Меню навигации+

Жаңылыктар

15.10.2020

2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты. (more…)

01.10.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 30-сентябрында Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү боюнча  ишти карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен айтылган талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

17.09.2020

2020-жылдын 16-сентябрында Конституциялык палата С.А. Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

11.09.2020

Бишкекте учурдагы жылдын 10-11сентябрында «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү. (more…)

04.09.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. (more…)

27.08.2020

 

 

26.06.2020

Урматтуу юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

 

Өзүңөргө маалым болгондой, КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы № 272 токтому менен ар жылы июндун акыркы жумасындагы жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын Юристтин кесипкөй күнү деп белгиленген. (more…)

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын 30-жылдыгына жана Украина Конституциясынын 24жылдыгына арналган онлайн-конференцияга катышты. (more…)

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын судьясы М.Р. Бобукеева жана Конституциялык палатанын Аппаратынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы К.Д. Алыбаев адам укуктары боюнча немис институту уюштурган «Европада укуктун улуктугун камсыз кылуу» онлайн-конференциясына катышышты. (more…)

19.06.2020

 

Ж.А. Шаршеналиевдин судья болуп шайланганына жана кворумдун болгондугуна байланыштуу Конституциялык палата иштерди кароого киришип, 2020-жылдын 18-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемди КР Конституциясына карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

08.06.2020

Бүгүн, 8-июнь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги өкүлү К.С. Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан учурдагы жылдын 4-июнунда 7 жылдык мөөнөткө Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланган Ж.А. Шаршеналиевди Конституциялык палатанын жамаатына тааныштырып кетти. (more…)

24.04.2020

Учурдагы жылдын 24-апрелинде Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Казахстан Республикасында президенттин институтунун негизделгенинин 30-жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты. (more…)