Бүгүн Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү – 2-фаза» долбоору тарабынан Андраш Шайо жана Рената Уитцтин «Эркиндик конституциясы» аттуу китеби тапшырылды. Китеп конституционализм табиятынын илимий-доктриналык изилдөөсүн чагылдырып, окурмандарга эмне үчүн конституционализм экендигин – идея жана практика катары конституционализм гана автократияга каршы коомдун жана инсандын башкы коргоочусу болуп саналаарын көрсөтүү максатын койгонАвторлор юридикалык констиуционализмдин пайда болушун жана андан кийинки эволюциясын изилдеп, мамлекет жарандардын эркиндигине шек келтирбестен, алардын коопсуздукка болгон коомдук суроо-талабын кантип канааттандыруусу керек экендигине талдоо жүргүзөт. (more…)






