Меню навигации+

Пресс-релиздер

25.09.2015

2015-жылдын 23-сентябрында Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ «жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн» деген сѳздѳр менен чагылдырган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып, Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды.

 

(more…)

15.09.2015

2015-жылдын 14-сентябрында Конституциялык палата, «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бѳлүгүнүн, 2-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пунктунун, 3-беренесинин 3-абзацынын, 4-беренесинин 1, 2-пункттарынын, 5-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнүн, 6-беренесинин 1, 3-бѳлүктѳрүнүн, 7-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыгып жана талашка түшкѳн ченемдердин конституциялуугу жѳнүндѳ чечим чыгарды, ошону менен бирге Жогорку Кеңешке «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Мыйзамына чечимдин жүйѳлѳѳчү бөлүгүнѳн келип чыккан тиешелүү ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизсин деп тапшырылган.

 

(more…)

03.09.2015

2015-жылдын 2-сентябрында Конституциялык палата, КР Жарандык процесстик кодексинин 263-беренесинин 3-пунктунун ченемдик жоболору Конституцияга ылайыктуулугу жѳнүндѳ чечим чыгарды.

Жаран А.М. Исаевдын кайрылуусуна ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын укугун же эркиндигин чектеген же бузган мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырынын, жана алардын кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларын толугу менен же бөлүгүн талашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин көргөзүлгөн ченемдеринде бекитилген үч айлык мөөнөт конституциялык мыйзамдарга жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка карама-каршы келет.

 

(more…)

11.06.2015

2015-жылдын 10-июнунда Конституциялык палата, катары менен төрт жолудан ашык жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себепсиз дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары тиешелүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого жергиликтүү кеңештин укугун караган «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлѳмүнүн конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карады.

 

(more…)

27.04.2015
10.04.2015
20.03.2015
2015-жылдын 11-мартында Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 1-, 4-бѳлүктѳрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бѳлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-, 6-пунктунун, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бѳлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5-, 6-бѳлүктөрүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген чечимин чыгарды. (more…)
05.03.2015

2015-жылдын 4-мартында Конституциялык палата, «өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен» деген сөздөрү менен берилген КР ЖПКнын 325-беренесинин ченемдик жобосу, актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө КР Конституциясынын 24-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп чечим чыгарды.

 

(more…)

03.11.2014
2014-жылдын 31-октябрында Конституциялык палата автордук, мурас жана шайлоо укуктарын коргоодон тышкары башка иштер боюнча көзөмөл тартибинде даттанууларды бир жылдын ичинде берүү талабын бекиткен Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бѳлүгүнүн ченемдик жобосу Конституциянын 20-беренесинин ченемдерине карама-каршы келбейт деген Чечим чыгарды. (more…)
31.10.2014

Кызматтык кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигинен бошотулбайт, ушундай чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан кабыл алынды.

Конституциялык палатага кызмат адамдары менен жасалган кылмыштар жѳнүндѳ жазык ишинен тышкары, эгер адам коомдук коркунучтуу болбой калса жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууну караштырган ЖПКнын 29-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун таануу жѳнүндѳ жаран Б.М. Толоевдин өтүнүчү келип түшкөн.

 

(more…)