Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Юрист күнүнө арналган II Конституциялык окуулар өз ишин баштады.
Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин ректору, юридика илимдеринин кандидаты, доцент Сейтек Асанов жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышуучуларга саламдашуу сөзү менен кайрылышты.
Конституциялык окууларга Конституциялык соттун судьялары, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, юридика тармагындагы окумуштуулар, эксперттер жана Кыргызстан, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы, Түркия Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасынан келген юридикалык практиканын өкүлдөрү катышууда.
Форумдун алкагында адам укуктарын коргоонун конституциялык механизмдерин өркүндөтүү, сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде кошумча мамлекеттик кепилдиктерге муктаж адамдардын укуктарын натыйжалуу камсыздоо, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана социалдык укуктарды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланат.
Үч күндүн ичинде катышуучулар илимий баяндамаларын сунуштап, тажрыйба алмашып, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы улуттук жана эл аралык тажрыйбаны, ошондой эле конституциялык өнүгүүнүн заманбап багыттарын талкуулашат.
25.06.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси Каныбек Масалбеков Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын (AКСА) Самаркандда өтүүчү иш-чараларды даярдоонун алкагында Өзбекстан Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган онлайн-кеңешмеге катышты.
Ассоциацияга мүчө – мамлекеттердин конституциялык сотторунун өкүлдөрү AКСАнын VII Конгрессинин концепциясын жана программасын, Самарканд декларациясынын долбоорун, конституциялык сот адилеттигин санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу, ошондой эле эл аралык форумду даярдоодо мындан ары координациялоо маселелерин талкуулашты.
Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар Самарканддагы иш-чаралардын жүрүшүндө кароого сунушталуучу негизги документтерди мындан аркы даярдоо жана жеткире иштеп чыгуу планын макулдашты.
23.06.2026
2026-жылдын 26–28-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Юристтер күнүнө арналган II Конституциялык окуулар өтөт. Быйылкы илимий-практикалык форумдун башкы темасы адамдын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык кепилдиктери, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жана калктын социалдык жактан аярлуу башка категорияларынын укуктарын камсыз кылуу маселелери болот.
Конституциялык окуулар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, эксперттерди жана Казакстандын, Россия Федерациясынын, Түркиянын жана Өзбекстандын жана биздин өлкөнүн практик юристтерин бириктирет. Бул иш-чара улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Катышуучулардын көңүл борборунда сот адилеттигине жеткиликтүүлүк, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана социалдык укуктарды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери болот.
Иш-чаранын алкагында пленардык жыйын жана тематикалык панелдик талкуулар өткөрүлүп, анда илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, практикалык тажрыйба жана дүйнөнүн тездик менен өзгөрүп жаткан шартында адам укуктарын коргоонун заманбап ыкмалары сунушталат.
Конституциялык окуулар конституциялык өнүгүү, сот адилеттиги жана адам укуктарын коргоо жаатында тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды иштеп чыгуу жана кесиптик кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети тарабынан өлкөдөгү юридикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган алдыңкы жогорку окуу жайлардын уюштуруучулук колдоосунда, ошондой эле БУУӨПтүн жана «Кыргызстандын юристтери», «Кыргызстандын социалдык иш мектептеринин ассоциациясы» коомдук бирикмелеринин техникалык колдоосу астында уюштурулууда.