жаза кодексинин аталган беренелеринин мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонулбайт деген конституциялык принцибинин контекстинде колдонуусу жөнүндө укуктук маселени коюшкан.
Конституциялык сот өз Чечиминде мыйзамга өткөн мезгилге карай колдонуу күчүн берүү институту мыйзамды узакка созулган мамилелерге карата колдонууда маанилүү экендигин белгиледи. Жаңы ченемди ал күчүнө киргенге чейин келип чыккан фактыларга жана анын натыйжасында келип чыккан укуктук кесепеттерге жайылтуу жолу менен аны колдонуунун эрежелерин белгилөө (ретроактивдүүлүк) же, тескерисинче, айрым учурларда күчүн жоготкон ченемди колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол берүү (ультраактивдүүлүк) мыйзам чыгаруучунун дискрециясына таандык. Тиешелүү түрдө укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин конституциялык принциптеринен улам аныктык, айкындуулук жана карама-каршылыктуулук эмес талаптарына жооп бериши керек, ал эми аны колдонуунун механизми тиешелүү укук мамилелеринин субъекттерине түшүнүктүү болууга тийиш.
Доонун эскирүү мөөнөтү институту – бул оболу, мамлекет тараптан жумшактыктын көрүнүшү болуп саналат.
Доонун эскирүү мөөнөтү институтун колдонуу эрежелерин...
12.07.2024
2024-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда адвокаттар үчүн мамлекеттик тилди билүү, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдалануу милдетин талашылып жаткан ченем менен белгилениши адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу үчүн чектөө болуп саналат деп көрсөткөн.
Конституциялык сот өз Чечиминде Конституция менен кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекитилиши жөн жерден келип чыккан жок, ал кыргыздардын улуттук бирдейлигинин жана мамлекеттик өз алдынчалыгынын табигый өнүгүшүн чагылдырат деп белгилеген. Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн конституциялык-укуктук атрибуту катары мамлекеттин уникалдуулугун камсыз кылуу менен анын ишмердүүлүгүнүн маанилүү куралы катары негизги ролду ойнойт. Бул ошондой эле кыргыз тили эмне үчүн салттуу түрдө эл тарабынан улуттук баарлашуунун негизги каражаты катары колдонулуп келе жатканын түшүндүрөт жана анын өлкөдөгү маданий турмуш жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн фундаменталдуу маанисин баса белгилейт.
Укуктук мамлекеттин конституциялык принциби жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин жана бийликти жүзөгө ашыруунун алкагын белгилөө менен мамлекеттин иштеши жана анын жарандар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн фундаменталдык юридикалык негиздерди түптөйт (1-берененин 1-бөлүгү). Бул принциптин негизги аспектиси – Конституциянын үстөмдүгү, ага ылайык конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар (мындан ары – ЧУА) мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Мында мыйзам чыгаруучу мамлекеттик тилде чыгарылган актылар артыкчылыкка ээ экендигин жана түп нуска болуп эсептелээрин өзгөчө баса белгилейт («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 3-бөлүгү жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 6-беренеси)....
10.06.2024
Конституциялык сот 2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун жетинчи абзацынын «2016-жылдын 7-июнунан тартып» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Конституциялык сот өз чечиминде, иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акылар кызыктыруучу төлөмдөргө тиешелүү жана кызматтык маянага кошумча төлөнөт деп белгиледи. Алар эмгек акынын курамдык бөлүгү болуп саналса да, жумуштун татаалдыгын, санын жана сапатын эске алуу менен аткарылган конкреттүү эмгек үчүн акы (компенсация) катары каралышы мүмкүн эмес. Мындай кошумча төлөмдөрдү киргизүү маселелери конституциялык-укуктук жөнгө салуунун алкагынан чыгат жана мамлекет аларды экономиканын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана бюджеттик укуктун принциптерине жараша чечүүгө укуктуу.
Мыйзам чыгаруучу биринчи жолу 2016-жылдын 7-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажына убактылуу иштебеген кызматкерди алмаштырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын иш убактысын эсепке алуу эрежесин киргизген, демек талашып жаткан ченемдик жобо менен иш стажы үчүн кошумча акы эсептөө үчүн ушул эрежени колдонуунун башталышы катары ошол эле күндүн белгиленишин айрым субъекттердин башкаларга карата абалын начарлатуучу жана теңсиздик факторун камтыган жагдай катары кароого болбойт.
Баяндалгандарды эске алуу менен Конституциялык сот, мыйзам чыгаруучу жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан талашып жаткан ченемдик жобону киргизилиши алардын дискрецияларынын чегинде ишке ашырылган жана иштебеген кызматкерлерди убактылуу алмаштырган адамдардын абалын этап этап менен жакшыртууга багытталган ырааттуу чаралар катары кароо керек, ж...
14.05.2024
2024-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому менен бекитилген Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин 10-13-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин талашылып жаткан ченемдерине ылайык, ага карата анын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген анык эмес (жалган) маалымат жайылтылды деп эсептеген ар бир адамга өз укуктарын коргоого, анын ичинде маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечимге “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берилгендигин көрсөткөн. Ошол эле учурда, башка кызыкдар тарапка – сайттын же сайттын баракчасынын ээсине бул укук берилген эмес.
Конституциялык контролдоо органы өзүнүн Чечиминде талашылып жаткан Тартип ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш-аракеттеринин жол-жоболорун аныктаарын, алар мөөнөтүн белгилөө менен анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу, ошондой эле аны алып салуу жөнүндө арызды кабыл алуудан негиздүү баш тартуу чечимдерин кабыл алууну камтый тургандыгын белгилеген.
Конституциялык сот ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилген жарандын укуктары сайттын же веб-баракчанын ээсинин кызыкчылыгынан жогору турган артыкчылыктуу мааниге ээ экендиги тууралуу укуктук жөнгө салууну белгилөө Конституциянын ченемдерине жана духуна ылайык келет деп эсептейт. Тактап айтканда, адамдын кадыр-баркы абсолюттук жана кол тийгис мүнөзгө ээ болуп, башка конституциялык кепилдиктерден, анын ичинде өз пикирин билдирүү эркиндигинен, сөз жана басма сөз...
10.04.2024
2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту (мындан ары – Конституциялык сот) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин “Мындай аныктамалар кассациялык даттанууну же ушул иш боюнча кабыл алынган акыркы соттук чечимге сунушту кароо менен бир мезгилде, кассациялык тартипте кайра каралууга тийиш” деген сөздөр менен баяндалган 439-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда талашылып жаткан ченемдик жобону колдонуу Конституцияда каралган адилеттүү соттук териштирүүгө жана толук соттук коргонууга болгон адамдын укуктары менен эркиндиктерин одоно түрдө бузат деп көрсөткөн. Ал КЖПКда мындай мүмкүнчүлүк каралган жана муну менен укук коргоо органдары алардын абсолюттук, ажыратылгыс жана мыйзам менен корголуучу укуктарына кийлигише ала турган кырдаал түзүлгөн шартта, жарандардын акыркы соттун чечимине чейинки апелляциялык инстанциянын чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгүн чектейт деп эсептейт. Бул, арыз ээсинин пикири боюнча, жазык иши боюнча соттун акыркы чечимине кассациялык даттануулар же сунуштар бир эле учурда каралганда болот.
Жогорку соттун соттук коллегияларынан турган кассациялык инстанция апелляциялык инстанциянын мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүн жана аныктамаларын текшерүү менен соттук каталарды оңдоодо жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодо маанилүү ролду ойнойт.
Ал материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузууларды табууга багытталган чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү боюнча ыйгарым укуктар менен чектелген. Бул бузуулар, мисалы, кылмыш-жаза мыйзамын туура эмес колдонууну же жол берилгис далилдерди колдонууну камтышы мүмкүн.
Кассациялык инстанция ишти биринчи инстанциядагы же апелляциялык инстанциядагы соттордо кайра кароодо фактыларды жаңыдан белгилөөгө же алдын ала тыянак чыгарууга укугу жок. Анын ордуна ал процесстик жана материалдык чечи...
25.03.2024
2024-жылдын 21-февралында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө (мындан ары – КЖПК) ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Чечимде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргонуу укугу бардыгын камтыган мүнөзгө ээ болуу менен адамдын башка бардык укуктарына карата камсыздоо-калыбына келтирүү функциясын аткарууга жана конституциялык кепилдиктердин бүтүндөй комплексине таасир этүүгө жөндөмдүү экендиги белгиленген, андыктан өзүнө мамлекет тарабынан жогорку көңүл бурууну талап кылат.
Өз кезегинде, соттук коргонуу укугунун таасирдүүлүгү жана натыйжалуулугу сот түзүлүшү жана соттук жол-жоболор жөнүндө тийиштүү укуктук базаны түзүүгө, сот тутумунун жана судьялардын бардык зарыл нерселер менен камсыз болушуна гана эмес, оболу сот бийлигинин жалпысынан жана ар бир судьянын өзүнчө алганда көз карандысыздыгынын шарттарынан көз каранды. Ошондуктан Конституция бул маселеге өзгөчө маани берет жана 95-берененин 1-4-бөлүктөрүндө судьянын конституциялык-укуктук статусун атайын баса белгилеп, анын көз карандысыздык концепциясын бекемдегени бекеринен эмес.
Судьялардын көз карандысыздыгы – бул өзгөчө укук жана артыкчылык эмес, ал укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана демократия принциптери басымдуулук кылган, адам укуктары урматталган жана сакталган адилеттүү коомду куруу негизинде жаткан адилеттүү, калыс жана натыйжалуу сот адилеттигинин кепилдиги.
Судьянын кол тийбестиги так жана прагматикалык максатты көздөйт, тактап айтканда, судьяга кандай гана формада болбосун куугунтуктоодон коркпостон, өзүнүн конституциялык милдетин – сот адилеттигин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Судьянын көз карандысыздыгын камсыз кылуу системасынын маанилүү компоненти болуп жазык ишин козгоонун атайын жол-жобосун жана аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин болжолдогон жазык жоопкерчилигинен иммунитет саналат....
07.03.2024
2024-жылдын 6-мартында Конституциялык сот Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдин “жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.
Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченем адилет соттук териштирүү укугун чектейт жана соттук коргоо укугун бузат, анткени аны менен административдик доо коюунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө тыюу салуу белгиленген.
Конституциялык сот өз чечиминде колдонуудагы доонун эскирүү институту процессуалдык мөөнөттөргө салыштырмалуу эффективдүү укуктук каражат болуп саналат деп белгилген. Туура колдонууда бул мөөнөттөр конституциялык укуктун маңызын бузбайт жана ал үчүн мыйзам чыгаруучу административдик сот өндүрүшүн жөнгө салууда преклюзивдик (токтотуучу) мөөнөт колдонуу менен милдеттерди толук чечет.
Мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилген доо коюу мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө өзүнүн маңызы боюнча преклюзивдик мөөнөт катары чыгат, ал мөөнөттүн бүтүшү субъективдүү укуктун сөзсүз түрдө токтотулушуна алып келээри менен мүнөздөлөт. Сот талаш-тартыштын тараптарынын арыздарына карабастан преклюзивдик мөөнөттү колдонот жана бул мөөнөттөр токтотула турууга, үзгүлтүккө учуратылууга же калыбына келтирилүүгө жатпайт.
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 26-июнундагы Чечиминде мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын жана башкаруучулук чечимдеринин укук ченемдүүлүгү маселесинде ашкере узакка созулган белгисиздиктин мүмкүндүгүн жоюуга багытталган мындай процессуалдык эреже объективдүү себептер болгон учурда да соттук коргоо укугун ишке ашырууну чектебеши керек деп белгиленген.
Доонун эскирүү институт...
20.02.2024
2024-жылдын 17-январында Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо жол берилбейт» деген сөздөр менен билдирилген 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 6-беренесинин ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.
Конституциялык сот өз Чечиминде, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп белгилеген. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат (10-берененин 2-бөлүгү). Сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат (63-берененин 1-бөлүгү).
Бирок ар бир демократиялык укуктук мамлекет өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун, мамлекеттик жана саясий түзүлүштүн туруктуулугун, ар бир адамдын, жалпы эле коомдун укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кыла турган баалуулук координаттардын, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн системасына муктаж.
Андыктан, жогоруда айтылган конституциялык тыюу салуулар өздөрүнүн укуктук табияты жана мааниси боюнча абсолюттук мүнөзгө ээ боло албайт, бул Конституциянын цензурага жол берилбестигин жарыялаган ошол эле беренесинин мазмунунан ачык көрүнүп турат.
Алсак, Кыргыз Республикасында өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн. Чектелүүгө жаткан иш-чаралардын тизмеги, жеткиликтүүлүгү жана жайылтылуусу чектелген маалыматтардын тизмеги мыйзам менен белгиленет (Конституциянын 10-беренесинин 4, 5-бөлүктөрү).
Басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырган улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат (Конституциянын 32-беренесинин 4-бөлүгү).
Жогорудагы келтирилген конституциялык жоболор жана алардын аталган Мыйзамда иш...
02.02.2024
2024-жылдын 31-январында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 432-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Арыз ээсинин жүйөлөрүнө ылайык талашылып жаткан ченемде соттолуучунун камакта кармалган убактысын, ошондой эле дарылоо мекемесинде болуу убактысын эсепке алуу жөнүндө арыз менен кайрылуу укугун караган пункт жок, бул сотко кайрылууга конституциялык укугунун бузулушуна алып келет.
Чечимде белгиленгендей, КЖПКнын 354-беренесинин 1-бөлүгүнүн
8-пунктуна ылайык, эгерде айыпталуучу өкүм чыкканга чейин кармалган болсо же ага карата камакта, үй камагында кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган болсо, же ал психиатриялык мекемеде жайгаштырылган болсо, камакта кармоо убактысын эсепке алуу тууралуу маалыматтар айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө көрсөтүлүүгө тийиш экендиги белгиленген. Өкүмдүн дал резолютивдик бөлүгү соттун расмий эркин камтыйт, тактап айтканда, аткарууга милдетүү болгон жазма буйрукту камтыйт. Ошондуктан, сот тарабынан ал токтом кылган өкүм чыгарылган учурда камакта кармоо убактысын эсепке алуу маселесин чечүү абдан маанилүү болуп саналат. Мындан четтөө процессуалдык мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын бузуу катары бааланышы жана сот актысын жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн (КЖПКнын 421-беренеси).
Тиешелүү түрдө жазаны өтөгөн жери боюнча сот тарабынан жазаны жаңы эрежелер боюнча жаза өтөө мөөнөтүн аныктоо бөлүгүндө сот актысын кайра кароодон баш тартуу, ал эми колдонуудагы укуктук жөнгө салуу бул маселенин чечилишин өкүм чыгарган соттун укуктарына таандык кылат, ал эми бул маселе чечилбеген учурда – сот актысынын бул бөлүгүн жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого мүмкүнчүлүк берет, ар бир адамдын соттук коргонууга конституциялык укугун чектөө белгилерин түзбөйт.
Ошентип, Конституциялык сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 432-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келген.
08.01.2024
2023-жылдын 22-ноябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана аларды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Конституциялык сот өз чечиминде Конституция ар бир адамга эмгек эркиндигине, эмгекти жана ден соолукту коргоого, анын ичинде коопсуздук жана гигиена талаптарына кепилдик берерин белгиледи. Мамлекет эмгек мамилелерин, анын ичинде аялдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен укуктук жөнгө салууну аныктоо менен жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо боюнча милдеттерди аткарат.
Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринде, “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” Өкмөттүн токтомунда аялдардын эмгегине чектөө коюу алардын ден соолугун, өзгөчө репродуктивдүү функцияларын коргоо зарылчылыгы менен шартталган жана коомдук бакубаттыктын негизги элементи катары алардын репродуктивдүү ден соолугун сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Муну менен катар эле адамдардын турмуштук керектөөлөрүн камсыз кылуучу эмгекке болгон укук жана эмгекке бирдей жеткиликтүүлүк дүйнөлүк социалдык-экономикалык саясатта өзөктүү болуп калаары белгиленген. Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт жана Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенция сыяктуу эл аралык актылар эркектер менен аялдар үчүн басмырлоосуз бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдойт.
Ушундан улам, мыйзам чыгаруучу “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамда жыныстык белгилери ...
29.12.2023
2023-жылдын 27-декабрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн тиешелүүлүгүнө жараша «иштин маңызы боюнча чыгарылган” жана “иштин маңызы боюнча” деген ченемдик жоболорунун, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.
Жарандык процесстик кодекстин талашылып жаткан ченемдик жоболоруна ылайык, жаңыдан ачылган жагдайлар болуп мыйзамдуу күчүнө кирген, иштин маңызы боюнча чыгарылган талаштуу сот актысы кабыл алынган учурда бар болгон, арыз ээсине белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн эмес болгон жагдайлар саналат. Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдик жоболор менен талаштын маңызы боюнча эмес чыгарылган сот актыларына жаңыдан ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча арыз берүүгө тыюу салуу киргизилет. Мындай жагдай, арыз ээлеринин пикири боюнча, негизсиз жана адилетсиз, бул өз кезегинде соттор тарабынан сот адилеттигин жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө күмөн жаратат.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемине ылайык жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттун чечими, доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама, иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама, доо арызды кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама гана кайра каралышы мүмкүн. Арыз ээси сот актыларынын көрсөтүлгөн тизмеси Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына карабастан кабыл алынган деп эсептейт, анда Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес экендиги каралган.
Конституциялык сот “иштин маңызы боюнча чыгарылган” деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 373-беренесинин 1-бөлүгүнүн, ошондой эле ушул эле Кодекстин “иштин маңызы боюнча” деген сөздөр менен баяндалган 375-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболору...
29.12.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.С. Таджибаеванын кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемдин “же ишти карап жаткан сот,” деген сөздөр менен айтылган ченемдик жобосун Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгү, Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор менен катар эле соттун Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизүүгө ыйгарым укуктарын карайт.
Конституциялык сот өз чечиминде Конституцияда Жогорку Кеңештин депутатынын кол тийбестиги бекемделгендигин белгилейт, анын элементтеринин бири катары аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби каралган (78-берененин 1-бөлүгү). Депутаттын укуктук кол тийбестиги парламентарийди негизсиз куугунтуктоолордон коргоо менен ага өз функцияларын тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу парламенттин табияты менен шартталган анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун атайын кепилдиктеринен турат.
Бирок депутаттын кол тийбестиги анын абсолюттук жазасыз калышын билдирбейт, тескерисинче, аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин гана белгилейт. Атап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамда жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштаманы Башкы прокурор гана Жогорку Кеңешке киргизе тургандыгы каралган.
Конституция прокуратура органдарын мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү, кылмыш куугунтуктоо, соттук териштирүүгө катышуу, соттук чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү атайын статусу бар мамлекеттик бийлик ор...
29.12.2023
2023-жылдын 18-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн “Токтом жана негизги өндүрүштөн бөлүнүп алынган материалдар мөөрлөнүп чапталган конвертке салынат, ал андан ары кылмыш ишин териштирген органда сакталат жана анда камтылгандар менен тергөөчүдөн тышкары прокурор жана сот тааныша алат” деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу сот адилеттигинин кепилдиктеринин маанилүү элементи болуп саналат жана анын негизги максаттарынын бири – жазык процессине катышкан бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жетишүүгө багытталган белгиледи. Бул конституциялык милдет мамлекетке жүктөлгөн жана коомдук, ошондой эле жеке кызыкчылыктарды коргоого багытталган.
Алсак, жазык процессинде күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам чыгаруучу тарабынан белгиленген коргоо механизмдеринин бири псевдоним ыйгаруу жана ага жеткиликтүүлүктү чектөө аркылуу алар жөнүндө маалыматтарга купуялуулук берүү болуп саналат. Бул чара жазык ишинин материалдарынан адамдын жеке маалыматтары жөнүндө маалымдаманы алып салуу жана аларды негизги өндүрүштөн өзүнчө сактоо жолу менен ишке ашырылат. Инсан жөнүндө маалыматтарды купуя сактоо жөнүндө чечим тергөөчү тарабынан кабыл алынат жана токтом менен таризделет, ага тергөөчүдөн тышкары прокурор менен соттун жеткиликтүүлүгү бар.
Буга макул болбогон учурда жактоочу тарапка мындай чечимге прокурорго даттануу келтирүү укугу берилет. Прокурор жазыктык куугунтуктоодон тышкары, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана купуялуулук каражаттарын мыйзамдуу колдонулушуна кепилдик берүү менен укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзөт.
Сот өзүнүн сот адилеттиги функциясын аткарууда далилдерди, анын ичинде купуя маалыматтарды алард...
28.12.2023
2023-жылдын 25-октябрында Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды.
Конституциялык сот өз чечиминде КЖПКнын 455-беренесинин 1-бөлүгүндө КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган башка негиздер боюнча ишти кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу ченем жаратуу технологиясынын талаптарын бузуунун натыйжасы болуп саналарын белгилейт, мында көрсөтүлгөн пункттарга талашылып жаткан ченемде талап кылынган шилтеме алардын мазмунун жана маани-маңыздык жүгүн эске алуу менен колдонулган эмес.
Мыйзам чыгаруучу талашылып жаткан ченемде концептуалдык мүнөздөгү эки кемчилик кетирген, биринчиден, соттун сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык функцияларын ишке ашыруу, тактап айтканда КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктарын чектеген, экинчиден жазык иштери боюнча адилетсиз сот актылары менен бузулган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоого болгон конституциялык укугун чектеген.
Башкача айтканда, кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра жандандыруу маселесин колдонуудагы укуктук жөнгө салуу кайтадан ачылган жагдайлардын бардык спектрин камтууга мүмкүндүк бербейт, натыйжада жазык иштери боюнча адилетсиз чечимдер жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн процесстик мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Ошентип, сот ишти сот отурумунда изилденген кайтадан ачылган жагдайлардын негизинде алардын каралып жаткан ишке тиешелүүлүгү предметине чечүүдө өкүмдү, аныктаманы, токтомду жокко чыгаруу боюнча өз укугунан пайдаланып, өндүрүштү КЖПКнын 451-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бардык негиздер боюнча кайра жандандырууга укугу болушу керек.
20.11.2023
2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.” деген сөздөр менен баяндалган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады.
Талашылып жаткан ченемдик жобого ылайык шайлоого талапкерди каттоонун шарттарынын бири болуп өздүк каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүүнүн зарылдыгы саналат.
Арыз ээсинин пикири боюнча талашка түшкөн ченемдик жобо мыйзам чыгаруу органынын депутаттыгына талапкер катары каттоодо көрүүсү боюнча майыптарды бирдей эмес абалга коюп, аларды басмырлоого жол берет.
Конституциялык сот талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Бирок, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине колдонуудагы укуктук жөнгө салууга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын саясий турмушка жана мамлекеттин иштерине кеңири катышуусун камсыз кыла турган компенсациялык механизмдерди караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөө тапшырылды.
10.11.2023
2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинин 63-беренесинин 2-бөлүгүнүн айрым ченемдик жоболорунун жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2023-жылдын 30-июнундагы өзүнүн Чечимин кайра карап чыкты жана ага матроним (энесинин аты) институтун киргизүү зарылдыгын алып салган өзгөртүүлөрдү киргизди.
Мурда кабыл алынган Чечимге ылайык, турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же дене боюнун травмасын алган, же сот актысы менен тастыкталган алардын жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс турмуштук тажрыйбасы бар, ушул себептен улам өзүнүн толук ысмынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган адамдарга энесинин атын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү болжолдонгон, бул учурда мындай укукту алар толук аракетке жөндөмдүүлүккө, башкача айтканда 18 жашка чыкканда гана берүү болжолдонгон.
Мында Конституциялык соттун Чечиминде Кыргызстан СССРдин курамында болгон мезгилде киргизилген жана өз атын, фамилиясын жана атасынын атын камтыган ат коюу модели гана козголгон. Ал эми кыргыздын улуттук каада-салты боюнча («уулу, кызы, тегин» дегенди көрсөтүү менен) ат коюунун тартиби такыр каралган эмес, бул туурасында Чечимдин өзүндө белгиленген.
Бирок, соттун мындай позициясы калктын басымдуу бөлүгү тарабынан матроним институтун жалпысынан кыргыздын адеп-ахлактык принциптерине, баалуулуктарына жана салттарына кол салган терс көрүнүш катары кабыл алгандыгына байланыштуу коомчулукта чоң резонанс жараткан.
Түзүлгөн жагдайларды эске алуу менен Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев 2023-жылдын 11-октябрында Конституциялык соттун кароосуна 2023-жылдын 30-июнундагы Конституциялык соттун Чечимин матроним институтун киргизүү бөлүгүн кайра кароо жөнүндө сунуштамасын киргизген.
Конституциялык сот, Конституциянын ченемдеринин конституциялык-укуктук маанисин аныкт...
01.11.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – Жарандык процесстик кодекс) 222-беренесинин 6-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Конституциялык соттун чечими менен Жарандык процесстик кодекстин 222-беренесинин 6-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер сотко жүйөлүү себептерсиз бир жолу келбесе, сот арызды кароосуз калтырууга жол берилген өлчөмдө карама-каршы келет деп табылган.
Конституциялык көзөмөл органы өзүнүн укуктук позициясын негиздеп, Чечимде сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн гана билдирбестен, ошондой эле акыркы натыйжага жетүү үчүн бардык соттук жол-жоболор негизсиз тоскоолдуктарды камтыбастан, процесстин катышуучуларынын инсандыгына жана соттук териштирүү процессинин предметинин мүнөзүнө карабастан бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр берилип, ар бир адамдын иши сот тарабынан биротоло чечилишине жетишүү ниетинин ишке ашуусун билдирээрин белгилеген.
Каралып жаткан маселенин контекстинде мыйзам чыгаруучу сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде соттук иштерди созудуктурууну болтурбоо боюнча процесстик чараларды киргизүүдө, алардын акылга сыярдуулугуна жана өлчөмдөш болушуна, теңдештик принцибинин, ошондой эле жарандардын сот адилеттигине жетүү укугунун артыкчылыктыгына жана анын ишинин сот тарабынан биротоло чечилишине таянууга милдеттүү.
Жарандык процессте доогер менен жоопкердин ролу өзүнүн мүнөзү боюнча ар түрдүү болуп саналат, ал эми алардын жүрүм-турумдук компоненти иштин предметине жана конкреттүү жагдайларына жараша болот. Буга карабастан, доогер үчүн да, жоопкер үчүн да соттук жол-жоболор алардын кызыкчылыктарын коргоонун процесстик каражаттарына жана адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укуктарынын сот алдындагы эквиваленттүүлүгүнүн постулатына негизделиши керек.
Сот өзүнүн жогорку милдетин т...
15.07.2023
2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот Үйбүлө кодексинин (63-берененин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамдын (30-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы) айрым ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгүн угузган.
(more…)
14.07.2023
Конституциялык сот 2023-жылдын 12-июлунда “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.
Конституциялык контролдоо органы өз чечиминде Конституция социалдык мамлекеттин максаттарына ылайык жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына, анын ичинде согуштун ардагерлерине пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык коргоо жана колдоо чаралары түрүндө кепилдиктерди берүү менен колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.
(more…)