
Бишкекте учурдагы жылдын 10-11сентябрында «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү. (more…)
Бишкекте учурдагы жылдын 10-11сентябрында «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. (more…)
Урматтуу кыргызстандыктар!
Өлкөбүздүн эң башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнүн утурлай, кыргызстандыктарды ушул маарекелүү күнү менен куттуктайм. (more…)
Урматтуу юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!
Өзүңөргө маалым болгондой, КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы № 272 токтому менен ар жылы июндун акыркы жумасындагы жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын Юристтин кесипкөй күнү деп белгиленген. (more…)
Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын 30-жылдыгына жана Украина Конституциясынын 24жылдыгына арналган онлайн-конференцияга катышты. (more…)
Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын судьясы М.Р. Бобукеева жана Конституциялык палатанын Аппаратынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы К.Д. Алыбаев адам укуктары боюнча немис институту уюштурган «Европада укуктун улуктугун камсыз кылуу» онлайн-конференциясына катышышты. (more…)
Ж.А. Шаршеналиевдин судья болуп шайланганына жана кворумдун болгондугуна байланыштуу Конституциялык палата иштерди кароого киришип, 2020-жылдын 18-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)
Учурдагы жылдын 8-июнунда Конституциялык палатанын жыйыналышында судья-катчы болуп судья Ж.И. Саалаев шайланды. (more…)
Бүгүн, 8-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү К.С. Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 4-июнунда 7 жылдык мөөнөткө Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган Ж.А. Шаршеналиевди Конституциялык палатанын жамаатына тааныштырып кетти. (more…)
Балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата Конституциялык палатада балдардын сүрөт сынагы уюштурулду. Сынакка Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлеринин балдары катышты. (more…)
«Сотко ишеним» USAID-IDLO программасынын алкагында тейлөө жабдыктарын өткөрүп берүү салтанаты Конституциялык палатада болуп өттү. (more…)
Конституциялык палата санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактануу менен мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөчө кырдаал режиминде өз ишин улантып жатканын билдирет. (more…)
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү алдында Конституциялык палатанын төрагасы К.Дуйшеев менен жолукту. (more…)
Учурдагы жылдын 24-апрелинде Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Казахстан Республикасында президенттин институтунун негизделгенинин 30-жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты. (more…)
Конституциялык палатанын судьялары Кыргыз Республикасынын аймагында таажывирустун жайылышына тынчсыздануусу терең жана ушул вируска каршы күрөшүп жаткан жана биринчи катарда турган адамдарды терең урматтайт. Ушуга байланыштуу, ушул илдетке каршы күрөштү колдоо максатында Таажывируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бетэсебине өзүлөрүнүн бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышты.
Конституциялык палата 2020-жылдын 18-мартында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын салуу жөнүндө чечимдери даттанууну жокко чыгарат, ал арыздануучунун пикири боюнча кодуланбоонун конституциялык принцибинин, ошондой эле ар кимдин соттук коргонууга укугунун бузулушуна алып келет дейт. (more…)
Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 11-мартында Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан токтомду Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты. (more…)
Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев ушул күндөрү (учурдагы жылдын 5-6-марты) Самаркандда өткөрүлүп жаткан судьялардын Экинчи Борбордук-Азиялык диалогунун ишине катышууда. (more…)