
«Сотко ишеним» USAID-IDLO программасынын алкагында тейлөө жабдыктарын өткөрүп берүү салтанаты Конституциялык палатада болуп өттү. (more…)
«Сотко ишеним» USAID-IDLO программасынын алкагында тейлөө жабдыктарын өткөрүп берүү салтанаты Конституциялык палатада болуп өттү. (more…)
Конституциялык палата санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактануу менен мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөчө кырдаал режиминде өз ишин улантып жатканын билдирет. (more…)
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү алдында Конституциялык палатанын төрагасы К.Дуйшеев менен жолукту. (more…)
Учурдагы жылдын 24-апрелинде Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Казахстан Республикасында президенттин институтунун негизделгенинин 30-жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты. (more…)
Конституциялык палатанын судьялары Кыргыз Республикасынын аймагында таажывирустун жайылышына тынчсыздануусу терең жана ушул вируска каршы күрөшүп жаткан жана биринчи катарда турган адамдарды терең урматтайт. Ушуга байланыштуу, ушул илдетке каршы күрөштү колдоо максатында Таажывируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бетэсебине өзүлөрүнүн бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алышты.
Конституциялык палата 2020-жылдын 18-мартында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын салуу жөнүндө чечимдери даттанууну жокко чыгарат, ал арыздануучунун пикири боюнча кодуланбоонун конституциялык принцибинин, ошондой эле ар кимдин соттук коргонууга укугунун бузулушуна алып келет дейт. (more…)
Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Ар бир адамдын турмушуна Конституция таасирин кантип тийгизет?» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт. (more…)
Конституциялык палата 2020-жылдын 11-мартында Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан токтомду Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты. (more…)
Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев ушул күндөрү (учурдагы жылдын 5-6-марты) Самаркандда өткөрүлүп жаткан судьялардын Экинчи Борбордук-Азиялык диалогунун ишине катышууда. (more…)
Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнѳ карата Конституциялык палатада ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп ѳттү. (more…)
Учурдагы жылдын 3-мартында Конституциялык палатанын судьяларынын жыйналышында Ч.О. Осмонова судья-катчы болуп шайланды. (more…)
Бүгүн, 2-мартта, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Дыйканбаев Конституциялык палатанын жамаатын кайрадан судья болуп шайланган М.Р. Бобукеева жана М.Ш. Кысымалиев, ошондой эле судья Л.П. Жумабаев менен тааныштырып, аларга ийгилик каалап кетти. (more…)
Бүгүн, 2020-жылдын 21-февралында, Конституциялык палатада эл аралык эне тил күнү белгиленди. (more…)
Бүгүн, 2020-жылдын 6-февралында, Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеев «Кыргыз Республикасындагы укуктун үстѳмдүгү – 2-фаза» Программасынын жетекчиси менен жолугушту. (more…)
Учурдагы жылдын 21-январында Конституциялык палатада 2019-жыл ичиндеги ишмердиктин жыйынтыктары боюнча судьялардын жана Аппарат кызматкерлеринин жылдык жыйыны өткөрүлдү. (more…)
Бүгүн, 20-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Л.Жумабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 18-декабрында Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган К.Кыдырбаевди соттун жамааты менен тааныштырды. (more…)
Бүгүн, 12-декабрь күнү, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери жана коомдук жардамчылары Конституционализм мектебине катышты.
Иш-чара «Адилет Укуктук Клиникасы» коомдук фондунун конституциялык сот адилеттиги боюнча долбоорунун колдоосу менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулду.
Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Конституционализм мектебин ачып жатып, бул орган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында негизги жана пайдубал институттарынын бири деп белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу, ушул органдын кызматкерлери Конституционализм мектебинин угуучулары болуп санааларын баса белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө судьялар Конституциялык палатанын мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда орду жана ролу, анын ыйгарым укуктары, Конституциялык палатага кайрылуунун жалпы талаптары, Конституциялык палатада ишти кароонун өзгөчөлүктөрү, талашылып жаткан ЧУАнын конституциялуулугун баамдоодо конституциялык контролдоо органдарынын ыкмалары, Конституциялык палатанын чечимдеринин юридикалык күчү жана аларды аткаруу механизмдери жөнүндө катышуучуларга айтып беришти.
Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар берилди.
Бүгүн, 9-декабрь күнү өлкөнүн сот тутумунун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Аталган мааракелик күндүн урматына Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. (more…)
Бүгүн, 28-ноябрь күнү, Бишкекте экстрадиция жана күч колдонуп чыгаруу жаатындагы эл аралык-укуктук жана конституциялык стандарттар боюнча региондук семинар болуп өттү.
Семинар Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы БУУ Башкармасынын, Кыргызстанда адам укуктарынын боюнча БУУнун Региондук башкармалыгынын, ошондой эле Юристтердин эл аралык комиссиясынын демилгеси менен Конституциялык палата тарабынан уюштурулган.
Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Э.Осконбаев иш-чаранып ачып жатып, бул региондук семинар адамдарды жана жарандарды барган өлкөдүн экстрадициялоодо жана күч колдонуп чыгарууда, алардын пайдубал укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелерин талкулоо максатында уюштурулганын белгилеп кетти. Төраганын орун басарынын пикири боюнча экстрадиция жана күч колдонуп чыгаруу институту мамлекеттик эегем укуктарынын жана адамдын пайдубал укуктары менен эркиндиктеринин кандайдыр бир симбиозу, ал жерден ар биринин кызыкчылыктарын коргоодо эки жакка тең калыс жана кылдат болуу зарыл. Ошон үчүн, төраганын орун басары белгилегендей, ушул семинар эл аралык укуктук актылардын ченемдерин улуттук мыйзамдары менен салыштырууда колдонуу практикасынын болгон маселелерин талкуласа болот.
Негизги баяндамачылар катары атайын чакырылган коноктор – Милан шаарынын (Италия) аймактык сотунун судьясы Елена Масетти Заннини, Словениян юстиция министринин кеңешчиси Весна Павлич Пивк, Юристтердин эл аралык комиссиясынын улук укук кеңешчиси Массимо Фриго жана БУУ БКБ улуттук координатору М. Хакимов чыгып сүйлөштү. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө Конституциялык палатанын судьясы Ч.Айдарбекова «Кыргыз Республикасында экстрадиция институтунун конституциялык-укуктук негиздери» темасында баяндама жасады.
Жалпысынан, семинарда экстрадция жана күч колдонуп чыгаруу маселелеринде эл аралык стандарттар жана европалык мамилелер, ушул процесстерде судьяларды ролу жана бул чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды.
Учурдагы жылдын 4-5-ноябрында Конституциялык палатанын төрагасынын биринчи орун басары Э.Осконбаев жана судья Ч.Айдарбекова Кытайдын атайын административдик аймагында (Гонконг) өткөн Эл аралык соода укугу боюнча БУУ Комиссиясынын 3-Азия-Тынч деңиз сотунун саммитинин (UNCITRAL) ишине катышып келишти. (more…)