Меню навигации+

Жаңылыктар

03.03.2017

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкеринин күнүнүн урматына судья Курмантай Абдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2017-жылдын 2-мартындагы №5 Токтому менен II-даражадагы «Кыргыз Республикасынын сот тутумунун мыктысы» медалы менен сыйланды, Конституциялык палатанын төрагасынын сунушунун негизинде.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 2-мартындагы №160 Буйругу менен ак ниет иши жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн  судья Осконбаев Эмиль Жолдошевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланды, Конституциялык палатанын төрагасынын сунушунун негизинде.

 

 

 

 

 

 

25.02.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  25-февралда   Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

 

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамлекет башчысы өлкө жарандарынын конституциялык укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

 

(more…)

24.02.2017

 

2017-жылдын 22-февралында Конституциялык палата атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болгон адамдарды, анысы жоюлган же жоюлбаганына карабастан, нотариалдык ишмерликке чектөөнү караган «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

(more…)

20.02.2017

 

2017-жылдын 17-февралында Конституциялык палата салык төлөөчүнүн даттануусун кароо тартибин караган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 149-беренесинин 2 жана 7 бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

(more…)

15.02.2017

 

2017-жылдын 15-февралында Конституциялык палата атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүмдөрдү, чечимдлерди же башка соттук токтомдорду чыгаруу үчүн судьялардын жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылды.

 

(more…)

10.02.2017

 

Бүгүн Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» Программасын баалоо боюнча миссия КРдин Жогорку сотунун Конституциялык палатасына келишип, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана төраганын орун басары Куанбек Киргизбаев менен жолугушушту.

 

Делегациянын курамында келгендер – тематикалык пландоо жана методология боюнча GIZ долбоорлорун пландоо боюнча алапаруучу адис, доктор Лотар Ян (Эшборн ш., Германия), укукка жетүү, укуктарды жүзөгө ашыруу маселелер, жана уюмду ичинен өнүктүрүү жаатындагы эркин консультант, Тилльманн Шнайдер (Германия), юрист, доктор Татьяна Крюгер (GIZ, г.Эшборн, Германия), GIZ региондук программасынын кеңешчиси мария Краузенбёк, «Борбордук Азия өлкөлөрүндө укуктук мамлекетүүлүккө көмөктөшүү» GIZ программасынын улуттук координатору Рустам Мадалиев, «КРде укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» ЕС долбоорунун жетекчиси, Стефанос Кареклас мырза.

 

(more…)

19.01.2017

 

 

Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Фархад Абдуллаев жана Туркия Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Зухту Арслан Дача-Суу айылында жук учагынын авиакырсыктын натыйжасында көптөгөн кишинин каза болгонуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровго көңүл айтышты.

 

 

“Жүк учагы авиакырсыкка туш болуп, натыйжасында көптөгөн кишинин өлүп кетиши тууралуу суук кабар бизди кайгыга батырды. Көзү өтүп кеткендердин жакындарына, туугандарына бөөдө кырсыктан тышкары болушуна тилектешпиз, өтүп кеткендердин арты кайрылуу болсун демекчибиз, ушул алааматтан аман калып, жаракат алгандар тез сакайып кетишин тилейбиз. Кыргызстандын  эли менен достугубуз артык, ушундай кыйын кырдаалда биз тилектештигибизди юилдирбесек эмнебиз дос-тууган”, деп айтылууда алардын билдирүүсүндө.

18.01.2017

 

2017-жылдын 18-январында Конституциялык палата “ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип,..” сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди жана бул ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп чечим чыгарды.

 

 Өзүнүн чечимин Конституциялык палата төмөнкүдөй тыянактар менен негиздеп берди.

(more…)

17.01.2017

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары Дача-Суу дача айылынын аймагына Boeing-747-400F жүк учагы келтирген авиакырсыктан жапа чеккендердин туугандарына жана жакындарына аманчылык сөздөрү менен бирге жарадарларга жана жапа чеккендерге тез сакайып кетишин тилейт.

Кырсык айтып келбейт, бул кырсык биз үчүн да, дүйнө эли үчүн да ичибизди эңшерип кеткен алаамат болду.

Арманга дуушар болгон туугандар менен жакындарына айтаарыбыз кайгы-муңга алдырбай,  белди бекем бууп, тирүүлөрдүн аманчылыгын тилейли. Көзү өтүп кеткендердин арты кайрылуу болсун. Аза күтөбүз...»

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары бир күндүк айлык маянасын авиакырсыктан жапа чеккендерге которушат.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары Дача-СУ дача айылынын аймагына Boeing-747-400F жүк учагы келтирген авиакырсыктан жапа чеккендердин туугандарына жана жакындарына аманчылык сөздөрү менен бирге жарадарларга жана жапа чеккендерге тез сакайып кетишин тилейт.

Кырсык айтып келбейт, бул кырсык биз үчүн да, дүйнө эли үчүн да ичибизди эңшерип кеткен алаамат болду.

Арманга дуушар болгон туугандар менен жакындарына айтаарыбыз кайгы-муңга алдырбай,  белди бекем бууп, тирүүлөрдүн аманчылыгын тилейли. Көзү өтүп кеткендердин арты кайрылуу болсун. Аза күтөбүз...»

 Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатанын төрагасы Э.Мамыров

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары жана Аппарат кызматчылары бир күндүк айлык маянасын авиакырсыктан жапа чеккендерге которушат.

13.01.2017

 

Бүгүн Конституциялык палатада КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, судья-катчы Меергуль Бобукеева USAID/IDLO программасынын региондук директири Фред Хьюстон менен жолугушту.

 

Жолугушуунун катышуучулары Конституциялык палатанын электрондук документ жүгүртмөсү тутумун өркүндөтүү жана аны андан коштоп жылдыруу маселелерин талкуулашты. USAID/IDLO программасынын каржылоосунун жардамы менен ЭДЖны андан ары заманбап шарттарга ылайык келтирүү зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти, ал Конституциялык палатага келип түшкөн документтин реалдуу мезгил жүрүшүнө, аппарат кызматчыларынын документтерди аткаруу мөөнөтүнө жана сапатына көз жүгүртүп турууга, программанын бөлүктөрү боюнча статистикалык маалыматтарды ыкчам алууга ж.б. жол берген башкаруунун жаңы архитектурасын карайт.

 

(more…)

28.12.2016

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

Конституциялык палатанын бүткүл жамааты атынан да, жеке өзүмдүн атыман да Сиздерди кирип келаткан Жаңы жылыбыз менен куттуктайм!

 

Ар бирибиздин жашообузда бул майрамдын өзгөчө орду бар. Жаңы жыл тартуулаган ак тилектери менен, жаркын сүйүнүчтөрдү алып келүү менен, жүрөгүбүздү таттуу кыялдарга бөлөйт.

 

Албетте, узатып жаткан жылыбыз баарыбызга өзгөчөлүгү менен эсте калаарлык. Өлкөдөгү өткөрүлүп жаткан укуктук өзгөрүүлөр, өзгөчө конституциялык толуктоолор, жаңы кырларды белгиледи, аларды көңүлүбүздү токтотуп чечүүгө белсенип турабыз.

 

(more…)

20.12.2016

2016-жылдын 17-декабрында Кыргыз-Россия Славян унниверситетинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы М. Бобукеева Конституциялык палатасы менен Кыргыз-Россия Славян университети ортосундагы кызматташуу жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында юридикалык факультеттин студенттери менен жолугушту.

(more…)

09.12.2016

 

Бүгүн Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси жана аппарат кызматчылары Корея Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы жана аны  баштап келген Ким Хён Чон мырза аппарат жетекчисинин орунбасары  менен жолугушту.

 

Жолугушуунун максаты маалымат технологиялар жаатында соттор ортосунда кызматташуу маселелерин талкулоо болду.

(more…)

06.12.2016

 

Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова «Азыркы сот адилеттиги: улуттук жана эл аралык өлчөмдөр» темасындагы IV Эл аралык салыштырма укук таануу конгрессинин ишине катышып келди. Конгресс Москва шаарында 2016-жылдын 1-декабрында өттү. Иш чара Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Мыйзамдар жана салыштырма укук таануу институту тарабынан Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы менен бирге уюштурулган.

(more…)

23.11.2016

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды, бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

(more…)

23.11.2016

Бүгүн Конституциялык палатада КР ЖС Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев жана судья-катчы Меергуль Бобукеева USAID/IDLO программасынын региондук директири Фред Хьюстон жана КР ЖС Соттук департаментинин “Адилет сот” маалымат технологиялар боюнча Мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

(more…)

16.11.2016

 

КР ЖС Конституциялык палатасы 2016-жылдын 16-ноябрында жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынган «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерди.

 

Конституциялык палата өз чечимин кийинки жүйөөлөрдүн негизинде чыгарды.

(more…)

09.11.2016

 Бүгүн КР ЖС Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров мырза, төраганын орунбасары Куанбек Киргизбаев мырза жана судья-катчы Меергуль Бобукеева айым Европа союзунун өкүлдөрү Каталин Герман мырза жана Клаудиа Хок айым менен жолугушту.

(more…)