Пресс-релиздер
Конституциялык палата 2021-жылдын 10-мартында Жазык кодексинин 170-беренесинин «Уурдалган адамды уурдаган учурдан тартып 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошоткон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундары үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат» деген сөздөр менен баяндалган эскертүүсүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)
2021-жылдын 3-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, 2-бөлүгүн, 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 18-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)
2021-жылдын 17-мартында Конституциялык палата К.Т. Исаевдин кайрылуусуна байланыштуу Административдик-процесстик кодекстин 268-беренесинин 1-бөлүгүнүн «иштин маңызы боюнча чыгарылган» деген сөздөр менен берилген ченемдик жобонун (андан ары- АПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп тааныган. (more…)
Конституциялык палата КР Жазык-процесстик кодексинин 430-беренесинин 3-бөлүгүнүн «тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу боюнча чыгарылган апелляциялык инстанциянын сотунун чечимдери кассациялык тартипте кайра каралбайт» деп берилген ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, аны сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иштин токтотулушу жөнүндө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечимине даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган тергөө судьясынын токтомунун колдонулушуна карата бөлүктө Конституцияга карама-каршы келет деп кабыл алынды. (more…)
2021-жылдын 19-февралында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамдын кыйыр түрдө ээлик кылуу жолу менен банктын капиталына чектүү катышууга ниеттенген кандай гана жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын алдын ала кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттенмени белгилеген 85-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн, ошондой эле ушул эле Мыйзамдын, эгерде банктын капиталына чектүү катышуу Улуттук банктын уруксатысыз сатып алынган учурда, Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуулугун белгилеген 86-беренесинин 9-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты. (more…)
Конституциялык палата 2021-жылдын 27-январында Адам ооруп калганда асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) жана багып алуучу ата-эне боло албай турган оорулардын Тизмегинин 39-пунктунун конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карап чыгып, көрсөтүлгөн Тизмектин талашылып жаткан ченемин Конституциянын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп тааныды. (more…)
Конституциялык палата 2021-жылдын 20-январында Жазык-процесстик кодексинин «алардын макулдугу менен чакыртылышы мүмкүн» деген сѳздѳр менен баяндалган 515-беренесинин 1-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, аны Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)
Конституциялык палата 2021-жылдын 13-январында Жазык-процесстик кодекстин 259-беренесинин 2 жана 5-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, көрстөтүлгөн Кодекстин 259-беренесинин 2-бөлүгүн аны чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө баяндалган конституциялык-укуктук мааниде колдонулган шартында Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты, ошондой эле аталган Кодекстин 259-беренесинин 5-бөлүгү мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна, анын ичинде ушул токтом менен кызыкчылыгы бузулган адамдар тарабынан даттануу келтирүү мүмкүнчүлүгү каралбаган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп таанылды. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 23-декабрында КР Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди, эгер чыгарылган соттук акты менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары же мыйзам менен корголуп жаткан кызыкчылыктары бузулган болсо, аларга кассациялык доо арыз менен кайрылууга укук бербеген бөлүгүндө КР Конституциясына карама-каршы келет деп тааныган. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 16-декабрында Жазык процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, камакка алуу превентивдүү мүнөздө болуп, айыпталуучуга карата гана колдонулушу мүмкүн деп белгилеген. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун маңызы адам анын сотто айыптуулугу жөнүндө маселеси толук чечилмейин эркинен ажыратылуусу болуп саналат. Мында айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашынуу, иш боюнча сотко акыйкаттыкты аныктоодо, соттун өкүмүн аткарылышын камсыз кылууда тоскоолдук туудуруу мүмкүндүгү бөгөт коюунун негизги максаты болот. (more…)
2020-жылдын 2-декабрында Конституциялык палата Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык Мыйзамды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)
Конституциялык палатанын соттук коллегиясы жаран Н.А. Касымбековдун, Т.Б. Усубалиевдин жана «Реформа» саясий партиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, өтүнүчтөрдү өндүрүшкө кабыл алды. (more…)
Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Конституциянын көз карашынан алганда, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда айкын жана одоно бузуу үчүн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартууну мүмкүн деп тааныган, бирок мында судьядан, ал эмес аны жоопкерчиликке тартууга байланышса да, конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылуумүмкүн эмес деп эсептейт. (more…)
2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 30-сентябрында Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен айтылган талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)
2020-жылдын 16-сентябрында Конституциялык палата С.А. Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. (more…)